Канада доллары
| Канада доллары (кырг.) | |||
|---|---|---|---|
|
Canadian Dollar (аңгл.) | |||
|
| |||
| Коддор жана белгилер | |||
| ISO 4217 коддору | CAD (124) | ||
| Символдор | $ • CA$ • C$ | ||
| Жүгүртүү чегарасы | |||
| Эмитент | |||
| Туунду жана параллелдүү бирдиктер | |||
| Бөлчөктүү | Цент (1⁄100) | ||
| Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | |||
| Монеталар | 1, 5, 10, 25, 50 цент жана 1, 2 доллар | ||
| Банкноттор | 5, 10, 20, 50, 100 доллар | ||
| Тарыхы | |||
| Киргизилди | 1858 | ||
| Мурда колдонулган валюта | Канада фунту | ||
| Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | |||
| Эмиссиялык борбор | Канада банкы | ||
| www.bankofcanada.ca | |||
| Банкнота өңдүрүүчү | Canadian Bank Note Company | ||
| www.cbnco.com/ | |||
| Акча сарайы | Канаданын падышалык зээрканасы | ||
| www.mint.ca | |||
| Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн | |||
| 1 KGS | = 0,01975 CAD | ||
| 1 USD | = 1,266 CAD | ||
| 1 EUR | = 1,338 CAD | ||
| 1 GBP | = 1,851 CAD | ||
| 1 JPY | = 0,0105 CAD | ||
| Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | |||
| 2025-жылдык инфляция | |||
| Инфляция | 2,4 % (декабрь)[1] | ||
Канада доллары (фр. dollar canadien; англ. Canadian dollar, ISO 4217 коду — CAD, кыскартылган белгиси — $ же C$) — Канаданын 1858-жылдан тартып расмий акча бирдиги. 1 канада доллары 100 центке барабар.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колониялык валюталар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1850-жылдары Канадада акча тутуму боюнча талаш-тартыштар күч алган: британ фунт–шиллинг–пенс (£sd) тутумун кабыл алуу керекпи же АКШ долларына негизделген ондук акча тутумуна өтүү керекпи деген маселе талкууда болгон. Британ Түндүк Америкасындагы провинциялар коңшу АКШ менен соода-сатыктын өсүшүнө байланыштуу турмуштук себептерден улам өз валюталарын америкалык акча бирдигине жакындатууга кызыкдар болушкан. Бирок Лондондогу империялык бийлик Британия стерлингин Британ империясынын аймагындагы жалгыз валюта катары сактап калууну жактаган. Ошого карабастан, Британ Түндүк Америкасынын провинциялары бара-бара АКШ долларына байланган валюталарды кабыл ала баштаган[2][3].
| Канаданын тарыхындагы колдонулган валюталар | |||
|---|---|---|---|
| Валюта | Колдонулган жылдары | Ондук тутумга чейинки фунт стерлинг менен берилген наркы | Канада доллары менен наркы |
| Канада фунту | 1841–1858 | 16s 5.3d | $4 |
| Канада доллары | 1858–азыркы учурда | 4s 1.3d | $1 |
| Нью-Брансуик доллары | 1860–1867 | ||
| Британ Колумбиясынын доллары | 1865–1871 | ||
| Канзаада Эдвард аралынын доллары | 1871–1873 | ||
| Жаңы Шотландия доллары | 1860–1871 | 4s | $0.973 |
| Ньюфаундленд доллары | 1865–1895 | 4s 2d | $1.014 |
| 1895–1949 | 4s 1.3d | $1 | |
Канада провинциясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
1841-жылы Канада провинциясы Галифакс курсуна негизделген жаңы акча тутумун кабыл алган. Жаңы канада фунту АКШнын төрт долларына (92,88 грейн алтынга) барабар болгон[2][3].
1851-жылы Канада провинциясынын парламенти стерлингге негизделген акча бирдигин киргизүү жөнүндө мыйзам кабыл алган (ондук бөлүктөрү бар монеталар менен). Бул идея боюнча ондук монеталар АКШ долларынын бөлчөк монеталарына так дал келиши керек эле.
