Камбыл (топоним)

Википедия дан

Камбыл (топоним)топоним."Манас" эпосунда өзүнчө кандыкка ээ шаар, кээде өлкө, жер катары да айтылат. Алтайдагы Жакыптын жылкысына тийген калмактарды Манас К-дан талкалап, башчысы Домабилди өлтүрөт. Согушта тирүү калган калмактар К-га кире качып кутулат (Сагымбай Орозбаков, 1. 148), Манасты байлап алып кетүү үчүн келип ажал тапкан он бир дуу-дуунун бири К-дан болот (Сагымбай Орозбаков, 1. 219). Манас казат жарыялап Чоң казатка аттанар алдында сарамжалдууКаныкей кырк чорого арнап жасап кийгизген чопкуттардын (ок өтпөй турган жоо кийим) "кымбат баа кырмызы" материалы К-дан атайын алынган (Сагымбай Орозбаков, 4.92).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4