Каминг-аут
Каминг-аут, ка́мин-а́ут, ка́минг а́ут, (англисче coming out of the closet сөз айкашынан алынган) — бул адамдын өзүнүн сексуалдык артыкчылгын же гендердик идентүүлүгүн ачык жана өз каалосу менен билдирүүсү, же ошол билдирүүнүн натыйжасы. Башкача айтканда, адамдын өзүн ЛГБТК+ коомчулугунун мүчөсү катары таанышы жана башкаларга ачык айтышы.
«Каминг-аут» термини негизинен лесбиян-аялдарга, гей, бисексуал жана трансгендер (ЛГБТ) адамдарга карата колдонулат. Бул — адам өзүнүн сексуалдык артыкчылгын же гендердик идентүүлүгүн башкалардан жашырбай, ачык айта баштаган учурду билдирет.
«Каминг-аут» деген сөз айкашы түздөн-түз англис тилиндеги coming out дегенден алынган. Ал coming out of the closet («шкафтан чыгуу») деген туруктуу сүйлөмдөн кыскарган — бул “жашыруудан чыгуу” же “өзүн ачык көрсөтүү” деген маанини берет.
Аутинг (англ. outing) — бул адамдын сексуалдык артыкчылгы же гендердик идентүүлүгү тууралуу маалыматты анын уруксаатысыз ачыкка чыгаруу, жана камиң-ауттай адамдын өз алдынча чечими болуп эсептелбейт.
Аутинг — адамдын жеке жашоосуна тиешелүү маалыматты анын уруксатысыз жана макулдугусуз коомчулукка жарыялоо, жана мындай аракеттер мыйзам бузуу катары да каралышы мүмкүн.
Мындай учурлардын натыйжасында адамдардын сексуалдык артыкчылгы же гендердик идентүүлүгү тууралуу пикирлер алардын коомдук же кесиптик турмушуна таасир этип калышы мүмкүн. Аутинг кээде атайылап адамды жаман көрсөтүү, анын коомдогу аброюна шек келтирүү же кесипкөйлүгүнө күмөн жаратуу максатында колдонулушу мүмкүн.
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Каминг-аут түшүнүгү алгач 1869-жылы немис юристи, журналисти жана азчылык топтордун укуктарын коргоочу Карл Генрих Ульрихс тарабынан сунушталган. Ал бул түшүнүктү эмансипациянын (эркиндикке чыгуу) бир түрү катары караган.
Ульрихстин ою боюнча, азчылык топтордун жашыруун жашоосу алардын коомдук пикирге тийгизе турган таасирин төмөндөтөт, ошондуктан ал гомосексуалдуу адамдарды өзүн ачык көрсөтүүгө — каминг-аут жасоого чакырган.
1906-жылы терапевт Иван Блох (Iwan Bloch) «Биздин доордун жыныстык жашоосу жана анын заманбап цивилизация менен байланышы» аттуу эмгегинде гомосексуалдуу улгайган адамдарды өз үй-бүлөсүндөгү жана тааныш чөйрөсүндөгү гетеросексуалдуу адамдарга карата каминг-аут жасоого чакырган.
Америкада каминг-аут жасаган алгачкы белгилүү адамдардын бири — акын Роберт Данкен (Robert Duncan) болгон. Ал 1941-жылы армияга чакырылган соң өзүнүн сексуалдык артыкчылгы тууралуу ачык билдирип, жакында эле камиң-аут жасаганына байланыштуу армиядан бошотулган.
1944-жылы ал “Politics” аттуу анархисттик журналда өзүнүн чыныгы аты-жөнү менен макала жарыялап, анда гомосексуалдуу адамдар куугунтукка алынган коомчулук экенин ачык айткан.
Камиң-аут процесси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эрик Эриксон өзүнүн эмгектеринде адамдын психологиялык өнүгүүсү сегиз этаптан турарын жана ар бир этапта адам белгилүү бир ички маселени чечерин көрсөткөн.
Анын айтымында, психикалык ден соолукту камсыз кылуу үчүн, сексуалдуулукту өзүнүн «Мен» образына кошо толук кабыл алып, аны менен интеграциялоо өтө маанилүү. Муну Эриксон адам менен коомдун ортосунда жүргөн татаал өз ара таасирден турган процесс катары түшүндүргөн.
Бул ишти талдаган психотерапевт Доминик Дэвис мындай жыйынтыкка келген: «Гомофобия күчтүү болгон коомдо гей жана лесбиян адамдардын өздүгүн түзүү процесси гетеросексуал адамдардыкынан көп жагынан айырмаланат. Ошондуктан алардын психикалык өнүгүүсү — коом тарабынан стигмаланган сексуалдуулукту өз «Мен» образына камтуу дегенди билдирет».