Канаат хан

Википедия дан
Канаат Ыбыке уулу
Желек
Желек
Кыргыз көтөрүлүшчүлөрдүн ханы
16-июль 1916 — 18-октябрь 1916
Андан мурунку: Ормон хан (Кыргыз хандыгынын ханы)
Андан кийинки: Иманалы Айдарбеков (Кара-Кыргыз ревкомунун төрагасы)
 
Атасы: Ыбыке
Балдары: Касым

Канаат хан, Канаат Ыбыке (орус документтеринде Абукин) уулу (1860, Кочкор өрөөнү – 1916, Верный) – 1916-жылдагы Орто Азиядагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн көрүнүктүү жетекчиси. Саясий ишмердүүлүгү 25 жашында башталып, 1885-ж. Абайылда болуштугунун (Кочкор өрөөнү) башчылыгына шайланган. 1914-ж. өз каражаты менен Талаа-Булакка медресе салдырып, Ыскак деген баласы Уфадагы жогорку окуу жайы «Медресе-и Галияда», кичүү балдарын Пишпектеги гимназияда окуткан. 1916-ж. 25-июндагы падышанын буйругуна ылайык, жергиликтүү элден 19 жаштан – 43 жашка чейинкилерди аскердик-тыл иштерине алуу үчүн, Пишпек уездинин убактылуу начальниги Рымшеевич 6-августта болуш башчыларын жыйнап, жумушка алынуучулардын тизмесин берүүнү талап кылган. Эл акылдашып, аны аткаруудан баш тарткан. Ошол жыйында Канаттын башына чоң ак селде, үстүнө кызыл жибек чепкен, алдына ак боз ат мингизип, хан шайлап, ант беришкен. 10-август күнү Канат хан жана Д. Шыгаев башкарган 3 миң кыргыздар Столыпино (азыркы Кочкор) айылын камоого алышкан. Столыпино бошотулгандан кийин Канат хан 2 миңден ашык кол менен Шамшынын бели аркылуу Чүйгө аттанган. Шамшы, Тынай, Бурана, Нурманбет, ж. б. болуштугу чогулуп, аны экинчи жолу хан көтөрүшөт. Кегети, Подгорный, Сынташ, Кең-Булуң, Эски Токмок (Покровка) ж. б. айылдарын каратып, Жаңы Токмокту курчоого алышкан. Ташкенттен 4 пулемет, 1 замбирекчен жазалоочу отряды (4 рота) жана казак-орус аскер бөлүгү келип, 22-августта Канаттын колун кайра Кочкорго чегинүүгө аргасыз кылган. Бул жерден ага 700 киши менен Көкүмбай Чыны уулу кошулган. 25–26-августта алар Нарындан келе жаткан орус отрядын тосуп, Жоон-Арык, Боз-Бекет жана Кочкордо салгылашкан. Куралы начардыгынан жеңилүүгө учураган көтөрүшчүлөр 5 күндөн кийин Тармал-Сазга чегинген. Ушул учурда Жумгал тараптан келген орус отряды аларды курчоого алып, көтөрүлүшчүлөр аёосуз кырылган. Канат хан Кытайга бара жатып, жазалоого кабылган элден бөлүнбөйм деп кайра кайтып келген. Орус өкмөтү көтөрүлүшчүлөрдү кармагандарга сыйлык берилерин жарыя кылганда Курманов Ыскак (Канат хандын күйөө баласы) жана анын атасы Курман Лепесовдордун жардамы менен 18-октябрда Нарын шаарына жакын жерден туткундалып, Верный шаарында өлүм жазасына буйрулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Егембердиев Ж. Канат хан. Б., 2006; Канат хан, Карыпбай, Күласал. //Учур. 30. 4. 2009; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 2. Б., 1993; Усенбаев К. 1916: Героические и трагические страницы. Б., 1997; Үркүн. //Түз.: Э. Клычев, Н. Капаров