Каныметов Бешкүрөң
Каныметов Бешкүрөң Жыгаччы. 1931-ж. Ак-Талаа районундагы Кара-Булуң айылында төрөлгөн.
Саякаалы устадан таасирленген. Ачкычты бир көрүп жасаган. Кош-Дөбөлүк Нурбай уста мылтык согуп, кош жаак капкан жасап, кара темирди сугарганы Бешкүрөңдү тан калтырган. Анын көөрүгүн басып, күжүсүн күйгүзгөн. Беш күрөң кийин үй жыгачын (уук, кереге, түндүк, босого-таяк) кармаган. Ал ээрчи катары да элге таанылган. Ак каңкы ээрдин 15-20дайын бир убакта чапкан. Мурунку чапкандары кургаганча чабылуучу ээрлер менен иштегендиктен, уста айына 20-25 зерди бир колдон чыгарып турган. Ээрге теректи пайдаланган. Аны августта кыйып, аарчып, жайында бир ай сулк жаткырган Сомдолгон ээрлерди көлөкөдө кургатып, жарыла баштаса же катууланып баратса солидол сыйпаган. Чоң уйдун терисин 14-15 ээрге хаптоочу тыш бычкан. 11 ээрге сегиз килочо мык керектеген.
Нанбаш ээрин алты бөлүккө бөлүн кармаган. Анын айырмач ээри 18 бөлүктөн турат. Кушбаш ээрди туюк чабат. Ээрди жалпы чабууда, кашын чыгарууда керкини гана этият колдонгон. Бешкүрөң өтүк да ултарат. Аны чоң атасы Сарымырзадан үйрөнгөн. Боз үй жыгачын ноябрь, декабрь айларында кыйып, аны Кара-Сууга 15 күнчө салат. Керегенин жыгачын кыяры менен кабыгын аарчып, бекем таңып (үч жеринен курчап), кургак жерге жөлөп коёт. Бешкүрөңдүн керегелери 12 көктүү келет. Жыгаччы кайың түндүк кармайт. Аны кыйып келээри менен кабыгын аарчыйт. Анын ар бири жеңден ичке 1,5 метр жыгачтан турат. Ал жара бөлүнөт. Үч бурчтуу жыгачка аны жатак алдырганда ал жаа болуп калат. Түндүктүн көзүн чыгаруу үчүн уста торт кырдуу шишин күжүгө коюп ысытат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0