Канатов Асанкул

Википедия дан

Канатов Асанкул (1939-ж. т., Бордукыя айылы) - коомдук ишмер.

  • 1961-ж. Кыргызстан айыл чарба институнун зоотехника факультетин бүтүргөн.
  • 1961-64-ж. Токтогул районундагы «Үчтерек» совхозунда, Алабука районундагы «Бирлик» совхозунда зоотехник,
  • 1969 -73-ж. Токтогул районунун «Үчтерек», «Кетментөбө» совхоздорунда башкы зоотехник,
  • 1973-75-ж. Ош облустук айыл чарба продукциясын даярдоо боюнча комитеттин башкы инженери, башкы инженердин орун басары.
  • 1975-79-ж. Лейлек районунун «Өзгөрүш» совхозунун директору,
  • 1979-82-ж. айыл чарба башкармалыгын жетектеген.
  • 1982-86-ж. партиянын Токтогул райкомунун 2-секретары,
  • 1986-91-ж. Ош облустук агроөнөр жай комплексинин төрагасынын орун басары,
  • 1991-ж. Жалал-Абад облусунун агроөнөр жай комплексинин башчысы,
  • 1991-92-ж. Токтогул райондук кеңешинин төрагасы жана администрация башчысы-акими.
  • 1993-95-ж. Жалал-Абад облусунун мамлекеттик мүлк фондунун райондук өкүлү жана малды асылдандыруу мекемесинин директору.
  • 1996-98-ж. Ош облустук зооветеринариялык лабораториясынын директорунун орун басары,
  • 1998-ж. кой чарбасын өнүктүрүү долбоорунда,
  • 1999-жылдан Ош облусунда айыл өкмөтүн жетектейт. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5