Мазмунга өтүү

Калып (этнографияда)

Википедия — ачык энциклопедия

Калып (этнографияда) — жасалуучу, куюлуучу ар кандай нерсенин же буюмдун түрүн түшүрүү үчүн колдонулуучу үлгү, кеп. Калып көбүнчө зергерчиликте кеңири тараган. Зергерлер күлбото топуракка жүн, тыбыт жа кылтак кошуп аябай ийлеп, чөйчөкчө кылып кургатып, ага ар кандай оймо-чийме түшүрүп, калып жасашкан. Ат жабдыктарын, кемер кур, кызкелиндердин асем буюмдарын жана башка жасаш үчүн түстүү металлдарды куюуда кеңири колдонушкан. Ортосунда ар кандай чоңдуктагы бир нече ок куюулуучу чуңкурлары бар жиксиз беттелүүчү эки бөлөк жалпак май таш — ок калып же калып таш, тактайдан чарчы түрүндө жасалып, кыш, көң куюлса, кыш же көң куюучу калып деп аталат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]