Калып:Булактар

Википедия дан
Калып:Reflist‎»‎ барагынан багытталды)

Бул калып <ref> библиографиялык эскертүүлөрдү макалаларда көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Колдонуу

  • Эгерде макаланын аягында колдонулган булактар бөлүмү жок болсо, анда жаңы абзацтан == Колдонулган булактар == жазылып, колдонулган булактар аталышында бөлүм ачылышы керек.

Аталыштын астына {{Булактар}} калыбын кошуңуз. Болбосо, сиз макалага кошкон булактарыңыз, шилтемелериңиз беттин аягында чыкпайт жана барактын аягында автоматтык түрдө колдонулган булактар кошулбаганы тууралуу ката жазуусу кошулат.

  • Кандайдыр бир интернет сайтына же болбосо жазуу түрүндөгү бир адабиятка (китеп, газета ж.б.) сүйлөмдүн аягында шилтеме, колдонулган адабият катары көрсөтүү үчүн, чекиттен кийин <ref>булакка шилтеме</ref> коюу кодун колдонуңуз. Мисалы:
Алма (лат. Malus) - роза гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, күбүлмө жалбырактуу мөмөлүү дарак.<ref>“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.</ref>

Өзгөртүүлөр жарылангандан кийин бул сүйлөм төмөндөгүдөй көрүнөт.

Алма (лат. Malus) - роза гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, күбүлмө жалбырактуу мөмөлүү дарак.[1]

Жогорудагы мисал "Колдонулган булактар" бөлүмүндө төмөндөгүдөй көрүнөт:

Колдонулган булактар
  1. “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.
Эскертүү: Эгерде сиз колдонулган булактар бөлүмүндөгү сандардын жанындагы (^) көк жебени бассаңыз, сизди текстте тиешелүү булак кошулган сүйлөмгө алып барат.