Кандагай (шым)

Википедия дан

Кандагай (шым) (моңголчо "кандага" — багыш) — тоо текенин, багыштын жана башкалар терисинен жасалып, баатырлар, балбандар жоого, балбан күрөшкө, эр сайышка, оодарышка кийиш үчүн тигилген чалбар шым. Калың териден, булгаарыдан жасалып, кылыч, жебе өтпөй турган согуштук ат жабуу да К. деп аталат. К. кенен, согончокко жете узун, кашатынан карышча жери эки катталып, шырылып, тигиштерине башка түскө боёлгон жаргактан милте коюлуп, кош тарамыш менен тигилген. Кашатына тигилген бүгүшкө кайыштан ычкыр өткөрүлгөн. "Манас" эпосунда да жоого кийчү кийим катары К-га кеңири көңүл бурулат.

Мисалы, Көкөтөйдүн ашында Кошой кийип балбанга түшкөн К-дын тарыхына өзгөчө көңүл бурулат. Аны тигиш үчүнКаныкей Анжыяндын ары жагы, Айым-Мүнсөк бери жагы Даңдуң - Баштын тоо текесинин териси калың болот деп угуп, Абыке баш болгон алтымыш мергенди атайы жөнөтүп, териге залал кылдырбай жалаң көзгө аттырып алат. Аны күндүн көзүн көрсөтпөй кургатып, жез челекке алты ай алманын кабыгынан жасалган малмага салып ашаттырат. Кайыптын кызы Арууке баш болгон токсон узга тиктирет. Ичине буулум ичтеп, тышы бышык болсун деп болот эгер ширетет. Мусулман кандарынын кийген шымдарынын ичинен жалгыз ушул К. балбанга түшчү Кошойго бап келип, ыраазы болгон ал аны жасаган Каныкейге батасын берет. Ошол батаданСеметей бойго бүтөт. Эпосто К-га мындай олутуу көңүл бурулушу, анын түпкүлүгүндө тотемдик жаныбар менен байланыштуулугунда. Адепки учурда ал магиялык күчкө ээ шым катары эсептелген. Муну анын К. аталышы ырастайт. Алтай тилдеринин чоң тобунда багыш — кандага (эвенкиче), кандахан (манжурча), хандагай (моңголчо) деп айтылат. Якуттардын мифтик ишениминде Алып хандагай токойдун ээси, аңчылыкты колдоочу. Байыркы Сибирь элдернде Хандагай (багыш) кудай жаныбар — тотем болгон. Ошондуктан кыргыздардын көп учурлары ушул тотем жаныбардын атын алып жүргөн (сары багыш, кара багыш, чоң багыш, багыш). Тотемдик жаныбардын терисин кийген адам анын колдоосу менен жеңилбес күчкө ээ болот деген ишеним болгон. Ошондуктан арстан кебин кийген Рүстөм, Геракл сыяктуу эле Кошой да багыш терисинен шым кийгенде кебелгис күчкө ээ болуп, эч кимден жыгылбаган Жолойду жеңет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4