Кан-Ачуу свитасы
Кан-Ачуу свитасы - Ортоңку Тянь-Шанда болжол менен ордовик мезгилинин аягы - силурдун башталышында пайда болгон тоо тек катмары.
Көк-Ийрим тоосундагы Чоң жана Кичине-Кан-Ачуу өрөендөрүндө кеңири тараган. 1964-ж. К. С. Сагындыков аны өзүнчө геологиялык свита катары бөлүп, Кан-Ачуу өрөөнүнүн аты менен атаган. Составы жана түзүлүшү боюнча свита молассоид геологиялык формациясына туура келип, кумдук, гравелит, конгломерат жана алевролиттен турат. Калыңд. 1100 м. Свитанын геол. жашы анын астында (эчки-башы) жана үстүндө (түлкү-башы) жаткан геол. свиталар менен өз ара байланыштарынын негизинде аныкталган. Кан-Ачуу свитасы Ортоңку Тянь-Шанда каледон бүктөлүүсү болуп өткөндүгүн далилдөө менен анын геол. тузулушун изилдөөдө стратиграфиялык мааниге ээ.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.