Каман алп

Википедия дан

Каман алп — мифтик каарман."Манас" эпосунда дайыма Китен алп, Кутан алп, Манжуу алп сыяктуулар менен бирге жолугат. "Кайчы кулак Каман алп" (Сагымбай Орозбаков, 3. 99, 107;Саякбай Каралаев, 1. 80) да "куман" ("коман") этноними менен байланыштуу деп айтууга негиз бар.

К. а. Сагымбай Орозбаковдун вариантында жезтумшук чыңыроо калкынын алпы делет. Көкөтөйдүн ашына чакыртылып, ашка башка алптар менен бирге келгени айтылат: "Дөөкүрсүгөн Чоюн алп, Жору куйрук Жоон алп, Кайчы кулак Каман алп, Киндиги темир Китен алп Жезтумшуктун уругу, Жергеси бөлөк бу бир калк" (Сагымбай Орозбаков, 3. 99, 107). Саякбай Каралаевдин варианты нда дөөлөр менен согушуп Жолой "Кулагы темир Кутан алп, Маңдайы темир Манжуу алп, Киндиги темир Китен алп, Карагер минген Казан алп, Кайчы кулак Каман алп" бешөөнү байлап алып, эл кылат (Саякбай Каралаев, 1. 80). Ошол эле учурда К. а. шибээ журтунун алпы делет. Манасты байлап келүүгө Эсенкан Жолой менен Дөңгөнү баш кылып Чоң Дөөдүрдү, Жоон алп менен К. аты кошуп жибергендеги согушта Манастын колунан өлөт (Саякбай Каралаев, 1. 102 — 103).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4