Британ бийлигинин тынчсыздануусуна жооп кылып, 1853-жылы Канада провинциясынын парламенти колонияда алтын стандартты киргизген. Ал британ алтын соверени менен америкалык алтын игл (eagle) монетасына негизделген. Бул алтын стандарт боюнча алтын соверен мыйзамдуу төлөм каражаты болуп, 1 фунт = 4,86⅔ АКШ долларына тең деп эсептелген. 1853-жылдагы мыйзам монета чыгарууну караган эмес. Британдык стерлинг монеталары мыйзамдуу төлөм каражаты катары таанылып, башка бардык күмүш монеталар жүгүртүүдөн чыгарылган. Британия өкмөтү негизинен ондук монета тутумуна уруксат берген, бирок «роял» деген аталыштагы стерлингдик акча бирдиги тандалат деген ойдо болгон. Ошентсе да, 1857-жылы Канада провинциясында АКШ долларынын негизинде ондук акча тутумун киргизүү чечими кабыл алынган[2].
Натыйжада, 1858-жылы жаңы ондук монеталар жүгүртүүгө чыгарылганда, колониянын валютасы АКШ валютасына шайкеш келген. Ошол эле учурда британ алтын соверени 1 фунт = 4,86⅔ канада доллары курсу менен 1990-жылдарга чейин мыйзамдуу төлөм каражаты бойдон калган. 1859-жылы канада колониялык почта маркалары алгач ирет ондук номиналдар менен чыгарылган. Ал эми 1861-жылы почта маркалары доллар жана цент менен белгилене баштаган[3].
Деңиз жээгиндеги колониялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1860-жылы Нью-Брансуик жана Жаңы Шотландия колониялары Канада провинциясындай эле, АКШ долларына негизделген ондук акча тутумун кабыл алышкан[2].
1871-жылы Канзаада Эдвард аралы да АКШ доллар бирдигине негизделген ондук тутмга өтүп, 1 цент номиналындагы монеталарды чыгара баштаган. Бирок көп өтпөй, 1873-жылы Канзаада Эдвард аралы Канада Доминионуна кошулганда, анын акча бирдиги канадалык тутум менен бириктирилген[3].
Ньюфаундленд
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ньюфаундленд 1865-жылы ондук акча тутумуна өткөн, бирок Канада провинциясынан, Нью-Брансуиктен жана Жаңы Шотландиядан айырмаланып, АКШ долларына эмес, испан долларына негизделген акча бирдигин тандаган. Бул эки доллардын ортосунда бир аз айырма болгон. АКШ доллары 1792-жылы эски испан долларларынын орточо наркына негизделип түзүлгөн. Ошондуктан испан доллары АКШ долларынан бир аз кымбатыраак болгон. Ушул себептен улам, Ньюфаундленд доллары да 1895-жылга чейин канада долларынан бир аз жогору бааланган[2].
Британдык Колумбия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Британдык Колумбия колониясы 1865-жылы өзүнүн Британдык Колумбия долларын кабыл алган, ал канада долларына тең бааланган. 1871-жылы Британдык Колумбия Канаданын алтынчы провинциясы болуп кошулганда, анын ордуна канада доллары колдонулуп калган[3][2].
Конфедерациядан кийинки тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1867-жылы Канада провинциясы, Нью-Брансуик жана Жаңы Шотландия биригип, Канада аталышындагы федерацияны түзүшкөн. Натыйжада алардын өз-өзүнчө валюталары бирдиктүү канада долларына бириктирилген. 1871-жылдын апрель айында Канаданын парламенти бирдиктүү валюта жөнүндө мыйзамды кабыл алып, провинциялардын акча тутумдарын толук жоюп, жалпы аймагына канада долларын гана расмий валюта катары киргизген[2].
Алтын стандарты Биринчи дүйнөлүк согуш маалында убактылуу токтотулуп, 1933-жылдын 10-апрелинде толук жоюлган. Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда канада долларынын АКШ долларына карата курсу бекитилип, 1,10 канада доллары 1 АКШ долларына барабар болгон. 1946-жылы бул курс паритетке (теңдикке) келтирилген. 1949-жылы фунт стерлинг арзандаганда, Канада да валютанын курсу кайрадан 1,10 канада доллары 1 АКШ долларына барабар деп бекитилген[2].
1950-жылы Канада долларды эркин алмаштыруу курсуна өткөрүп, кийинки он жыл ичинде ал АКШ долларынан бир аз кымбат болуп турган. Бирок 1960-жылдан кийин канада доллары кескин арзандап, 1 канада доллары 0,925 АКШ долларына барабар деп белигиленген бекитилген курсу 1962-жылы кайрадан киргизилген[4]. Бул курс ошол кездеги премьер-министр Жон Дифенбейкердин урматына шылдың иретинде «Дифенбак» же «Дифендоллар» деп аталган[5]. Бул тутум 1970-жылга чейин сакталган, андан кийин канада доллары бүгүнкүгө чейин эркин курс менен колдонулуп келет.
