Капар Кыдыралиев

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Кыдыралиев Капар
Капар1.jpg
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Кыдыралиев Капар
Туулган жылы: 1928
Каза болгон жылы: 1990
Туулган жери: Мантыш, кыштак, Кочкор району, Нарын, Кыргызстан
Каза болгон жери: Кочкор айылы, Кочкор району, Нарын, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: Педагог, агартуунун уюштуруучусу

Капар Кыдыралиев - агартуу ишин уюштуруучу.

Алгы сөз[оңдоо | булагын оңдоо]

Капар Кыдыралиев тууралуу кийинки муундардын кабары жок болуп калды. Бул инсандын [[Нарын облусунда]] агартуу ишин жолго коюу боюнча 1950-1990-жылдарда жүргүзгөн иштери кийинки муундар үчүн үлгү болууга татырлык. Кыдыралиев тууралуу Нарын облусунун энциклопедиясынан окуй аласыңар. Бирок, Интернетте эч маалымат жок экен. Ошондуктан, убактымды аябастан, бул көрүнүктүү инсан тууралуу маалыматты Интернетке, кыргыз Уикипедиясына киргизип коюну туура таптым. Аткарган иштерин кийинки муундарга үлгү болуп кызмат этерлик даражада баяндай алсам, бул ишиме Капар агамдын арбагы ыраазы болсун.

Кыдыралиев Капар эс алууда
Кыдыралиев Капар үй-бүлөсү менен

Кыдыралиев Капар 1990-жылы Кочкор кыштагында дүйнөдөн кайткан. Анын ысмы түбөлүккө сактоо үчүн Кочкор районундагы Калинин орто мектебине берилген. Анын уюштуруучулук жана агартуучулук ишмердиги өзгөчө адегенде райондук, андан кийин облустук элге билим берүү бөлүмдөрүн башкарып турган учурларында көрүнгөн. Кыргыз республикасынын агартуу тармагында союз мезгилинен бери болгону эки мугалим Социалисттик Эмгектин баатыры болсо, бул экөө тең Нарын областынан. Булар - Мамбеталиев Көкөбай жана Койчуманов Апыш. Мамбеталиев Көкөбайдын ысмы Кочкор районундагы "Талаа-Булак" орто мектебине берилген. Көкөбай агай түзгөн зоологиялык музей, республикалык зоологиялык музейден алда канча мыкты дешке болот. Койчуманов Апыштын ысмы дагы Ат-Башы районундагы өзү иштеген "Ой-Терскен" орто мектебине берилген. Кыдыралиев учурунда бул адамдар менен чукулунан иштешип, аларга ылайыктуу шарттарды түзүп берип, дайыма шер байлатып көтөрмөлөп тургандыктан ушундай натыйжа жаралган. Ошондой эле, бул жылдары ондогон эл агартуунун мыктылары жана эмгек сиңирген мугалимдер тарбияланып чыккан. Алардын бири Кочкор районундагы "Эпкин" орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Мааткеримов Асыранбек. Азыр бул мектеп Мааткеримовдун ысмын алып жүрөт.

Тун уулу Үсөн үйлөнгөндө

Кыдыралиев өзү иштеген Кочкор районундагы ошол кездеги 27 мектептин жетекчилеринин гана эмес, ар бир мугалимдин аты-жөнүн, турмуш-шартын, канча баласы бар экенин ийне-жибине чейин мыкты биле турган. Кийин Нарын областынын эл агартуу тармагын жетектегенде да областтын педагогикалык кадрлары тууралуу маалыматы абдан толук болучу. Ар бир мугалимдин эмнеге жөндөмдүү экенин, кандай ийгиликтерге жетише аларын билчү.

Кыдыралиев Капар менен К.Акназаров буура минип буркулдайт

Кыдыралиев Капардын кадыр-баркы мугалимдер арасында гана эмес, эл арасында дагы зор эле; бул кишинин авторитети ошондогу райкомдун же обкомдун 1-секретарыныкынан кем болгон эмес. Капар агай өз айылынан, тууган-туушкандарынан кол үзбөй, дайыма тыгыз байланышта болгон. Ал кишинин аш-тойлордогу, сөөк коюудагы туугандар арасында уюштуруп кеткен таалим-тартиби бүгүн дагы сакталып келе жатат.
Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу дегендей, Кыдыралиев Капар ар бир адам менен тилин таап, бала менен баладай, чоңдор менен чоңдой сүйлөшө билген психолог-даанышман эле. Анын ар бир адамдын жөндөмүн тааный билген сынчылык сапатын айтып өттүк. Ошондуктан ал коллективдеги мыкты мугалимди таап жана аны менен андан ары иштешип кетчү. Кыдыралиевдин чукугандай сөз тапкан чечендигин, тамашакөйлүгүн, ар бир маселени чече билген шарлыгын жана тапкычтыгын бул кишини билгендер дайыма айтып калышат.
Капар агай ошол убактагы кыргыз интеллигенциясынын Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Абдылас Малдыбаев, Шүкүрбек Бейшеналиев, Майрамкан Абылкасымова, Исабек Исаков, Сагындык Өмүрбаев, Байдылда Сарногоев сыяктуу жана башка көрүнүктүү өкүлдөрүнүн, советтик-партиялык кызматкерлердин көбү менен менен тыгыз байланышта болгон жана бул байланыштарды иштин кызыкчылыгы менен айкалыштырып пайдаланган.

PS. Кыргыз Уикипедиясына атабызга арналган сайттын демилгечиси, тууганыбыз Орозобек Түгөлбаев байкебиз, көп жылдан бери Кочкор районунда мугалим, завуч, мектептин директору болуп иштеп, кийин Бишкекте келип Билим беруу Академиясында эмгектенип келе жатат. Орозобек байке өтө билимдүү, эмгекчил, кыргыз элинин каада салтын жакшы билген накта кыргыздын патриоту. Үйүнүн кире беришинде ар дайым Кыргызстандын желеги желбиреп илинип турат.

