Камар сүрөсү

Википедия дан

54-сүрө «Камар[1]»[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Меккеде түшүрүлгөн. Элүү беш айаттан турат.
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Убакыт[2] жакындады да, Ай жарылды.[3]
  • 2. Алар белгини[4] көрүшүп, тескериленип: «(Бул) үзгүлүтүксүз сыйкырчылык!» – дешет.
  • 3. жалганга чыгарып, наспилерин ээрчишти. (Анткен менен) ар нерсенин өз орду бар.
  • 4. Чындыгында, аларга аларды тыйа турган кабар келген эле,
  • 5. анда жеткиликтүү даанышмандык (бар). Бул эскертүү да пайда берген жок[5].
  • 6. [6]Алардан жүз үйрү! Чакыруучу[7] бейтааныш нерсеге чакырган Күнү[8].
  • 7. Алар көздөрү[9] корккон абалда мүрзөлөрдөн жайылган чегирткелер сыйактуу болуп чыга келишет.
  • 8. Чакыруучу[10] тарапка умтулуп, каапырлар: «Бул – оор Күн!» – дешет.
  • 9. Алардан мурда да Нухтун коому жалганга[11] чыгарышкан: Пендебизди[12] «жалганчы», «жинди», – деп айтышкан жана ал тыйылып калган[13].
  • 10.Ал Эгесине: «Мен, акыйкатта, жеңилдим[14]. Жардам бер» – деп жалбарды.
  • 11.Асман эшиктерин нөшөрлөгөн жамгыр менен ачтык[15].
  • 12.Жерди жарып булактарды (чыгардык). Ошондо суулар мурда эле аныкталган[16] буйрук бойунча биригишти[17].
  • 13.Аны[18] тактайлуу жана мыктуунун үстүндө[19] алып жүрдүк.
  • 14.Биздин көз алдыбызда тыйылганга[20] сыйлык болуп сүзүп баратты[21].
  • 15.Чындыгында, Биз аны эскертүү катары[22] калтырдык. Андан сабак алуучу барбы?
  • 16.Азабым жана эскертүүм кандай болду!?
  • 17.Чындыгында Биз Куранды эске тутууну жеңил кылдык. Андан үлгү алуучу барбы?
  • 18.Аад эли[23] жалганга чыгарышты[24]. Менин азабым менен эскертүүм кандай болду!?
  • 19.Биз аларга бактысыз күндө үзгүлтүксүз, заар үндүү бороон жибердик.
  • 20.(Ал бороон) адамдарды[25] тамыры менен кошо омкорулган курма дарагынын сөңгөгүндөй кылып жулуп кетет.
  • 21.Азабым менен эскертүүм кандай болду?!
  • 22.Чындыгында Биз Куранды эске тутууну жеңил кылдык. Андан үлгү алуучу барбы?
  • 23.Самуд эли да эскертүүнү[26] четке кагышкан:
  • 24.Алар: «Арабыздагы бир адамды[27] ээрчийбизби? Андай болсо биз адашууда жана акылсыздык абалында (болобуз).
  • 25.Биздин арабыздан эскертүү[28] бир гана ага түшүрүлдүбү!? Балким ал – жалганчы, текебер» – дешти.
  • 26.Алар жакында ким жалганчы текебер экенин билишет!
  • 27.Албетте, Биз төөнү аларга сыноо үчүн жибердик[29]. Анда сен аларга байкоо салып, [30]сабыр кыл.
  • 28.Суу[31] – алардын ортосунда бөлүштүрүлүшү керектиги тууралуу кабар жеткир. Ар бир суу ичүүчү[32] өз кезегинде[33] келсин!
  • 29.Ошондо алар[34] жолдошун[35] чакырышты. Ал (болсо) кылычын алып, төөнү өлтүрдү.
  • 30.Азабым менен эскертүүм кандай болгон?!
  • 31.Биз аларга катуу добуш жибердик эле, алар чарбактын чөп-чарындай болуп сулап калышты[36].
  • 32.Чындыгында Биз Куранды эске тутууну жеңил кылдык. Андан үлгү алуучу барбы?
  • 33.Луттун эли да эскертүүнү[37] четке кагышкан.
  • 34.Биз аларга бороондуу таш жаадырдык. Бирок Луттун үйбүлөсүн эрте таңда[38] сактап калдык.
  • 35.Биз тараптан жакшылык ушул сыйактуу эле ким (Мага) шүгүр кылса, сыйлайбыз.
  • 36.Чындыгында (Лут) аларга келүүчү апаат тууралуу эскерткен болчу. Бирок эскертүүнү жалганга чыгарышты.
  • 37.Чындыгында алар[39] (Луттун) конокторун[40] бузууну[41] ниет кылды. Ошондуктан алардын көздөрүн сокур кылып салдык: (Мына эми) азабымдын жана эскертүүмдүн даамын таткыла!!!
