Кантсыз диабет
Көрүнүш
Кантсыз диабет – канда вазопрессин гормонунун азайышынан болгон эндокрин оорусу. Зааранын абдан көп бөлүнүшү жана өтө суусоо менен мүнөздөлөт. Бул ооруга вазопрессинди канга бөлүп чыгаруучу гипоталамус жана гипофиздин жабыркашы себеп болот. Оорулуу суюктукту көп ичкендиктен жана суткасына 4–12 лге, кээде 30–40 лге чейин түссүз, жытсыз, салыштырма салмагы төмөн, канты жок заара бөлүп чыгарат. Организм сууну көп жоготкондуктан, оорулуунун алы кетип, териси, былжыр чели кургайт, арыктайт, алы кетет, башы айланып ооруйт, кускусу келет. Оору өнөкөт болуп көпкө созулат, өмүргө коркунуч туудурбайт. Кээде тукум куума болушу мүмкүн. Дарылоодо гормондор пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9