Кан группалары

Википедия дан

План:

    Киришуу

1) Кандын буртук элементтери

2) Кандын иммундук касиети ( антиген, антитело)

3) Кандын группалары жана аларга муноздомо

4) Система-резус, мааниси жана озгочолугу

Колдонулган адабияттар








                                     Киришуу
     Кан, лимфа жана ткань суюктугу организмдин ички чойросун тузот. Кан дененин клеткаларына туздон-туз тийбейт, аралык зат болуп капилляр менен ткандардын клеткаларынын ортосундагы жылчыктарды толтуруп туруучу ткань суюктугу эсептелет. Ал озу да айрым клеткалар, ткандар, дененин органдары учун ички чойро болуп эсептелет.
    Организмдеги кандын саны жашка жараша болот. Жаны торолгон балада ал дененин массасынын 15% тин тузот. 1 жаштагы баланыкы дененин массасынын 11%тин, 14 жаштагы оспурундо- 9%, чон кишиде-7-8%ти тузот. Салмагы 70кг болгон чон кишинин организминде 5- 5,5л кан болот.Организмдеги кандын колому бир топ туруктуу болот, 50% кан жоголсо олумго алып келет.
    Кан тамырларда дайыма эле кандын баары айланып турбайт. 40%ке жакыны кан деполору деп аталгандарда сакталат. Мындай деполор болуп боор, кок боор, опко, тери эсептелет. Аларда болгон канда кан элементтери кан тамырларда айланып турган канга караганда коп топтолот. Андагы кан керектуу учурда: куч эмгектеринде, томонку атмосфералык басымда,коп кансыраган учурларда чыгып, кандын жалпы агымына кошулат. Бул ынгайлануучулук мааниге ээ. Айланып турган кандын кобойушу кандын оз функциясын аткарышын жогорулатат. Деподон кандын чыгышы нервдик дагы, гумордук дагы жолдор менен жонго салынынп турат.

Кандын негизги кызматтары томонкулор:

  Трофикалык ( азыктануучу) кызматы. Кан азык заттарды (амин кислоталарын, моносахариддерди ж.б) тоют эритуу системасынан организмдин клеткаларына жеткирет.Бул заттар клеткаларда курулуш жана кубат беруучу материалдар катарында колдонулуп,ошондой эле клетканын муноздуу кызматтарын аткарууда керектелет.
  Экстратордук (болуп чыгаруучу) кызматы.Кандын жардамы аркылуу организмдин клеткаларынан заттар алмашуу процесстеринен келип чыккан керексиз жана зыяндуу заттар(аммиак,мочевина,сийдик кислотасы,креатин,ар турдуу туздар ж.б)болунуп чыгарылат.Аталган заттар кан менен болуп чыгаруу органдарына жеткирилип,ал органдардын жардамы менен организмден тышкы чойрого чыгарылат.
    Респиратордук(дем алуу) кызматы.Кан кычкылтекти опкодон ткандарга жеткирип,аларда пайда болгон комур кычкыл газын опкого ташыйт.аталган газ дем чыгаруу учурунда опкодон тышкы чойрого болунуп чыгат.
  Коргоо кызматы.Канда организмге келип тушкон микробдорду  жана чоочун заттарды жутуп жана синируу жондомдуулугуно ээ болгон ото коп сандагы лейкоциттер бар.Лейкойиттердин бул жондому фагоцитоз деп аталат.Ал эми клеткалардын озу фагоциттер деп аталат.Организмге  чоочун заттар тушоору менен лейкоциттер аларды коздой багыт алышып,курчашат дагы,кубаттуу фермент системасынын жардамы менен аларды ээритип жиберишет.Лейкоциттердин фагоцитардык активдуулугу клеткалык иммунитет деген атка ээ.
   Терморегуляция кызматы.Кан организмге жылуулукту болууну жана туруктуу бир температураны кармап турууну камсыз кылат.Органдын кызмат аткаруу учурунда жылуулук энергиясынын болунуп чыгаруусу кескин жогорулайт.Бирок жылуулук иштеп жаткан органдарда кармалып калбайт.Жылуулук канга синирилет дагы бут денеге таратылат.
   Корреляция кызматы.Кан тамырлардын туюк системасында тынымсыз кыймылдап туруусу менен кан ар кандай органдардардын ортосундагы байланыштарды камсыз кылат.Ошонун натыйжасында организм бир бутун система катары иш аракетин жургузот.Бул байланыш канга келип кошулуучу ар кандай заттардын жардамы аркылуу жузого ашырылат(гормондор ж.б).Мына ушинтип,кан организмдин иш аракеттерин гумордук жонго салууга катышат.





