Настя Каменских

Википедия дан
Каменских Анастасия Алексеевна‎»‎ барагынан багытталды)
Настя Каменских
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

укр. Анастасія Олексіївна Каменських

Толук ысымы

Анастасия Алексеевна Каменских

Өлкө

 Украина

Кесиптери

ырчы, актриса , Калып:Телеалпаруучу

Жанрлары

заманбап ритм-н-блюз, хип-хоп, поп

Жамааты

Потап жана Настя

Настя Каменских , Лакап аты NK (укр. Анастасія Олексіївна Каменських жана НК; төр. 4-май 1987, Киев, Украина) — Украиналык ырчы, актриса жана Телеалпаруучу.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1987-жылы 4-майда Киевде жарык дүйнөгө келген. Апасы Улуттук академиялык хордо ырдаган. Ал эми атасы волейбол боюнча "Динамо" курама командасынын капитаны болгон. Настя 5 жашында атайын долбоордун негизинде Францияга барган. Бирок ал жактын жашоо шартына көнө албай мекенине кайтып келген. 7 жашка чыкканда Италия мамлекетине жарым жылга барып билим алып турган. Анастасия Каменскихтин бир туугандары болгон эмес. Чыгармачылык менен 6 жашынан тарта алектене баштаган. Тагыраагы, музыкалык мектептин фортепиано классында окуп, 14 жашында мектепти аяктаган. Андан соң Украинадагы №56-мектепте билим алуусун улантат. Орто мектепти аяктагандан кийин 2004-жылы Украина-америкалык гуманитардык институтуна тапшырып, экономика багыты боюнча жогорку билимге ээ болот. 2006-жылы "Потап жана Настя" дуэти түзүлүп, Анастасия Каменских анда ырдап калгандан кийин болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди багындыра баштайт. 2008-жылы ырчылар "Кызыл топучан" ("Красная шапочка") музыкалык тасмасына тартылышкан. Мындан тышкары алар кечелерде жана башка салтанаттуу иш-чараларда алпаруучулук кызматты аркалап келишет.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ырчы студент кезинде Владимир Дятлов аттуу жигит менен таанышып, сүйүү мамилесин курган. Көп өтпөй сүйүктүүсү Киев шаарынан башка аймакка окуу боюнча которулуп кетип, экөө бири-биринен алыстай түшкөн. Анастасия Каменскихтин өзү менен чогуу ырдаган Потап менен сүйүү мамилесинде экени, жакында экөөнүн үлпөт тою боло турганы эл арасында, айрым басылмаларда айтылып келет. Бирок ырчылар бул тууралуу эч кандай маалымат беришкен эмес.

Кызыктуу маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2017-жылы ырчы "NK" деген каймана ат менен жеке карьерасын баштап, "Это моя ночь", "Дай мне" аттуу ырларын чыгарган.
  • 2009-жылы "Viva!" журналынын версиясы боюнча Украинанын эң ажарлуу айымы деп табылган.
  • "Playboy" жана "Maxim" журналдарынын жүзү болгон.
  • "M1" каналында "Guten Morgen!" берүүсүнүн алып баруучусу.
  • 2016-жылы "Рассмеши комика. Дети" долбоорунун алып баруучусу.
  • 2017-жылы "X-Фактор" долбоорунун 8-сезонунда калыстар тобунун мүчөсү.
  • 2017-жылы "NKsport" деген спорттук кийимдер брендин ачкан.
  • 2014-жылдан бери "Русская Радиосунда" автордук шоуну алып барат.