Кан куюу

Википедия дан
Мобилдик кан куюу станциясы.
Кан.

Кан куюу – дарылоо максатында оорулуунун кан тамырына (реципиентке) донор канын же кан дары-дармектерин куюу. Эритроциттин санын толуктоо, айланган кандын көлөмүн жана анын осмос басымын калыбына келтирүү үчүн, ошондой эле ууланганда канга аралжы заттар (физиологиялык эритме) пайдаланылат. Оорулуунун канына донордун каны туура келгенде гана куюлат. Хирургиялык операция убагында кеткен канды толуктап, оорулуунун организмин уулуу заттардан арылтып, инфекцияга туруктуулугун жогорулатат, кан басымын жөнгө келтирип, дем алууну жакшыртат. Оорулууга түздөн-түз донордон реципиентке же алдын ала консерваланып, даярдалган кан куюлат. Ар бир Кан куюнун алдында кан топтору, резус-фактор, донор менен реципиенттин канынын биол. жактан туура келиши текшерилет. Эреже боюнча бирдей топтогу кан куюлат. 1-топтогу резус – терс кан башка бардык топтогу оорулуунун канына туура келет. Кан куюу катуу кырсыкка кабылганда, кан көп кеткен операцияда, ичке кан көп акканда, күйүктө, аз кандуулукта, жугуштуу ооруларда жана башка колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]