Молдобай уулу Капар Кыдыралиевдин өмүр баяны (Жубайы – Султаналы кызы Гүлнар жазып берген)[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз ССРнын, СССР дын эл агартуу отличниги, “Кыргыз ССРнын мектептерине эмгек сиңирген мугулалим” наамына ээ болгон Кыдыралиев Капар 1928 жылы күз айларында( апасынын айтуусу боюнча) Кочкор районунун Кара-Суу айылдык советинин Мантыш кыштагында төрөлгөн. Ата энеси жөнөкөй кишилер болгон. 1936-жылы Кызыл-Дөбө мектебине кирип, 1945-жылы 9-классты бүтүп(анда мектеп 9-класска чейин болчу) Фрунзе шаарына барып 1946 жылы Пушкин атындагы № 5 орто мектебин бүткөн. Ошол эле жылы Фрунзе атындагы педагогикалык институттун эки жылдык мугалимдер институтунун тарых факультетине өтүп, 1948-жылы бүттү. Өз айылына келип 1948-49 окуу жылында, Ак-Талаа жети жылдык мектебине директор болуп иштеген. Билим сересине умтулган асыл максат аны кайрадан Фрунзе шаарына алып келиип, педагогия институтунун тарых факультетинин 3-курсуна өтүүгө түрткөн. Экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, дагы 2 жыл студент болуп, 1951-жылы бул институтту бүткөн. Бүтөөрү менен Элге билим берүү министрлигинин жолдомосу менен Чолпон райондогу (анда Кочкор району 2 районго бөлүнчү) ”Кум – Дөбө” орто мектебине директорлукка дайындалган. 1954-жылдын башында Чолпон райондун Элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп көтөрүлдү. 1956-жылы Чолпон райондун Кочкор району менен бириккенине байланыштуу Кочкордогу “Калинин” орто мектебинин директору болуп, бир жылдан кийин райондук Элге билим берүү башчысына көтөрүлдү. Андан кийин, 1962-63 жылдары Нарын областынын маданият башкармасынын начальниги болуп иштеп жүрдү. Областын жоюлганына байланыштуу, 1964-жылы кайра Кочкорго көчүп келип “Калинин” орто мектебинин директору, райондун Элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жүрдү. 1971 – жылдын башында Нарын областынын элге билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына дайындалды.   Ал Районо, Облоно болуп иштеп жүргон жылдарда мектептердеокуу-тарбия, курулуш ж. Б. жактарында көп жетишкендиктер болду. Эки мугалим Кыргызстанда биринчилерден болуп Социалистик эмгектин баатыры(СССР-дын эң чоң сыйлыгы)  деген наамга татыктуу болушту. 1987-жылы ден-соолугунун начарлаганына байланыштуу республикалык маанидеги пермсоналдык пенсияга көрсөтүлүп Кочкорго көчүп келдик. Омүрүнүн акырына чейин(1990-жыл, 13-февраль) Райондук край край таану жана тарых музейинин директору болуп иштеп, анда да республикалык кароолордун жеңүучүсү болуп көп сыйлыктарга ээ болуп жүрдү. Анын эмгектерин эли жана өкмөт баалап: бир жолу “Эмгек кызыл туу,” бир жолу “Эл достугу”,  эки жолу “Ардак белгиси”, ордендери жана “Лениндик 100-жылдыгы” медалы, Республикалык, областтык, райондук грамоталар менен сыйланган. Райондордо иштегенде райондук Советтин, областта иштегенде областык Советтинэл депутаттыгына шайланып турган. Республикалык жана Советтер Союзунун мугалимдер съездинин делегаты болгон.

                    Аны билген мугалим, агартуу  кызматкерлерге жана окуучулардын ата-энелеринин эсинде өзүнүн адамкерчилиги, кең пейилдиги, калыс-акыйкатчылыгы, ак көңүлдүгү, боорукерлиги, эмгекчилддиги менен сакталып калат.

                    Алты баланын сүйүктүү жана үлгүлү атасы болду деп, жубайы Гүлнар Султаналиева

Жакшы адамдын аты өчпөйт[оңдоо | булагын оңдоо]

          Капар Кыдыралиев айылдаштарынын айтымында бала кезинен эле ар-намыстуу, китепке ынак, жакшы-жаманды ылгаган жылдыздуу адам болуп өсөт. Анын балалыгы тоо этегиндеги айылда, күркүрөп-шаркыраган тоо суунун жанында өтөт. Ал Кочкор өрөөнүндөгү ыйык тоолорго, сырдуу асманга көз чаптырып, бул дүйнөнүн чексиздигине балалык кыял менен ой жүгүртөт. Ааламдагы ар кандай кубулуштардын сырын билүгөө кызыгат. Айылдагы сөзмөр адамдардын кеп-сөздөрүнө кулак төшөйт.

        Ата Мекендик согуш башталганда ал 12 жашта эле. Ал кездеги бүткүл элдик жакырчылык, бүткүл элдик оор кайгы, ошол кездеги элдин баатырлык эмгектери боолочок агайдын мүнөзүн, эркин ого бетер курчутат.

       Ал кезде ал агартуу ишин алдыга жылддырган, элге кадыры тоодой элдик адам болоорун ойлоду бекен?

       Атасы Кыдыралы, Капарды 5-6 жашында багып алган таякеси, - Кыдыр даарыган Кочкор өрөөнүндөгү дөөлөттү адамдардын бири болгон. Ошондуктан уулу атасынын жакшы сапаттарын үлгү катары өзүнө синирип, жаштайынан көптү билүүгө, жакшы адам болууну көздөйт. Мектепте башка балдардан айырмаланып жакшы окуйт. Анын самаган максаты  - окууну Фрунзе(Бишкек) шаарынан улантуу болгондуктан 16 жашында шаарга жөнөйт.

       Арадан бир нече жылдар агылып өтүп, ал ошол мезгилдеги мугалимдер институтун ийгиликтүү аяктайт. Эмгек жолун туулуп өскон айлына келип, мектеп директору болуп иштөөдөн баштайт, кийин Кум-Дөбө айлында да директор болуп, кызматта элдин ишеничин актап, жакшы иштеп, көп узабай Чолпон анан Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына которулат.