  • 38.Таң эрте менен алар түбөлүктүү азапка кабылышты.
  • 39.(Мына эми) азабым менен эскертүүмдүн даамын таткыла!!!
  • 40.Чындыгында Биз Куранды эске тутууну жеңил кылдык. Андан үлгү алуучу барбы?
  • 41.Чындыгында фараондун үй бүлөсүнө эскертүү келди.
  • 42.Кереметтерибиздин баарысын алар (фараондор) жалганга чыгарышты. Ошондо аларды абдан катуу кармоо менен[42] кармадык.
  • 43.Тигилердин каапырларына[43] караганда силердин каапырларыңар жакшыбы, же силер үчүн китептериңерде[44] тосмо[45] барбы?
  • 44.Же алар: «Биз жеңүүчү жамаатпыз жана жеңишке[46] жетебиз», –дешеби?
  • 45.Алардын тобу кыйроого учурайт жана артын көздөй качышат.
  • 46.Жок! Анткени, Кыйамат – аларга убада кылынган (азап). Кыйамат – мындан да оор жана ачуу!
  • 47.Чындыгында, ыймансыздар адашууда жана жалындуу Отто (болушат).
  • 48.Кыйамат Күнү жүздөрү менен Тозокко ташталып: «Тозоктун даамын таткыла!» – (деп айтылат).
  • 49.Чындыгында биз баарын өлчөм менен[47] жараттык.
  • 50.Биздин буйругубуз бир көз ирмемдик сыйактуу[48].
  • 51.Чындыгында, силерге окшогондорду жок кылдык. Андан үлгү алуучу барбы?
  • 52.Алар жасаган ар нерсе китепте[49] (бар).
  • 53.Ар бир чоң жана майда иштер[50] (жазылган).
  • 54.Чындыгында такыбалар Бейиштерде жана өзөн жакаларында,
  • 55.Кудуреттүү Падышанын[51] алдындагы чыныгы орундарда (болушат).
  • [1] Камар – Ай
  • [2] Кыйамат
  • [3] Экиге бөлүндү (Айдын экиге бөлүнүшү бул – Кыйамат кайымдын башталышынын белгиси)
  • [4] Алланын кереметин көрсө
  • [5] каапырларга
  • [6] Эй Мухаммед!
  • [7] Кыйамат Күнү адамдарды суракка чакыруучу периште
  • [8] Кыйамат Күнү
  • [9] адамдар
  • [10] периште
  • [11] Кыйаматтын болоорун
  • [12] Нухту
  • [13] үгүтүн жүргүзө албай калган
  • [14] каапрылардан
  • [15] нөшөрлөтүп жамгыр төктүк
  • [16] Лавхул Махфузда жазылган
  • [17] Биригип, Улуу Топон сууга айланды
  • [18] Нухту (а.с.)
  • [19] кеменин үстүндө
  • [20] Нухка (а.с.)
  • [21] Нухтун (а.с.) кемеси
  • [22] келечек муундарга
  • [23] Худ (а.с,)дын эли
  • [24] Алланын жалгыздыгын, Кыйаматтын болорун жана Худдун пайгамбарлыгын,
  • [25] ошол шамал
  • [26] Алланын жалгыздыгы, кыйамат жана Салихтин пайгамбарлыгы тууралуу чындыкты
  • [27] «пайгамбар эмес, катардагы эле жөнөкөй бир адамды» – дешкени
  • [28] айан
  • [29] жараттык
  • [30] алардын жамандыктарына
  • [31] Самуд эли менен ошол төө бир кудуктан кезектешип суу ичиши, адамдар сууну кызганып төөнү өлтүрбөшү керектиги Алла Таала тарабынан эскертилген
  • [32] төө жана адамдар
  • [33] Кудуктан суу ичүү үчүн
  • [34] Самуд эли
  • [35] дагы бир «баатырын» чакырып
  • [36] Катуу үндөн жүрөктөрү жарылып, ар кимси турган жерлеринде дароо жан беришти
  • [37] Алланын жалгыздыгы, кыйамат жана Луттун пайгамбарлыгы тууралуу чындыкты
  • [38] Луттун үй бүлө мүчөлөрүнүн ыйман келтиргендери шаардан чыгып кетишкен соң, шаарда таш учурган катуу бороон болгон
  • [39] каапырлар
  • [40] периштелерди
  • [41] каапырлардын колуна өткөрүп берүүнү
  • [42] б.а. жаза менен жазаладык
  • [43] Мурда аталып өткөн коомдордун каапырларына
  • [44] Забурда
  • [45] амандык убада кылынганбы
  • [46] сөзсүз
  • [47] ашык-кеми жок, кынтыксыз кылып
  • [48] тездикте ишке ашат.
  • [49] Амал китебинде
  • [50] Амал китебинде
  • [51] Алланын