Канада улуттук футбол курамасы
| Канада улуттук футбол курамасы | |||
|---|---|---|---|
| Лакап аттары | Кэнактар (англ. The Canucks), Кызылдар (фр. Les Rouges) | ||
| Конфедерациясы | КОНКАКАФ (Түндүк Америка) | ||
| Федерациясы | Канада футбол ассоциациясы | ||
| Субфедерациясы | Түндүк Америка футбол биримдиги | ||
| Башкы машыктыруучусу |
|||
| Капитаны | Альфонсо Дэвис | ||
| Эң көп оюн саны |
Атиба Хатчинсон (104) | ||
| Мыкты бомбардири |
Жонатан Дэвид (39) | ||
| Үй стадиону | «БМО Филд» | ||
| ФИФА коду | CAN | ||
| ФИФА рейтинги | |||
| Азыркы | 30 ▼ 1 (1- апрель 2026)[1] | ||
| Мыкты | 26 (сентябрь 2025) | ||
| Төмөнкү | 122 (август 2014, октябрь 2014) | ||
| Формасы | |||
| |||
| Биринчи оюн (Брисбен, Австралия; 7-июнь 1924) | |||
| Эң ири жеңиш (Брейдентон, АКШ; 29-март 2021) | |||
| Эң ири жеңилүү (Мехико, Мексика; 18-июль 1993) | |||
| Дүйнө чемпионаты | |||
| Катышуусу | 3 (биринчи жолу 1986-жылы) | ||
| Жетишкендиги | Тайпалык баскыч (1986, 2022) | ||
| КОНКАКАФ Алтын кубогу | |||
| Катышуусу | 20 (биринчи жолу 1977-жылы) | ||
| Жетишкендиги | Чемпион (1985, 2000) | ||
| КОНКАКАФ Улуттар лигасы | |||
| Катышуусу | 4 (биринчи жолу 2019/20-жылы) | ||
| Жетишкендиги | 2-орун (2023) | ||
| Америка кубогу | |||
| Катышуусу | 1 (биринчи жолу 1993-жылы) | ||
| Жетишкендиги | 4-орун (2024) | ||
Канада улуттук футбол курамасы (англ. Canada men's national soccer team, фр. Équipe du Canada de soccer masculin) — эл аралык футбол мелдештеринде Канаданын атынан чыгуучу команда. Команданы Канада футбол ассоциациясы башкарат. 1912-жылдан бери ФИФАнын мүчөсү.
Канада дүйнө чемпионатына 3 жолу катышкан (1986, 2022, 2026). 2026 Дүйнө чемпионатын биринчи жолу өткөрөт. Конфедерациялар кубогуна 1 жолу катышкан (2001).
КОНКАКАФ аймагында курама 1985-жылы чемпионатта жана 2000-жылы Алтын кубогунда жеңишке жетишкен. 2023-жылы Улуттар лигасында финалга чыгып, 2-орунду алган. Ошондой эле 2024-жылы Америка Кубогунда 4-орунду ээлеген. Аймактык деңгээлде 1990-жылы Түндүк Америка Улуттар кубогун уткан.
Кураманын башкы машыктыруучусу — америкалык адис Жесси Марш, капитаны — Альфонсо Дэвис.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ The FIFA/Coca-Cola World Ranking (англ.) (1- апрель 2026).
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Канада футбол федерациясынын расмий сайты
- Канада ФИФА сайтында
| Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |