Канаттуу кеме
Көрүнүш
Канаттуу кеме - мерчемдүү ылдамдыкта суу астындагы канаттары менен шилөөчү винттен башкасы суу бетинен өйдө көтөрүлүп, тез жүрүүчү кеме.
Канаттуу кеме сүзгөндө канаттарынын үстүңкү бетиндеги суу басымы азаят, ал эми астыңкы бетинде көбөйөт. Бул учурда көтөрүү күчү пайда болгондуктан, кеменин корпусу суу үстүнө көтөрүлөт, суунун каршылыгы жана толкундун урунушу кескин азаят. Мындай кемелер сууда 75- 130 км/с ылдамдыкта жүрө алат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.