       Капар Кыдыралиев агартуу майданында 39 жыл иштеп, анын ичинен 18  жыл Нарын облустук элге билим берүү болүмүнүн башчысы  болуп эмгектенип, агартуу тармагын дыкан башкарган чечкиндүү, таасирдүү жетекчилердн бири болгон. Иштеги ийгиликтери үчүн “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” деген ардактуу наамды алган. Көптөгөн орден, медалдар, төш белгилери менен сыйланган.

       Мынча жылдын ичинде ал канча мугалимди сындан өткөрдү, канча ата-эненин жүрөгүндө калды, айтыш кыйын...

        Бул мезгилде ал көп күч коротуп, көп иштерди жасоого үлгүрдү. Алсак, облустун бардык мектептеринин жанында спорттук шаарчалар пайда болду, көп мектептердин аянтында тирлер курулду. Өндүрүштүк бригадалар түзүлүп, мктептерге бөлүнгөн жер участкаларынан жашылчалардын мол түшүмү өстүрүлүп, алына баштады. Жакшы иштеген окуучулар, жакшы жетектеген мугалимдер баалу сыйлыктар менен сыйланышты.

        Элибиздин башынан өткөн тарыхый замандар агайды дайыма ойлондурган. Ушул себептен ал тарых сабактарынын да көрсөтмөлүүгүнө, таасирдүүлүгүнө, турмуш менен байланышына дайыма чоң маани берген. Ошонун натыйжасында облустун бир катар мектептери тарыхый край таану музейлерин түзүшкөн. 

        Капар агай мектептин тематикалык залдарын, класстык кабинеттерди чалмакейлентип, иретсиз, башаламан, туш келди жабдыганды жактырчуу эмес. Бул маселе боюнча облустун бардык мектептеринде айтууга арзырлык жакшы жылыштар болду. Мында ал “Аз болсо да саз болсун” деген принципти колдончу.  

        Жаш мугалимдердин турмушуна, алардын өсүшүнө кадимкидей кам жеп, жаш мугалимдердин слетторун, алар менен жолугушууларды жылыга өткөрүп турууга өзү демилгечи болду. Мындай аракеттер педагогикалык кадрлардын алмашуусунун азайышына өбөлгө түздү.

        Ата-энелердин тарбиялык ишин алдыга жылдыруу максатында алардын мектептик, зоналдык, райондук конференцияларына үзгүлтүксүз катышып, омоктуу ойлорун ортого салуучу.

        Кандай кыйын маселе болбосун, кандай арыз болбосун, көпчүлүк учурда эл менен өзү сүйлөшүп, элди ынандырып, бүтпөгөн ишти бүткөрүп, маселени калыстык менен эң сонун чечип койор эле. Ошондуктан өз укугун коргогон мугалимдер, мектеп жетекчилери андан үзүлчү эмес. Ал мезгилдеги өзгөчүлүктөрдүн бири – ар бир предмет боюнча мектептердеги алдынкы тажрыйбалар, орток ийгиликтер райондук методбирикмелерде ай сайын ортого салынып, жалпынын кенчине айланып, өтө айырмалангандары бат эле сыймыкка көрсөтүлүчү.

      Облустук мектептеринде ар кимдин колунан келе бербеген иштердин бири – бул сабактарда окутуунун техникалык каражаттарын колдонуу эле. Мына ушул себептен бул маселеге да чоң көнүл бурулуп, бардык мектептерде элидиаскоп, фильмоскоп, кодоскоп, магнитофон сыяктуу техкаражаттар кеңири колдонула баштады. Ошону менен катар “Миң уккандан бир көргөн “ дегендей көрсөтмө куралдарды натыйжалуу колдонуу боюнча иш-аракеттер күчөдү.

         К. Кыдыралиев өзүнө мүнөздүү чабыт менен мектептерди тынбай кыдырган, тынбай изденген, иштин сапаты үчүн тынбай аракет кылган, элге жолуккан сайын кайраты ташкындаган, ишке жүр-нары мамиле кылганды сүйбөгөн, чечендиги ченде жок, көңүлү кенен, мээнеткеч адам эле. Ал элге үлгү болуп, алдынкы сапта жүргөн мугалимдердин таасирдүү күчүн натыйжалуу пайдаланууга аракет кылчу. Мына ошондуктан мектептер “Чыгармачыл мугалимден – чыгармачыл коллективге” деген ураандын алдында иш жүргүзүшчү. Мугалимдердин изденүүлөрү, демилгелери, табылгалары ар дайым колдоого алынып, чыгармачыл мугалимдердин слеттору, жыйындары үзгүлтүксүз өткөрүлүп туруучу. Ошондой эле Кыргызстандагы жана Союздагы жакшы тажрыйбалар ар бир райондун шартына ылайык чыгармачылык менен өнүктүрүлчү. 

       Мектеп ишин жакшыртуу маселери боюнча жылыга облус боюнча мелдеш уюштурулуп, анын жыйынтыгы менен мектептер аныкталып турар эле. Бул маселеге ал чоң маани берип, бул иштердин уюштурулушун өзү да барып жеринде текшерүүчү.

       Ал чыгармачыл мугалимдерди дайыма урматтап, алар менен бат-бат жолугуп, баарлашып, күлүк таптаган мыкты саяпкердей, алардын томуктай ишинен тоодой ишти көрө билип, алардын шыктанып иштөөсүнө оболго түзүүгө аракеттенчү. Элге кенири белгилүү Социалистик эмгектин баатырлары Көкөбай Мамбеталиев, Апыш Койчуманов сыяктуу алдынкы мугалимдер агайдын ак батасын, алкышын алгандар деп айтууга акылуубуз.

      Капар агай мектептерге келген сайын мугалимдердин ал-жайын сурап, алардын отун-суу, электроэнергия менен камсыз болушу, турмуш-тиричилиги сыяктуу маселелерге кызыгып, кең-кесири маектешчи. Анын мыкты касиеттеринин бири – агартуу ишине бөлүнгөн акча каражаттарын өздөштүрмөйүн, окуучулардын жайкы эс алуусун талапка ылайык уюштурмайын, мектептердин ремонтун сапаттуу бүтүрмөйүн жаны жай алчу эмес.   

        Агайдын дагы бир өзгөчүлүктөрүнүн бири – ал “мугалим – элет жериндеги эң биринчи адам” деп эсептечү. Мугалим өзүнүн ички-сырткы маданияты менен окуучуга да ата-энеге да таасир этерин, тарбия берерин эске алып, алардын кийим-кечесинин жупунулугуна, тазалыгына чейин көз салчу.

        Облононун башчысы катары маанилүү маселелер менен телефон аркылуу көп сүйлөшчу. Өзүнүн пикирин эч кимге, эч качан таңуулабай, ата-баладай акылдашып, ишти кандай бүткөрүүнү көп учурда өзүбүзгө тапшырчу. Өзгөчө мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүү, мугалимдер арасында тарбиялык ишти күчөтүү, аларды калпыс иштерден, терс көрүнүштөрдөн сактоо маселерине кайдыгер карачу эмес.Мектептин кароолчусу болобу, китепканачысы болобу, ар дайым агайдын көз алдында болуп, мектептин ар бир кызматкери ишинен бааланчу.

      Чогулуштардагы, жолугушуулардагы агайдын адилеттүү сындары кимди болсун ойлондуруп, андан кийин иште көп өзгөрүүлөр болгондугу байкалчу. Өзү да кандай сын-пикир болбосун ага сергектик менен мамиле жасап, көп нерсени илгиртпей билчү. Мугалимдердин билимин өркүндөтүү, кесиптик чеберчилигин өстүрүү маселелерине чоң маани берип, жогорку билими жок мугалимдердин жогорку окуу жайларынан сырттан окуп билим алышысына сүрөп турушун да айтпай кетүүго болбойт. Мындай мугалимдер менен өзү сүйлөшүп, өзү маектешип, аларга бир туугандай, атадай мамиле жасагандыгын эстегенде агайдын улуулугуна, жөнөкөйлүгүнө таң калам.

        Ал адамдын эмне ойлонуп турганын жаны менен сезген, кезектүү учурда кеп-кеңеши менен жардам берүүгө ашыккан, жамандык-жакшылыкта тикеси менен тик туруп элге кызмат кылган, ар дайым иши сонун жүрүп турган адамгерчилиги бийик, адил мүнөздүү адамдардан эле. Эн негизгиси – ал мектеп жамааттарын биримдикке, ынтымакка үндөчү. Кадрларды тандоого жана тарбиялоого көп көңул бурду. Облуста 150-гө жакын мектеп директору болсо, ар бир директордун кыял-жоругун, жөндөмдүүлугүн, анын ким экендигин жакшы билүүчү. Ал кезде Жумгал районундагы Москва атындагы орто мектептин директору, СССР Жогорку Советинин депутаты Сайнап Казатова, Ат-Башы районундагы Ленин атындагы № 2 орто мектебинин директору, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты В. Пухова, Кочкор районундагы Калинин атындагы орто мектебинин директору, СССР- дын Эл агартуу отличниги Мукаш Абазганов жана башка директорлор Капар агайды өздөрүнүн эң жакын, шарапаттуу адамы катары сезишчү.  

       Ал учур жаратылыш байлыктарын, табигат кооздуктарын сактоого бардык эле мектептер жапырт аттанышкан мезгил эле. Миисалы, ал кездеги, ”жашыл патрулдар” Кочкор өрөөнүндөгү токой аймагына, Кочкор айылындагы “Сейил” паркынын абалына, андагы ар бир жаш чырпыктын, арчанын өсүшүнө көз салуучу.

       Ойлонуп көрсөм, ал кезде анчалык байкала бербегени менен Капар агайдын тушунда аябагандай чоң иштер бүткөрүлгөн экен. Алсак, өздүк- көркөм чыгармачылыгынын ийримдеринин мектептик, райондук, облустук кароо-фестивалдарынын, спорттук мелдештердин массалуулугу, шаан-шөкөттү, адамдын  ой-сезимине тийгизген таасири теңдешсиз эле.  

       Ийиктей чимирилип, жаны тынбай иштеген агартуу кызмакерлерлери бат эле мектеп директорлугуна дайындалуучу. Алардын катарына Токтогонов Нурдинди, Энтериева Аманатты, Асангазиев Мырзабекти, Осмонов Аскарды, Темиралиева Салиманы, Темирова Турсунду, Турдукулова Венераны жана башка көптөгөн жетекчилерди кошууга болот.

      Облоного келген кандай кат болбосун ал аны кунт коюп окуп чыгуучу. Мына анын алдында Кочкор районунун Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мекткптин пионерлеринен келген кат жатат. Алар Капар агайды пионердик сборго чакырышкан. Барбаса болбойт. Мектеп бүтүрүчүлөрүнун слеттору, окуучулардын спартакиадалары, олимпиадалары иш чаралар анын ишин дайыма толуктап турар эле.

       Өзгөчө окуучуларды адистикке жана кесипке даярдоо – оңой-олтон иш эмес эле. Бул багытта райондордо окуу-өндурүштүк комбинаттар ачылып, аларда мектеп окуучулары шофердук, трактористик, куруучулук, ашпозчулук, секретарь-машинисткалык адистерди үйрөнө башташты.

       Облононун башчысы катары Капар агай сырттан окуу мектептеринин, мектепке чейинки мекемелердин, балдардын спорттук мектебинин, пионерлер үйүнүн, райондук фильмотеканын, методкабинеттин иштерине да кылдаттык менен көз  салып туруучу.  Көптөгөн жумушчу жаштар орто билимди кечки жана сырттан окуу мектептеринен алышып, өздөрүнүн билимдерин жогорку окуу жайларынан улантууга мүмкүндүк алышты.

       Дагы бир айта кетүүчү нерсе, мектептерде окуучуларды аскердик патриоттук духта тарбиялоонун абалын жакшыртуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр пайдаланылчу. Даталуу күндөргө карата согуш ветерандары, ДОСААФ, райондук аскер комииариатынын өкүлдөрү менен жолугушуулар, тематикалык кечелер дайыма өткөрүлүүчү. Мектеп окуучуларынын мектептен сырткары убактарда патриотттук  демилгелери барган сайын өсүп отурган. Өзгөчө кары картаңдарды, багар-көрөрү жокторду шефке алуулар.

      Капар агай малчылардын балдары, жетим балдар жөнүндө такай кам көрүүчү. Мектеп интернатындагы балдардын курсагы токпу, жатаканада тиешелүү шарттар түзүлгөнбү, мына ушулар тууралуу такай кызыга турган.

  Капар Кыдыралиев облононуун башчысы болуп иштеген жылдардагы мектептердин бараанду иштерин айта берсе түгөнбөйт. Окуучуларды окуу китептери, окуучулук форма менен камсыз кылуу ,мектептик ашкана-буфеттерди, музейлерди, окуу кабинеттерин иштетүүдө үзгүлтүк деген болчу эмес.

       Ал бой көтөргөндү билбеген, дөөлөт кушу башынан кетпеген адамкерчилиги бийик адам эле. Оруканада же үйүндө ооруп жаткан мугалимди, мектеп жетекчисин барып көрүп, көнүлүн көтөрүп кетүүнү өзүнүн парзы катары сезүүчү. Көрүнүшү сүрдүү болгону менен азилди, тамашаны жакшы көрчү. Дос-туугандардын, кесиптештердин жакшылык, жамандыктарында башкы үгүтчүдөй, башкы насатчыдай милдет өтөөчү. Ошондуктан анын айтканы айткандай, дегени дегендей аткарылчу. Ал кездеги Республиканын элге билим берүү Министри Каниметов Абдылда, КырПИИИнын директору, академик Измайлов Азиз, акын Абакиров Барктабас сыяктуу көптөгөн белгилүү адамдар агай менен ымалада болучу.

       Нарын облусунун мугалимдери, ал түгүл республиканын көрүнүктүү акын-жазуучулары жана илимпоздору, анын окуучулары жана замандаштары агайдын ысмын көп учурда ооздорунан түшүрүшпөйт. Чындыгында эле анын койгон талаптарынын тууралыгы мезгил өткөн сайын ырасталууда .Айталы дегенибиз, Капар агайдын артында анын эмгегин билген эли, өзү салдырган мектептеринин типтүү имараттары, өзү өстүргөн шакирттери калды. Демек анын ак ниет иштери дагы далай жылдарды карытып улана бермекчи.

       Акырында айта кете турган сөз, эл батасында айтылып жүргөндөй, агайдын “төрөгөн энесине, жол көрсөткөн атасына, арбагын көтөргөн эли-журтуна алкыш!” дегибиз келет.

Аман Балтабаев(1942 - 2010), Кочкор райондук билим берүү усулканасынын директору

Капар агай[оңдоо | булагын оңдоо]

Эсимден али чыга элек 1958-жылдын эрте күзү. Окуу жылы жаңыдан эле башталган. Биз жайкы каникулдан келип Кочкордогу Калинин атындагы мектептин жатаканасынан орун алдык. Интернаттын башчысы Зарылык агай бизге интернат тууралуу айтып түшүндүрдүу. Интернатта жаткан жетим балдарга бекер кийим таратты. Биринчи сентябрь күнкү сабак бүткөндөн кийин түшкү тамакка бардык. Мектепин директору(аты-жөнү эсимде жок), Зарылык агай болушуп, биздин жаткан бөлмөлөрдүн иреттүүлүгүн, тазалыгын текшерип, тумбочкалардын ичтерин тазалагыла, кроваттагы төшөнчүлөрдү жакшылап заправка кылгыла, киши келет деп калышты. Биз өз-өз бөлмөлөрүбүздө эртеңки сабактарга даярданып отурабыз.

       Бир кезде чарчы бойлуу, бешенеси жарык, кара чач отуздарга келип калган жигит кирди. Баскан-турганы тың, көзү оттуу. Аны бизге Зарылык агай райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы деп тааныштырды. Аты-жөнүн айтышкан жок. Биз кол чаап жибердик. Бир аздан кийин “силер менен таанышып алалы, атым Капар фамилиям Кыдыралиев” деди да, бул жерге келген максаты жөнүндө айтты. Ошол жолугушууда көп нерсени түшүндүк. Капар агай чечен жигит экен, бир такалбай олтургандарды өзүнө тартып сүйлөдү.

       Мен ошондон кийин Капар агайды көп эстеп жүрдүм. Ал биздин мектепке көп келчү. Өмүрлүк жолдошу Султаналиева Гүлнар эжей бизге алгебра, математика сабактарынан берүүчү. Агай менен далай жолу ангемелешип, далай жолу чогүү болдук. Ошол кездешүүлөрдүн бирине токтоло кетейин. Май айы аяктап калган. Жайкы каникулга тараганы калганбыз. Капар агай биздин класска кирди. Гүлнар эжей алгебрадан сабак өтүп жаткан. Биз тура калдык. Азыраак убакка ал-жай сурашып анан Капар агай мени күлүмсүрөп карады.

- Кандай окуйсуң? - деди

- Жакшы.

- Жакшы болсо дурус экен. Фрунзе шаарындагы №5 – кыргыз орто мектебинен окуйсуңбу? – деди. Мен башымды ийкедим.

- Анда эмесе каттап кой – деди мектептин директоруна – Силердин мектептен быйыл 2 бала кетет. Булардын делолорун тезинен мага алып келгин, жөнөтүп жиберелик. Аякта да ушундай эле жата турган интернат бар. Кийим, тамак –ашты бекер берет. Бара бер, Саяк. Каякта жүрсөн да жакшы жүр. Энеңе барып жүрөсүнбү? Эгер жумуштарың болсо мага коркпой эле келип жүр, жардам беремин. Фрунзе шаарына докуметтериңди өзүбүз даярдап жиберебиз – деди.

       Кийин №5 – орто мектепти бүтүп, Кыргыз мамлекеттик Университетине өтүп, 1963 – же 1964-жылдары болсо керек, Кочкорго келсем Капар агай мурунку биз окуган Калинин орто мектебинде директор экен. Мени кабинетке киргизип алып, жаны калбай аркы-беркини сүйлөп, өзү да бир убактарда №5 – кыргыз орто мектебинен окуганын айтты.

       Азыр ойлосом Капар агай жетекчи кызматтарда жүрсө да окуучулардын өй-дүйнөсүн байытып, өзүнүн адамдык сапаты, педагогдун тубаса жөндөмдүүлүгү, сезимталдыгы менен ар бир окуучуну түшүнө билген экен. Балалык чагым, мурунку Калинин мектебим, балалык баео сезимимди ойготкон Кыдыралиев Капар агайым эстен кетпейт. Ушундан улам азыркы эжей-агайлар да балдарыбыздын барктоосуна, урмат-сыйына, эскерүүсүнө арзыса экен дейм.

        Өз ишин элеттик мугалимден баштаган Капар агай эл агартуу майданында узак жылдар бою татыктуу эмгектенип, калайык-калктын, айрыкча мугалимдердин кадыр-баркына ээ болгон. Жаратылышынан ишке жөндөмдүү, уюштургуч, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш жигит 26 жашында Чолпон районунун, 29 жашында Кочкор районунун эл агартуу бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган, киийин 18 жыл Нарын облусунун элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп үзүрлүү эмгектенди.

        “Сыйлык кымбат эмес, сый кымбат” деген эл сөзү бар. Эмгеги элге сиңсе, эли ызаат көрсөтүп турса мындан ашкан бакыт барбы. Бүгүн Капар агай арабызда жок. Эмгегин эли эскерип, бир убактарда Капар агай иштеген мектепке анын ысымы коюлуп олтурат. Мындан өткөн сыймык барбы!

Жел экен мезгил деген карматпаган

Менсинген учкундары жандатпаган

Жүргөндө турмуш менен алпурушуп,

Жылдардын жылгандыгы байкалбаган –

деген экен бир акын. Анын сыңарындай мезгил, убакыт дегениң билинбей өтө берет тура. Капар Кыдыралиев агай айылдаштарынын, окуучуларынын, шакирттеринин, мугалимдердин эсинде кыргыздын маданияттуу, билимдүү агартуучуларынын алдынкыларынын бири болуп жашай бермекчи.

Саяк Кадыров, журналист

Воспоминания о Капаре Кыдыралиеве[оңдоо | булагын оңдоо]

Пушкин писал: “ Заметьте, что неуважение к предкам есть первый признак дикости и безнравственности”

Мы должны помнить:

Память сердца – великая вещь

        Позвонила Анара – младшая дочь Капара Кыдыралиева, сообщила, что намечаются мероприятия посвященные 70-летию отца, в том числе выпуск брошюры по воспоминаниям близко знавших его людей. Это сообщение взолновало меня. Нахлынули мысли роем, которые сходу трудно ясно и четко выразить.

       1971 год. Образовалась вновь Нарынская область. 10 лет мы (работа, город) находились в республиканском подчинении. Я работала секретарем Нарынского горкома партии. Оргбюро по организации области преедложило мне работу заместителем заведующего Нарынским Облоно. Честно говоря я оскорбилась. “С чего начинала молоденькой девчонкой, тем выходить должна заканчивать свой жизненый путь.” Это после секретарства в Горкоме партии, учебы в ВПШ ЦК КПСС.

       Сдав госэкзамены в партшколе, я в апреле 1971 года явилась в новой ипостаси к своему начальнику – заведующему Облоно Капару Кыдыраливу. Весна. Солнечный теплый день. Он стоял на крыльце нашего учреждения, увидев меня, заулыбался и сказал: “ А мы Вас заждались.” Мне стало как-то тепло на душе от этих слов и я подумала, что мне придется работать с гибким, тонким человеком, который будет погонять “не кнутом, а овсом.” Потом я убедилась в этом .Какой кнут сравнить с грубым, неосторожным словом, с оскорблением достоинства. Затронь он в тот момент мое самолюбие и рана бы не зажила. Апрельская встреча стала моей счастливой судьбой. С Капаром Кыдыралиевым я проработала не 18 дней, не 18 месяцев, а 18 лет. И за эти 18 лет он ни разу ничем не обидел меня . Он “ не искал грани у яйца,” не придирался по мелочам, доверял во всем, давал хорошие советы, заставлял(просил) думать. Все это не отрицало требовательности.

       Он жил жизнью каждого работника аппарата, руководителя Роно, директора школы, учителя, как своей собственной, видел в каждом деле из нас человека и верил в каждого. Умел каждому дать цену определить по достоинству его качества.

       Он много ездил. У него была интуиция находить положительное в опыте работы школ области, руководителей школ, учителей – различных по возрасту, национальности, профессиональной специализации, по их характерам, пристрастиям и даже по их акцентам в тактике воспитания.

      Когда решался вопрос о награждении (начиная с правительственной награды, присвоения звания “Заслуженный учитель” и др. поощрений), он ни когда не ошибался и в числе награждаемых, поощряемых мы видели достойных людей, образцы истинного призвания, неотделимых от любви к детям, неутомимых тружеников, полных инициативы  и увлеченности.

      Посылая нас в школы на фронтальные тематические проверки он постоянно напоминал нам , чтобы мы умели разглядеть тех, кто хорошо и плодотворно делает свое дело. Помнить, что это результат профессионального мастерства, которое добывается в процессе опыта и постоянно растет в результате самосовершенствования. “Мастерство – говорил он, неотделимо от общей культуры, дающей масштаб педагогического мышления.”

      Высшим критерием оценки работы учителя он считал любовь учеников.

       Он обращал внимание на внешний облик учителя, как он одет, обут, устройство его домашнего быта, наличие личной библиотеки, бани, огорода, цветника и т.д.

