Калып:Портал:Бишкек/Кириш сөз

Википедия дан

БишкекКыргыз Республикасынын саясий, экономикалык, илимий, өнөр жай жана маданий борбору жана өлкөдөгү эң ири шаары. Өзгөчө бир административдик бирдиги. 1878-жылы негизделген. Аянты 12,7 миң га. Калктын саны - 874,4 миңге чукул (2012). Бишкек шаарында 4 адм.-айм. бирдик — Биринчи Май, Ленин, Октябрь, Свердлов райондору, Чоңарык шаарчасы (8,2 миң адам) жана Ортосай айылы (4,5 миң адам) бар. Кыргыз Республикасынын түндүк тарабындагы, Чүй өрөөнүндө, Теңир-Тоонун астында, Кыргыз Ала-Тоосунун этегинде, Казакстан чек арасынан 25 чакырымдык алыстыкта жайгашкан. Шаар аймагы 127,3 чарчы чакырым түзөт. Бишкек деңиз деңгээлинен 700-940 метр жерде жайгашкан.