Кальций карбиди

Википедия дан
Кальций карбиди.

Кальций карбиди, CaC2 – кальций менен көмүртек бирикмеси. Таза К.к. түссүз, тыгызд. 2,2 г/см3, эрүү t 2300оС. Суу менен реакцияга кирип, ацетиленди пайда кылат (Кучеров реакциясы): CaC2+2H2O=C2H2+Ca (OH)2 Темп-ранын таасиринде азот менен аракеттенишкенде кальций цианиди алынат: CaC2+N2 =Ca (CN) 2 К. к-н алуудагы негизги сырье акиташ жана антрацит же кокс. Aл 1900-1950оС электр мешинде ысытуу менен төмөнкү реакция боюнча алынат: СаО+3С= СаС2+СО К.к. ацетилен, кальций цианидин алууда, щелочтуу металлдар калыбына келтирүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]