       Однажды он мне говорит: “Вы знакомы с учителем биологии Тала-Булакской школы Кочкорского района? Если не знакомы, выберите время, съездите, посмотрите, познакомтись, потом скажите свои впечатления.” Приехали мы с зав. Районо Мукашем Абазгановым в далекое кыргызское село. Школа маленькая, туземного типа, новое здание было в проекте. Но какое чудо я увидела в одном из классов! Настоящую лабораторию, где представлена животный и растительный мир всей Киргизии, и в частности флоры и фауны, непосредственно окружающей Тала-Булак.

         От ликвидатора неграмотности среди пастухов Көкөбай стал создателем одного из лучших музеев природы. Учил детей как разумно жить в окружающем мире, разумно беречь окружающий мир, чтобы сокровища его не иссякали, вливались в общее достояние.  Дело клонилось к вечеру, надо было трогаться в обратный путь и Көкөбай пригласил нас на күлчетай и чашку чая. Зайдя к нему, мы по приусадебному участку поняли, что этот человек создал оазис из цветов и овощей в суровых горных условиях. В доме скромная обстановка, все сделано своими руками. Вокруг дома по соседству – особняки под железной крышей, у него скромненький под шифером. На мою шутку, “что же вы отстаете?” Көкөбай ответил: “Смысл жизни вижу в ином. Лишнюю рубашку отдавать другим.” Иначе говоря Көкөбай был настоящим гражданином и учил гражданственности.

       В этой школе (мы открыли зеленую улицу), затерявшейся далеко, за многими километрами горных дорог, побывали сотни учителей из многих районов республики. Мотивом паломничества всех было желание посмотреть, осмыслить; что может сделать личность.

       Мамбеталиев был в этом деле магнитом, ему помогали общественность, коллектив учителей, учащиеся, родители. Так родился первый Герой социалистического труда среди учителей Кыргызстана.

       Постоянный поиск лучшего и на этом лучшем учить других было правилом нашего заведующего. Магнитами личности стали учителя Тянь-Шаня Абдылда Арапбаев, Джантаева из Ак-Талинского района, Мукаш Абазганов из Кочкорского района, Казакбаева Б., Унгефухт В. из Нарына многие, многие другие. Апыш Койчуманов из Ат-Башы стал также Героем социалистического труда. Объединяло их всех – образованность, культура, нравственность, любовь к детям.

       Начало нашей совместной работы совпало с принятием Постановления Партии и Правительства в 1972 году «О завершении перехода ко всеобщему среднему образованию и дальнейшем развитии общеобразовательной школы.» Сколько сил, энергии, ума, гибкости, нервов нужно было, чтобы организовать работу по выполнению задач, поставленных Постановлением.

       Капар Кыдыралиевич был отличным пропагандистом и организатором. Он находился в постоянном поиске, думал, искал, находил. У него болела голова обо всем, что у нас есть районы, где нет ни одной типовой школы, что дети дошкольного возраста на попечении престарелых родителей, что современное обучение немыслимо без наличия кабинетов.

       Стали выпускать методические разработки по каждой проблеме, проводить семинары на базе лучших школ. Ничего не делалось скопом, с наскоку.

       А как Капар Кыдыралиевич выступал! Он был прирожденный оратор. Речь его была яркая, образная. Он умел совмещать несовместимое. Сколько в нем было юмора…

        Удивляли его аккуратность, работоспособность. Всегда подтянутый, безукоризненно аккуратно и чисто одет, причесан. Все есть и ничего лишнего, никакой роскоши. Во всем служил примером.

       За год до его болезни я купила себе хорошее элегантное кожаное пальто. Он меня похвалил, сказав: «Мы не настолько богаты, чтобы покупать дешевые вещи,» а потом добавил, «что молодость нас сама по себе украшала, а теперь не лишние какие-то украшения.»

       Много читал. Был интересным собеседником. В любой области политики, науки, культуры и т.д. легко ориентировался.

       Как-то раз я перед ним оконфузилась. Проводили фронтальную проверку в школах Ак-Талинского района. По итогам должно было быть бюро Райкома партии. Договорились выехать за два дня раньше для подведения итогов. Он сказал: «Готовьтесь, утром я за вами заеду.» Заехал с двумя нашими работниками. Я подала на завтрак жареную картошку с мясом и чай. Прошло время, говорили о гостеприимстве кыргызского народа. Он сказал: «Да, мы не съедаем запасы, они у нас хранятся на случай встречи гостей.» Сказанное было для меня горькой пилюлей.

        О Капаре Кыдыралиевиче можно писать и писать, вспоминать и вспоминать. О нем не скажешь хороший это был человек или плохой. Его не вместишь в рамки. Он был крупной колоритной личностью, вместившей в себя мудрость народа.

       Огорчало, что его стали одолевать болезни. Это его угнетало. Он любил жизнь, работу, не признавал покоя.

       Помню: его задело предложение выйти на пенсию, что означало отлучение любимого дела. Разумеется, он не унизился до объяснений, не стал доказывать, что еще в силах руководить Облоно. Видела, что писал заявление с нажимом пера, размашисто (каллиграфия у него была отличная), а тут коряво: Пенсия так пенсия, как Вам будет угодно! Видно было, что глубоко оскорблен, угнетен.

       Мне иногда кажется, что это угнетенное состояние духа повлияло на его болезнь, ослабило сопротивление организма. Жил же он еще несколько лет, руководил музеем. Не умеют у нас беречь хороших людей.

       Для меня он навсегда останется в памяти Человеком с большей буквы, учителем, наставником, другом. Капар Кыдыралиевич ушел, а люди впитавшие его идеи, помыслы живут и продолжают его дело, которые ему предстояло решать.

        Ушел из жизни в 62. Разве это для мужчины возраст?

PS. По отдельным деталям знала, что он отличный семьянин, прекрасный отец. Он помнил и знал, кто из детей, в чем нуждается морально, материально. Всех по-своему любил, каждым гордился.

