Кан серпентинит кени
Көрүнүш
Кан серпентинит кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кан шаарчасынан 15 км чыгышта, деңиз деңгээлинен 1000–1300 м бийиктикте. 1955-ж. изилденген. Серпентиниттер Кан руда талаасынын ультранегиздүү тоотектери менен туташ жатат. Анын узундугу 8 км, туурасы 2 км, тереңдиги 400 мге чейин. Бардык анализденген сынамыктарда МgОнун орточо өлчөмү 33% түзөт, зыяндуу кошунду – фторлуу кальцийдин жоктугу руданын сапатын жогорулатат. С2 категориясы боюнча серпентиниттин запасы 21 млн т, МgОго эсептегенде 7 млн т.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7