Мазмунга өтүү

Канымет уулу Аалы

Википедия — ачык энциклопедия

Канымет уулу Аалы Жыгаччы. 1909-ж. Ак-Талаа районундагы Кара-Таш конушунда (Жалын-Арык) төрөлгөн.

Мугалимдик курсту бүтүп, кызыл педагог аталып, мектен уюштурууга, элдин сабатсыздыгын жоюга жандуу салымын кошот. Кийин бириккен чарбанын активдеринен болот. Тайган агытуучулук менен жыгаччылыкты кош тизгинде кармаган анын кол өнөрү үй жыгачын (уук-кереге) жасоодон башталган. Уста Нарын дарыясынын жээгиндеги таштакка өскөн бутактуу талды буюмдун жердигине алат. Аны матоонун ички сырларын таасын өздөштүргөн. Жыгачты октябрь, ноябрь айларында кыйып алып, тап менен кургатып, «көккө коюу» (кыкты кызытуу) ыкмасы аркылуу жашытып (жибитип), теске коюп октой түз кылган. Бутактуу, ийрилиги чыканактай талды сындырбай матай билген. Керегени көктөөдө төөнүн, өгүздүн жон терисин пайдаланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0