Калып:Портал:Ислам/Тандалган инсан

Википедия дан

Мухаммед пайгамбар (араб. محمد, туулган убагы: 22-апрель, 571-жылы (же 570-ж.), рабиүль-Аввал айынын 12синде, дүйшөмбү күнү, күндүн чыгышына аз калганда, Меккеде — өлгөн убагы: 632-ж., 8-июнь, Мадинада) — Ислам дининин пайгамбары. Ислам ишеними боюнча, Кудай Мухаммед пайгамбарга ﷺ ыйык китеп болгон Куранды түшүргөн. Андан тышкары саясий инсан, анын ﷺ башкаруусунун натыйжасында Араб жарым аралындагы күчтүү жана жетишээрлик чоң мамлекетке айланган умма мусулмандар жамаатынын негиздөөчүсү жана башчысы.

Мухаммед пайгамбардын ысмынын арабча жазылышы
Мухаммед пайгамбардын ысмынын арабча жазылышы

Пайгамбарлык 40 жашында келген. 63 жашында бул дүйнөдөн өткөн. "Мухаммед" деген ысым "Макталган", "Мактоого татыктуу" деген маанини билдирет. Исламда Мухаммед пайгамбар ﷺ Элчи, Расул, Мустафа, Махмуд, Башир (Элчи), Надир (Эскертүүчү), Мудаккир (Эске салуучу), Шахид, Да'и (Аллахга жакындатуучу) деген ысымдар менен да белгилүү. Куранда Мухаммед пайгамбар ﷺ кээде «Ахмад» деп да аталат (61:6 сүрөсү) (араб. أحمد). Кыргыздарда анын ысмы ﷺ Муккамбет, Мамбет, Мамат түрүндө өзгөрүп, адамдарга ысым катары коюлуп келген.

Мухаммед пайгамбардын аты аталган кезде жана жазылганда артынан ар дайым «Салла-Ллаху ъалайхи уа саллам» (араб. صلى الله عليه وسلم‎‎) — деп айтылат.

(толугураак)