Канжайлак мөңгүсү

Википедия дан

Канжайлак мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу дендриттик өрөөн тибиндеги мөңгү.

Эңилчек кырка тоосу ж-а анын айрыгында жайгашкан. Сарыжаз суусунун алабында. Уз. 13 км, аянты 32,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5257 м, этеги 3150 м бийиктикте. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Мөңгү мезгил-мезгили м-н тартылып, кайра алдыга жылып турат. Андан Эңилчек суусунун сол куймасы Атжайлоо суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2