Камбари (эл)

Википедия дан

Камбари (эвади, камбери, камбали, камберава, яури) — Нигериядагы эл. Буса шаардын чыгышында, Кадуна жана Нигер дарыялардын ортосунда жашайт.
Камбари элинин курамына кирген субэтникалык топтор: «агадим», «ауна», «аригида», «ашингинни», «вара», «ибето», «н'гаски».
Саны 250 миң адам.

Тил

Эне тили — камбари (камбери, эвади, ашингинни). Камбари тили Нигер-конго макробүлөсүнүн бенуэ-конго уясына кирет. Тил бир нече диалектилерге бөлүнөт.

Дин

Калктын бир бөлүгү — мусулмандар (сүннөттөр).
Калгандары жергиликтүү салттуу ишенимдерди (ата-бабаларга жана жаратылыш күчтөрүнө сыйынуу) карманышат.

Чарбалык иштер

Негизги кесиптери кол менен иштетилген жер чарба (жүгөрү, сорго, таруу), малчылык (ири мүйүздүү мал) жана балык уулоо болуп эсептелет.

Кол өнөрчүлүк

Карапачылык, темир устачылык, жыгач оюм.

Турак жай

Алар чатыры конус түрүндөгү саман менен жабылган тегерек жыгач алачыкта жашашат.

Салттуу кийим

Эркектердин кийими шым жана кыска кепка, аялдардын — жалбырактан тигилген юбка.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]