Кандын буртук элементтери

    Кандын буртук элементтери 3 группага болунот:эритроциттер,лейкоциттер жана тромбоциттер.
    Эритроциттер. Кандын клеткаларынын негизги максатын тузуучу кызыл кан клеткалары.Гректин «erithros»-кызыл деген созунон алынып,канга кызыл тус берип турат.Канда эритроциттердин саны туруксуз келет.бийиктикке которулгондо,томонку атмосфералык басымда,сууну коп жоготкондо,куч эмгектеринде,эмициялык сезимдердерде кобойуп турат.Эритроциттердин канда кобойуп кетишин эритроцитоз ал эми азайып кетишин эритропения дейбиз. Эритропения канды коп жоготкондо,кан иштеп чыгуучу органдарда эритроциттердин пайда болушу томондогондо же бузулган байкалат.Эритроциттерди эн жука гупкалар менен салыштырууга болот,анын бардык жылчыктары гемоглабинге толгон.Ар бир эритроцитте 265 млн молекулага чейин ки гемоглобиндер болот.
    Гемоглобин (Нb)-татаал химиялык бирикме,ал белок глобинден жана темирден турат.Ал кычкылтек жана комур кычкыл газы менен женил биригип,туруксуз кошулманы пайда кылат да,аларды женил беруу касиетине ээ болот.Гемоглобиндин бул озгочолугу дем алуу процесинин негизин тузот.
     Чон кишинин канында 700-800 граммга чейин гемоглобин болот.Скелет булчунунда миоглобин деген белок бар,ал организмдеги кычкылтектин 14 %ке жакынын кошуп алышы  мумкун.
      Лейкоциттер. Бул ядросу бар ак кан денечеси жана оз алдынча кыймылдоого жондомдуу (кандын калган де нечелеринде мындай жондомдуулук болбойт, алар канга кошулуп агат). Тузулушу боюнча эки группадагы лейкоциттерди ажыратабыз-буртуктуу жана буртуксуз. Буртуктууго эозинофилдер, базофилдер жана нейтрофилдер, буртуксузго-моноциттер жана лимфоциттер кирет. Айрым лейкоциттердин кандагы саны туруксуз келет: ал жашка жана башка артурдуу абалдаргр жараша озгорулуп турат.
      Чон кишилерде лейкоциттердин саны 1мм куб канда  4-8 минге чейин жетип, озгоруп турат. Канда алардын азайып кетишин лейкопения деп аталат. Бул лейкоциттердин пайда болушу томондогондо байкалат. Ал эми лейкоциттердин санынын кобойушу лейкоцитоз деп аталат.
    Ал кандын кайрадан болуштурулушунун эсебинен,  тамак ичкенден кийин, артурдуу эмоциялык сезимдерде, куч жумшалганда пайда болушу мумкун. 
      Лейкоциттердин эн негизги кызматы организмди инфекциялардан коргоо болуп эсептелет. Канга коркунучтуу заттар кирип кеткен учурда лейкоциттер аларга умтулуп жетип, зыянсыздандырат. 
   Тромбоциттер. Тромбоциттер 1842-жылы ачылган. Булар ядросуз, тегерек же суйру формадагы кан клеткалары. Булар жиликтеги кызыл мээден пайда болот. Чон кишинин 1мм куб канында 250-400 мин тромбоцит болот.
    Тромбоциттерге  кандын уюшундагы негизги роль таандык. Кандын уюу процесси уч стадияда отот. Биринчи стадияда озгочо заттын таасир этишинин натыйжасында тромбоциттин уболонушунон канга чыккан кальций тузунан жана кандын белогунан тромбопластин пайда болот. Экинчи стадияда тромбопластин канда дайыма болуучу зат протромбинге таасир этуу менен аны тромбинге айландырат. Учнчу стадияда тромбиндин таасири астында, кальций тузунун катышуусунда кандын белогу фибриногенден эрибес белок фибрин пайда болот.

