Камчыбеков Табылды

Википедия дан

Камчыбеков Табылды 1920-жылы азыркы Сузак районундагы Багыш айылында туулган.

  • Толук эмес орто мектепти бүткөндөн кийин, Фрунзе шаарындагы зооветеринардык окуу жайына тапшырып, 1939-жылга чейин окуйт.
  • 1939-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылат.
  • Нарын чек ара заставасында кызмат өтөп жүргөндө, Улуу Ата мекендик согуш башталат да, ошол жерден согушка аттанган.
  • Согушта Белорусия фронтуна туш болот. Бир канча жолу жараат алат, айыгып чыгып кайра эле согушка кирген. Ошентип өз айылына 1947-жылы аман-эсен кайтып келет.
  • Согуштагы каармандыгы үчүн жана бир канча юбилейлик медалдар менен сыйланган. Согуштан келгенден кийин, Ош шаарындагы Педагогикалык институтунун тарых факултетине окууга тапшырып, аны бүтүп келип, ардактуу эс алууга чыкканга чейин мугалим болуп эмгектенген.
  • Иштеп жүргөндө РайОНО, ОблОНО жана Министерствонун ардак грамоталары менен сыйланып, "Эл агартуунун отличниги” наамын алган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3