Канай бий
| Канай бий Канай Түлөберди уулу | ||
| ||
|---|---|---|
| Туулган жылы: | болжол менен 1770 жылдары туулган | |
| Туулган жери: | Көкчө-Тоо, Казакстан | |
| Каза болгон жылы: | 1838(1840) жылдары каза болгон | |
| Уруусу: | солто | |
| Атасы: | Түлөберди | |
| Апасы: | Бурма | |
| Балдары: | Бошкой, Байсейит, Нурсейит, Куттуксейит, Бүтөш, Тилеш, Байаке, Байтик, Байгазы, Сатылган, Муңайтпас | |
Канай бий Түлөберди уулу (болжол менен 1770 жылдары туулган — 1838(1840) жылдары каза болгон) — кыргыздын белгилүү саясий ишмерлеринин бири; баатыр, бий; солто уруусунан чыккан ири манап.[1]
Өмүр-баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Атасы Түлөберди акүйлүү болуп казактарга көчүп барганда Канай энесинин курсагында болгон. Ошол жакта төрөлүп, тили дагы ошол жактан чыгып, казакча сүйлөп баштаганда көчүп келишкен.[2][3]
Этнографиялык эмгекте Түлөбердинин уулдары атасы каза болгондон кийин солто ичиндеги айрым уруктарды өз ара бөлүшкөнү баяндалат; ошол маалыматта Канайга төлөк тийгендиги көрсөтүлөт.[4]
Үй-бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Канайдын Наал деген аялынан: Бошкой, Байсейит, Нурсейит, Куттуксейит. Эренче деген аялынан: Бүтөш, Тилеш, Байаке, Байтик. Күмүш деген аялынан: Байгазы, Сатылган, Муңайтпас.[5]
Ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эл башкаруу жана уруу ичиндеги иштер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]18-к. аягы – 19-к. башында солто уруусунун башында Түлөберди уулу Канай бий турган. Эшкожо, Канай, Момокондон Алыбек, Боку, Жайылдан Атай, Бектен – бул алтоо калмактан кийин кырк жылы Чүй жерин башкарып турушчу, чыр-чатакты өздөрүнчө кеңеш менен сурак кылган экен.[6] Канайдын тушунда солто уруусу сарыбагыштар менен да, кокондуктар менен да чабышып, Илеге да бир качып барып келишкендиги маалым.[7] 1819–20-жылдары Ысыката менен Кегетинин алкымында согуш башталган. Ошол учурда Канай, Эшкожо жана башка солтонун манаптары кеңешип, «колду Канай баштасын» деп Канай бий согуштарда дайым кол башчы болуп келген.[8] Кокондуктардын алгачкы жортуулдарында, анын сарбаздарынан жеңилип калган солтолордун бийи Канай баштаган солто, саруу урууларынан турган чоң көч 1824–25-жылдар чамасында Балхаш көлүнүн чыгыш тарабына, Иле боюна көчүп барышкан. Көчүүгө сарыбагыштан Төрөгелди, саяктан Атантай, Тайлактардын катышкандыгы санжыраларда маалымдалат. Иледе казактардын жаныш, чапырашты уруулары менен ымаласы келбей көп өтпөй өз жерине кайтып келишкен.[9][10]
Сугат системасындагы ролу (Ала‑Арча — Пишпек арыгы)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1876-жылдагы «Пишпек и Аламедин» макаласында Ала‑Арча жана Аламедин суулары тоодон чыккан соң көп салааларга жана арыктарга бөлүнүп, айдоо жерлерин сугарары айтылат. Ошол эле жерде Ала‑Арчадан Пишпекке кеткен ири сугат арыгы Канай‑Тлеуберди тарабынан чыгарылганы жана анын кыргыздардын айдоо жерлерин сугарууга кызмат кылганы жазылган.[11]
Акыркы жылдары
1838–1840-жылдарда өзбектин улугу Канайга уу берип өлтүргөн деген кабар бар.[12] Канай бий өлгөндө бийлик Жанкарачка өтөт. Кийин Жанкарач бий Канайдын уулу Байтик баатырга бийликти берет.
Эл оозунда
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Түлөберди баатыр уулунун ысымын Канай деп Канай Куттымбетулы (1695-1780) аттуу казак бийдин (Орто Жузунун жетекчилеринин бири, Аблай хандын баш кеңешчиси) урматына коюлган деген божомол бар.[13]
Канайдын аты элдик ыр-ырдоолордо да жолугат: «Шабдан баатыр» аттуу басылмадагы ыр саптарында Канай жана Эшкожо «Солтодон чыккан мыкты эр» катары аталат.[14]
А. Беделбаев Байтиктин бала кезинде ойноп жүргөндө атасынын урматынан «Канай» деп чакырып жүргөнү тууралуу маалымат келтирет (эл ичинде ат ыйыктоо/ураан чакыруу салты менен байланыштуу деп түшүндүрүлөт).[9]
Эс тутум
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Канай атындагы болуштук, айыл да болгон.[15]
Эшкожо менен Канай бийлердин күмбөздөрүн бузуп өрттөтүп жиберген Кенесары хандын зөөкүрлүгү муундан муунга эскерилип келет.[16]
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Абдырахманов Ы. Кыргыздардын келип чыгышы. КР УИА КЖФ Инв. №116 (319)
- ↑ Үмөт молдонун архивинен көчүрмө, 301-б.
- ↑ Алымбек жана анын уулу Тургунбектин кол жазмасы (санжырасы). Бишкек. 2007. p. 75.
- ↑ Труды Киргизской археолого-этнографической экспедиции. Т. IV. — Фрунзе: Изд-во АН Киргизской ССР (жылы такталууда). — С. 25.
- ↑ Абдырахманов Ы. Кыргыздардын келип чыгышы. КР УИА КЖФ Инв. №116 (319)
- ↑ Бала Айылчы (1994). Бала Айылчынын санжыра-тарыхы. Бишкек. pp. 74–75.
- ↑ Кыргыйбек Молдожунусов. «Бишкек» аталышы жана Бишбек бий жөнүндө.
- ↑ Солтоноев, Белек (2003). КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ. Бишкек: «АРХИ» Инновациялык Борбору. p. 178. ISBN 9967-21-766-9.
- 1 2 Беделбаев А. «Байтик баатыр» // Кыргыздар. — 7-том. — (Adabiyat.kg сайтындагы электрондук басылма, 16.04.2025-ж.).
- ↑ Кененсариев, Т. (1997). Кыргыздар жана Кокон хандыгы. Ош. p. 29.
- ↑ Пишпек и Аламедин (ru) (8 -июнь (кулжа) 1876).
- ↑ Солтоноев, Белек (2003). Кыргыз тарыхы. Бишкек: «АРХИ» Инновациялык Борбору. p. 161. ISBN 9967-21-766-9.
- ↑ Астанадан чыккан тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты Назар Түнтеевдин маалыматы боюнча
- ↑ Шабдан баатыр (басылган жылы/чыгарылыш маалыматы сүрөттө так көрүнгөн эмес). — 88-б.
- ↑ Қазақ ұлт-азаттық қозғалысы. "Астана полиграфия", 2008. 11 том, 20 б.
- ↑ КР УИА КЖБ. Инв. № 516 / 269.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Бала Айылчы. Бала Айылчынын санжыра-тарыхы. — Бишкек, 1994.
- Туркестанские ведомости. — 1876. — №22 (8-июнь). — «Пишпек и Аламедин».
- Труды Киргизской археолого-этнографической экспедиции. — Т. IV. — Фрунзе: Изд-во АН Киргизской ССР (М.: 1960 г.). — С. 25.