Каныккан жана каныкпаган эритмелер

Википедия дан

Каныккан жана каныкпаган эритмелер — каныккан эритмелер белгилүү шартта эриген зат ашык саны менен теңдештик абалда боло турган эритмелер. Бир-биринде эрүүчү заттар эрүү процесси каныккан эритме пайда болгонго чейин жүрөт: эритме концентрациясы эриген зат жана эриткич жаратылышына, темп-рага жана басымга көз каранды. Бул концентрация заттын маанилүү физ.хим. мүнөздөмөсү болуп саналат. Катуу заттар эригенде бир эле компонент ар түрдүү катуу фазалары (кристаллдык модификациялары, кристаллогидраттар), ар турдүү концентрациядагы каныккан эритмени пайда кылат. Мис., 20°С натрий сульфатынын үч каныккан эритмеси болушу мүмкүн. Алардын кон-центрациясы туздун кайсы түрү — суусуз Nа2SО4, гептагидраты Ha2SО4.7Н20 же декагидраты Nа2SО4- 10Н2О болгондугуна кез каранды. Берилген шартта эриген зат менен эритменин ортосуңда туруктуу теңдештик пайда болбосо жана эритме дагы затты эрите алса, анда мындай эритмелер каныкпаган эритмелер болот. Мис.. КNО3 суудагы каныкпаган эритмеси 20°С 100 г эритмеде 20 г KNO3 кармап турат (каныккан эритмеси 20°С 100 г эритмеде 24,1 г КNО3 кармап турат).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]