Кандын иммундук касиети

     Эритроциттердин, лейкоциттердин, тромбоциттердин мембранасы адамдын канынын группасын аныктоочу татаал белок- углеводдук комплексты камтыйт. 
     Иммундук процесс – бул организмдин денеге кирген чоочун зат – антигенге болгон жооп кайтаруусу. Антиген болуп – вирус,микроб, бактериялар жана химиялык заттар эсептелет. Антигендик касиетти бардык белоктор, кээ бир полисахариддер басандатат. Организм антигендерден коргонгондо, организмдеги кан озгочо белоктук денече – антителолорду иштеп чыгат. Ал антигендерди зыянсыздандырат. Азыркы учурда антителонун химиялык жаратылышы кенири белгилуу. Ал атайын белок – гамма-глобулин болуп эсептелет. Антитело кобунчо лимфоузл клеткаларында, мээнин кызыл соокторундо иштелип чыгат. Бул жерден алар канды конуктурот жана организмге циркуляциялайт.
       Кобунчо антителону лимфоциттер жана моноциттер иштеп чыгат. Антитело организмге кирген чоочун заттарга ар кандай таасир этет. Бир антитело микроорганизмди жабыштырат, экинчиси жабышылган болугун чоктурот, учунчусу  аларды бузат жана эритет. Мындай антителолор преципитиндер деп аталат. Бактерияларды эритуучу антитело – бактериолизм деп аталат. Ал эми бактерияларды нейтралдаштыруучу, б.а. зыянсыздандыруучу антителолор – антитоксиндер деп аталат.
    Эритроциттик антигендер укумдан-тукумга берилет, алар торолгондо эле кандын курамында болот. Антигендердин группалык системасы бала торолгон кезден баштап толугу менен онугот жана алардын активдуулугу сакталат. Ар кандай группалык факторлор бири биринен антигендик антигендик кучу жана антителолорду пайда кылуусу боюнча айырмаланат. 
   Группалык антителолор эритроциттердин антигени сыяктуу, организмде дайыма болуучу бир нече касиеттерге ээ. Бир гана АВО группалык системасында кандын плазмасында нормалдуу тубаса касиет болуп антитело эсептелет. Ал адамдын омурунун акырына чейин озгорбойт. Копчулук учурда антителео 18 жашка чыкканда толук жетилет, ал эми карыган сайын томондойт. Группалык антителолор мезгили менен озгоруп тураары байкалаган.

Кандын группалары жана аларга муноздомо

    Байыркы убактардан бери эле адамдар канга чон маани берип келишкен. Оору, карылык жана олумду, булардын баарын анын озгорулушу менен байланыштырышкан.  Жаш адамдардаг каны  кары адамдардын канына караганда коп тиричилик кучун кармайт деп божомолдошкон. Байыркы замандарда жаш балдардын канын карыган адамдарга куйганда алардын жаштыгы кайрылып келет деген миф жаралаган. Булардын аркасында адамдар кырсыктарга кабылган:  кан куюудагы аракеттерден адамдар бат-бат олуп турушкан. Алардын себеби миндеген жылдарга табышмак боюнча кала берген. Жашыруун сыр биздин кылымдын башында ачылган. 1901-жылы веналык врач Карл Ландштейнер, ал эми 1907-жылы чех врачы,психиатр Ян Янский бири-бирине байланышпай туруп, кандын группасы жонундогу окууну тузушкон. 
  Агглютинация. ХХ кылымдын башында эритроциттердин агглютинация кубулушу ачылган. Агглютинация эритроциттердеги антигендердин – агглютиногендердин жана плазмадагы антителолор – агглютининдердин оз ара аракетинин натыйжасында журот. Агглютинация процесси кандын группаларын аныктоонун негизи болуп саналат.

1901-жылы К.Ландштейнер кишинин эритроциттеринен эки желимдоочу фактор ачып, аларга А агглютиноген жана В агглютиноген деген аттарды берген. Корсо, кээ бир кищилердин канында агглютиногендер таптакыр жок экен (I группа), башка кишилердин канында А агглютиноген гага болсо (II группа), учунчулордукундо В агглютиноген гана болот экен (III группа). Кийинчерээк  К.Янский кандын IV группасын ачып, мындай группадагы кандын эритроциттеринде А жана В агглютиногендер чогуу кездешкенин далилдеген. Ал эми кандын плазмасында ошого жараша эки желимдоочу агенттер – а жана в агглютининдер табылган бир кишинин канында бир убакта А агглютиноген жана а агглютинин, ошондой эле В агглютиноген жана в агглютинин кенздешпейт, ошондуктан организмде оздук эритроциттердин агглютинациясы журбойт.

