Канчылаш модуляция

Википедия дан

Канчылаш модуляция - ионосферада радио толкун таралганда байкалуучу кубулуштардын бири.

Канчылаш модуляция учурунда абдан кубаттуу радио толкундун күчтүү электр талаасы ионосферанын электрондорунун кыймыл ылдамдыгын өзү модуляцияланган жыштыкка өзгөртүү (дүүлүктүрүү) менен ионосферанын ошол дүүлүккөн аймак аркылуу өтүп жаткан башка радио толкундарын амплитудалык модуляцияланууга дуушар кылат.

Бул кубулуш Люксембург- Горький эффекти деп да аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.