Канжа

Википедия дан

Канжа (кыт. ганцзы) — тамеки салып тарта турган түтүк."Манас" эпосунда көбүнчө кытай-калмак баатырларынын (мисалы, Макел дөө, Коңурбай) түрү сууктугун, алптыгын көрсөтүү үчүн алардын өздөрүнө таандык опсуз зор буюм катары сүрөттөлөт.

Капчыгынан бу доңуз

Канжасын сууруп алганы,

Канжасына салганы

Алтымыш чейрек тамеки,

Аз бөксө болуп калганы (Сагымбай Орозбаков, 4. 233).

Эпостогу сүрөттөөлөр боюнча К. колодон, алтындан жасалат: "Алтын найлуу чоң канжа, Жаткан экен дат басып, Найын жарып ат басып" (Сагымбай Орозбаков, 4. 276—277). Мындай К-нын баасы кымбат экени төмөнкү эпостун саптарынан көрүнүп турат: "Алиги алтын канжанын, Аз болгондо капырай, Он жети байтал баасы бар" (Сагымбай Орозбаков, 4.277). К-ны кыргыздар да колдонгондугу белгилүү. К. кыргыз тилине кытай тилинен кирген. Бул болсо кытай эли менен кыргыз элдеринде революцияга чейин маданий карым-катнаштардын болгондугун айгинелеп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4