Кандын группасына муноздомо Янском классификациясы боюнча

Группанын аталышы Сывораткадагы агглютининдер Сывораткадагы агглютиногендер Нол группасы (I ) а+ в Жок болот А группасы (II) в А В группасы (III ) а В АВ группасы (IV ) Жок болот АВ

   Бир кишиден экинчи кишиге кан куюу учурунда эритроциттердин агглютинациясы журушу мумкун. Себеби, канда бир убакта окшош агглютиногендер жана агглютининдер болуп калышы мумкун. Ошондуктан, I группадагы  каны бар кишиге I группадагы гана кан куюлушу керек. Биринчи группадагы канды башка баардык группадагы каны бар кишилерге куя берсе болот. II группадагы канды II группага жана тескерисинче  III группадагы канды II группага куюга болбойт. IV группадагы канды IV гана группага куюга болот, ал эми IV группадагы канга бардык группадагы канды куюга болот.

Группа донор боло алат туура келген кан тобу I+ I+, II+, III+, IV+ I+, I- I- баарына I- II+ II+, IV+ II+, II-, I+, I- II- II+, II-, IV+, IV- II-, I- III+ III+, IV+ III+, III-, I+, I- III- III+, III-, IV+, IV- III-, I- IV+ IV+ баардык IV- IV+, IV- IV-, II-, III-, I-




   Донордун (кан беруучу) жана реципиенттин каны кошулганда А жана а факторлору же В менен в кездешкенде гана агглютинациянын болушу байкалат. Канды бир адамдан экинчисине куйганда реципиенттин сывораткасынын касиетин жана донордун эритроциттерин эске алуу менен жургузулот
  Донордун канынын сары суусунун касиети эске алынбайт, себеби ал реципиенттин канына кошулганда озунун агглютинациялык касиеттерин жоготот.
   Адам канынын группасын аныктоо методдору туз жана кыйыр деп болунот. Эгерде лабораторияда  стандарттык свораткалар болбой калса, анда аныктоо туз методу менен жургузулот.


                Система – резус, мааниси жана озгочолугу
    Кандын антигендик системасынын 2- белгиси болуп резус- система эсептелет. Окумуштуу К. Ландштайнер маймылдын ( Macacus rhesus) канын бакма коендорго куюп, алардан макалалардын агглютиногендерине каршы антителолору бар сары суу алышкан. Кыскача Rhesus созунун баш тамгасы Rh символу колдонулат.
   Азыркы учурда резус – фактордун 27 группасы белгилуу. Алардын эн эле активдуусу болуп антиген Rh0 ( D) эсептелет. Ушул фактордун адам канында болушу жана болбошуна карап экиге болунот: резус – он (Rh+) жана         резус – терс (Rh-) .
    


     АВО же Rh группалык факторлору боюнча кандарды туура эмес куюштуруу оорулардын татаалданышына алып келет. Мында канды кандагы антиген озунун антителосу менен дал келбегендей кылып куюу керек. Мындай учур бир гана томонку учурда болот. Эгер куюлуучу донордук кан жана реципиенттин каны да бир турдогу группалардагы адамдын каны болсо. Мындан канды куюштуруунун негизги эрежеси келип чыгат: I группадагы канды I группага, IIни IIге, IIIту IIIко, IVту IVко.
    АВО системасындагы антитело чыныгы жана даяр, анткени                              « антиген+ антитело» реакциясы, биринчи эле канды  куюштурууда журот. Ал эми Rh системасындагы антитело иштелип чыккан, ошондуктан                          « антиген+ антитело» реакциясы канды кайталап куюштурууда журот, ал эми 1- куюштурууда антителолорду болуп чыгаруу процесси гана журот.
    Гемотрансфузиондук татаалдашуунун клиникалык пайда болуусу. Канды куюу учурунда же бир аз убакыттан кийин: тынчсызданууну, дуулугу, булчундардын, журоктун ооруусу, дем жетпоо, дем алуунуну кыйындашы пайда болот. Андан кийин шалдыроо, давлениенин томондошу, журоктун согуу ритминин бузулуусу журот. Мындан тышкары беттин онунун бузулуусу( кызаруу, бозоруу), кусуу, температуранын жогорулашы, журот, кээде олумго алып келиши мумкун.
   
    Резус – конфликт томонку учурда пайда болот: эгерде  резус – он канды резус – терс канга кайрадан куюда пайда болот. Биринчи куюда антителолордун иштелип чыгышы стимулдашат, экинчи куюда эритроциттердин агглютинациясы журот жана гемотрансфузиондук шок пайда болот.
      
                    
               
                   Колдонулган адабияттар:

1) « Физиология крови» Б 2007

2) « Физиология с элементами анатомии» Б 2009


3) Тулобаев А.З « Физиология» Б 2010