Камиказе

Википедия дан
Камикадзе‎»‎ барагынан багытталды)

Камиказе (жапончо 神風 Кудай шамалы) — жапониялык учкуч-жанкечтилер. Камиказе экинчи дүйнөлүк согушта (1939—45) душман кемелерине каршы колдонулган. Эң биринчи камиказе. 1944-жылы 16-ноябрда учуп чыккан. Колдонулган бардык мезгилде камиказе айдаган 5 миңден ашык самолёт учурулуп, алар 45 аскер кемесин чөктүрүп, 300үн катардан чыгарышкан. Бул максатта адегенде эски самолёттор (жарылгыч заты 1600 кгга чейин) колдонулса, 1944-жылы ноябрдан атайын «Накаджима» КИ-115 самолёту, «Ока» («Чие гүлү») снаряд самолёту (2 T га чейин) чыгарылган. Самолёт чектелген радиуста учкан. Согуш учурунда 2500дөн ашык учкуч-жанкечтилер каза болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]