Кан-Дөбө шаар калдыгы

Википедия дан

Кан-Дөбө шаар калдыгы, Тоң шаар калдыгы – 6–12-кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Ысык-Көл аймагындагы Туура-Суу айылынын сол тарабында жайгашкан. Шаар үч бөлүктөн: Борбордук бөлүгү (цитадель), анын айланасындагы шаардыктардын турак жайлары жана курулуш имараттарынан (шахрстан) турган. Шаар сокмо дубал (бийиктиги 4–8 м, туурасы 3–5 м) менен курчалган. Тоолорго ыңгайлуу кароол дөбөлөр тургузулуп, андан ондогон км аралыктагы жерлер көрүнгөн. Шаардын 100 гага чейинки аянттарында карапайым калктын, кол өнөрчүлөрдүн жана дыйкандардын турак жайлары, ал эми шаардын Борбордук бөлүгүндө жана шахрстанда шаар башкаруучуларынын, дөөлөттүү адамдардын турак жайлары, чарбактары жайгашкан. Археологиялык изилдөөлөрдө чарбалык мүнөздөгү курулуш имараттары, жейрендин алтын, короздун коло сөлөкөттөрү, коло билерик, шакек, шам чырак орнотулуучу буюм, белине кылыч асынган, он ок элинин жоокер аялын чагылдырган таш айкел, темирден жасалган буюмдар, тыйын, карапа, жаргылчактар, бышкан кыштардын калдыктары табылган. Шаар жөнүндө маалыматтар орто кылымдардагы жазма булактарда кездешет. Бул шаар тууралуу 19-кылымдын 70-жылдарында В. В. Герн, Н. В. Сорокин, В. П. Поярков, С. М. Дудиндин маалыматтарында, ошондой эле В. В. Бартольддун эмгектеринде эскертилет. Археологдор А. Н. Бернштам жана Д. Ф. Винник, 2010-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университети (жетекчиси К. Табалдиев) уюштурган археологиялык экспедициясы изилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]