Кансыз согуш
Кансыз согуш – Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин пайда болгон термин. СССР жана башка социалисттик өлкөлөр менен АКШ жана анын союздаштарынын ортосундагы согуштук-саясий конфронтация.
Экинчи дүйнөлүк согушта (1939–45) Германия, Италия жана Япониянын жеңилиши менен дүйнөдөгү саясий абал кайрадан өзгөрүп, күчтүү эки держава (СССР, АКШ) түзүлгөн. Алардын жеке көз карашы өз алдынча саясий догмага айланып, бул учур куралжаракты түз пайдаланбай, б. а. бири-бирине каршы турган согуштук-саясий блок, стратегиялык-согуш базаларын жана плацдармдарды түзүү, түрдүү экономикалык кысымдарды (эмбарго, экономикалык блокада) кеңири колдонуу менен мүнөздөлгөн. Кансыз согуш Октябрь революциясынан (1917) кийин Советтер Союзунда марксизм-ленинизмдик идеологияга басым жасалышына байланыштуу эки системанын карама-каршылыгы күчөп, акыры пролетариаттын жардамы менен социализм жеңет жана коммунизм орнойт деген илимий көз караш аркылуу калыптанган. 1945-жылдан кийин дүйнөдөгү көп полюстуу өнүгүү эки гана полюстуу (биполярдык) өнүгүүгө өтүп, өзгөчө 1947-жылы У. Черчиллдин Фултондогу (АКШ) сүйлөгөн сөзүнөн кийин мындай тирешүү өзүнүн эң жогорку деңгээлине жеткен. Ал эми дүйнөдө Социалисттик лагердин түзүлүшүнө байланыштуу ядролук (АКШда 1945-жылы, СССРде 1949-жылы), водороддук бомбаларды (АКШда 1952-жылы, СССРде 1953-жылы) сыноо жана башка жаңы согуштук куралды өнүктүрүү күч алган. АКШ Түндүк Атлантика согуш блогун (НАТО), СССР Экономикалык өз ара жардамдашуу кеңешин (СЭВ) жана Варшава келишимин түзгөн. Мындай тирешүүлөр Германиянын ГДР менен ГФРге (1949) жана Кореянын Түндүк, Түштүк болуп бөлүнүшүнө (1953) алып келген. 1960-жылдардын аягында Чыгыш Европада СССРдин үстөмдүгүнүн бекемделиши жана АКШнын Вьетнамга ийгиликсиз интервенциясы, Кытай менен СССРдин ортосундагы коммунисттик идеологиядагы келишпестик жана Кошулбоо кыймылынын түзүлүшү, 1960-жылдарда Кансыз согуштун курчтугун азайткан. Эки өлкөдө тең салмактуу (паритет) абал түзүлүп, саясий мамилелер да өзгөрө баштаган. Эки мамлекеттин ортосунда мамиленин жакшырышына байланыштуу атмосферада, космосто жана сууда ядролук куралды сыноого тыюу салуу (1963), аны таратпоо келишимдери (1968) түзүлгөн. 1970-жылы АКШ менен СССРдин ортосунда стратегиялык куралданууну чектөө (ОСВ-1, ОСВ-2) жана ракетага каршы коргонуу (ПРО) келишимдерине кол коюлган. Бирок 1979-жылы СССРдин Афганстанга аскерин киргизиши жана АКШнын ОСВ-2 келишимин ратификациялоодон баш тартышы менен эки мамлекеттин мамилеси начарлап, Кансыз согуштун күчөшүнө түрткү болгон. 1980-жылдардагы Советтер Союзундагы кайра куруу, айкындуулук, куралсыздандыруу (куралданууну контролго алуу) боюнча сүйлөшүүлөр, 1989-жылы советтик аскердин Афганстандан чыгышы, социалисттик лагердеги, кийин СССРдеги саясий-экономикалык кризистер, Варшава келишиминин таркатылышы (1990), Германиянын биригиши (1990) Чыгыш-Батыш мамилелеринин жөнгө салынышына шарт түзгөн. Натыйжада Чыгыш менен Батыштын ортосундагы эл аралык мамиленин курчушун күчөтө турган экономикалык, илимий-техникалык шарттар негизги ролун жоготкондуктан, 80-жылдардын аягында — 90-жылдардын башында мурдагы социалисттик системадагы көптөгөн өлкөлөр демократиялык негизде кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кансыз согуш токтогон.
Байланыштуу макалалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9