Монеталар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Негизинен монеталар төмөнкү металлдардан жасалат:
- 1 цент (2013-жылдан бери чыгарылбайт, бирок формалдуу түрдө мыйзамдуу төлөм каражаты бойдон калууда) — жез, латунь, жез менен капталган болот.
- 5 цент — никель, никель менен капталган болот.
- 10 цент — күмүш, никель менен капталган болот.
- 25 цент — күмүш (1968-жылга чейин), никель (1968–1999), никель менен капталган болот (1999-жылдан бери).
- 50 цент — күмүш (1968-жылга чейин), никель, никель менен капталган болот (1999-жылдан бери). Бул монета жүгүртүүдө дээрлик колдонулбайт жана көбүнчө коллекционерлер тарабынан сатып алынат.
- 1 доллар — күмүш (1935–1967), никель (1968–1986), латунь менен капталган никель (1987–2011), латунь менен капталган болот (2012-жылдан бери).
- 2 доллар — биметалл: ортосу никель чети алюминий-коло эритмеси (1996-жылдан бери).
Банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Канададагы алгачкы кагаз акчалар доллар менен номиналданган (ал кезде Канадада расмий өз валютасы жок болгондуктан, доллар АКШ доллары катары эсептелген). Бул акчалар 1813–1815-жылдары чыгарылган британ армиясынын банкноттору болгон. Кийинчерээк канадалык доллар менен номиналданган банкнотторду 1830-жылдардан тартып лицензияланган банктар, айрым колониялык администрациялар (айрыкча 1866-жылы Канада провинциясы), ал эми 1870-жылдан баштап Канада конфедерациясы чыгара баштаган. Кээ бир муниципалитеттер да өз банкнотторун чыгарган[6].
1935-жылы Канада банкы негизделген. Ал федералдык деңгээлде акча чыгаруу укугун өзүнө алып, 1, 2, 5, 10, 20, 25, 50, 100, 500 жана 1000 долларлык банкнотторду жүгүртүүгө чыгарган. 1944-жылы уставдык банктарга өз акчаларын чыгарууга тыюу салынган. Акча чыгаруу укугу Royal Bank of Canada жана Монреаль Банкына гана ыйгарылган.
1935-жылдан кийин банкноттордун дизайнында олуттуу өзгөрүүлөр болгон. Ошондой эле 1937, 1954, 1970 жана 1986-жылдары жаңы кагаз акча сериялары киргизилген.
2011-жылдан тартып Канада Банкы полимер банкнотторун жүгүртүүгө чыгара баштаган[7]:
- 2011-жылдын 15-ноябрында — 100 доллар,
- 2012-жылдын 26-мартында — 50 доллар,
- 2012-жылдын 7-ноябрында — 20 доллар.
- 2013-жылдын аягында 10 жана 5 долларлык полимер банкноттору.
Учурда Канададагы бардык банкноттор Канада банкы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Canadian Bank Note Company жана BA International Inc тарабынан басылып чыгарылат.
1935-жылдан бери чыгарылган Канада Банкынын бардык банкноттору мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат, бирок айрым номиналдар дээрлик колдонулбайт. 1 доллар банкнотасы 1989-жылдан тартып, 2 доллар банкнотасы 1996-жылдардан бери чыгарылбайт жана алар монталар менен алмаштырылган. 25 жана 500 долларлык банкноттор 1935-жылдан бери, ал эми 1000 долларлык банкнот 2000-жылдан бери чыгарылбайт. 2018-жылдагы бюджет жарыялангандан кийин Канада банкы 1000 долларлык банкнотторду, ошондой эле дээрлик колдонулбай калган 1, 2, 25 жана 500 долларлык банкнотторду жүгүртүүдөн алып салууну пландап жатканы белгилүү болгон. Аларды толук алып салуу мөөнөтү расмий жарыяланган эмес.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Statistics Canada. Consumer Price Index, December 2025
- 1 2 3 4 5 6 7 8 Bank of Canada. A History of the Canadian dollar
- 1 2 3 4 5 Canada’s History. From Beavers to Bears: The History of Canadian Currency
- ↑ Connor, Clark & Lunn Financial Group Ltd. History of the Canadian Dollar
- ↑ Canadian Museum of History. Paper currency, Diefendollar
- ↑ EBSCO. Canadian Dollar
- ↑ Вокруг Света. Круговой обзор: канадский доллар