        Зоркости и проницательности у него не занимать. Психологом был отличным. Я далека от мысли идеализировать его. Но отрицательных черт в нем не нахожу. Как-то за всем хорошим, что в нем было их не замечалось верно незаметно совсем.

Лямзина Ольга Викторовна, 14 июля 1998 года

Отличник образования Кыргызстана, просвещения СССР, Акаевский стипендиат, ветеран народного образования области. Награждена орденом «Знак почета», медалями, Грамотами Верховного Совета Республики и области. Почетный гражданин г. Нарын  

PS. По пути спросила у нашей бывшей методистки Жаңыл Жалиловой, какие на твой взгляд яркие черты Капара Кыдыралиевича? Она не задумываясь перечислила следующие:

-        Знающий,

-        Трудолюбивый,  

-        Справедливый,

-        Психолог, подход к каждому, понимал, знал, видел насквозь,

-        Не терпел ложь, особенно женщин

-        Определить каждого, найти в каждом хорошее, ободрить.                

Мукаш Абазганов агайдын(1927 - 2014) эскерүүсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Капарды 1955-жылдан бери жакшы билемин, анын алчейим мүнөзү, ишкердиги, ар кандай иш чараларды жөнгө салуудагы уюштуруучулук угуту жана түмөн түркүн кыйгалыш кырдаалдарга карабастан, ар дайым оор басырыктуулугун опол тоодой кабелтең сактай алган көтөрүмдүүлүгүнө далай суктанып, таңгалганмын. Ал намыскөй адам(инсан) экенин жеке куру сөз менен эмес, турмушта да көрсөтүп жүргөнүнө өзүм да күбөмүн.

       Капардын чогулуштарда киргизген сунуштары менен койгон талаптары да башкалардан аыйырмаланып турчу. Бөтөнчө элге билим берүү, жаштарды адептүүлүккө тарбиялоо жагына келгенде күйүп-бышып турчу эле.

       Капар эрте өчтү. Бейишин берсин. Анын атуулдук санжырасын тактап, таберик сөзүн таразалап алар журту турат. Капардын бирөөгө акаарат келтиргенин билбеймин, көрсө анда таза адеп, улууга урмат көрсөтүп, кичүүгө ызаат жасачу табигый боорукерлик, бир мүнөздүүлүк жеринде эле бар экен, ал канчалык кызмат даражасы жогорулаган менен баягы адамдык улуу сапаттарынан ажыраган жок.

       Минтип, мезгилсиз ажырап калабыз деп кайдан ойлодук. Ажалдан улук нерсе жок тура.

       Атаңардын арбагы колдосун, ушундай адамдын урпактары экениңерге сыймыктангыла.

     Эскертүү: Мукаш Абазганов агай көп жылдар бою Калинин атындагы, кийин атабыздын атына которулган мектептин директору, Кочкор районунун элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.      

Казакбаева Букеш эжейдин эскерүүсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Капар Кыдыралиевич менен узак мезгилдер бою эл агартуу майданында бирге иштешип, ишибиздин жакшы, жаман бирге болушуп жүргөндүктөн, ал киши жөнундө кыскача эскерүүнү чечтим.

       Капардын иштеген иши, адамкерчилик сапаты, мыкты педагог, чыгармачыл көрөгөч жетекчи, шайыр, боорукер ата, мээримдү маданияттуу үй-бүлөнүн ээси катары балоочумун.

       Капар минтип айтар эле –

                “ Жакшы мугалим учкундан жалын түтөнтөт.

                  Балапандан куш кылат.

                  Чырпыктан чынар өстүрөт.

                  Тамчыдан көл жаратат.

                   Бирди миңге жеткизет.

                   Андай адам дайыма эл оозуна алынат.

                    Даназаланат.

                   Мына ошондой калк кастарлаган мугалим болуу керек” – дечүү.

       Капар өз кесибин эң жакшы билген, чыгармачылыкты талап кылган, иштеген адамдын эмгегин баалай билген жетекчи экенин көрсөтө алды. Бир көргөндө эле адамдын кандай экенин, мүнөзүн билип коер эле. Мектептерге барып кабинетке киргенде эле мугалим менен өтө жайдары, карапайым үй-жайын, турмушун, балдарын, предмети жөнүндо сүйлөшүп тамашалашып кандай адам экенин, предметин кандай өздөштүргөнүн билип, ошол замат эле, бул мугалим мыкты экен муну көрбөй эмне кылып жүрөсүңөр деп күлүп көрсөтмө берер эле.  

       Капар эмгекти сүйгөн, , чындыкты жактап калп айтканды жек көргөн, өтө тамашакөй эле. Анын жакшы мүнөзү даыма көз алдыма элестейт.

Казакбаева Букеш

- Кыргыз ССР-нын эмгек сиңирген мугалими,

- Крупская атындагы медальдын ээси,

- Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендердин ээси,

- Республикалык маанидеги пенсионер,

- Нарын шаарынын ардактуу жараны.

Капар байке[оңдоо | булагын оңдоо]

(Сатарова Зина эжебиздин эскерүүлөрү)

       Мен сыйлап урматтаган Капар байкем жөнүндө билген укканымды айта кетейин дедим. Ал кичинекейинен эле өтө тың, тыкан жоопкерчиликтүү болуп өсүптүр. Таякеси Кыдыралы аксакал айылдын билерманы, атактуу адамы болгон. Капар байке ал кишиникинде кичинекейинен тарбияланып чоңойгон. Өзү айтып калаар эле, - “адамга ишенүү бул чоң тарбия. Ошол мезгилде айылда жашоого керектүү буюм-тайымдар жокко эсе эле. Мал менен оокат кылышкан. Малды Шамшы ашуусу менен Чүйгө айдап келишип, сатышып, анан үйгө керектүү оокаттарды алып барышчу. Мага  дагы  Кыдыралы атам мал берип, бараткан элге кошуп жөнөтчү. Келгенден кийин алып келген буюмду тапшырганда баарына ыразы болуп жыйынтыгын сурачу эмес, мага толук ишенчү” - деп.

       Байкем өтө тууганчыл эле, айылда жамандык жакшылыкта такай башында болчу. Ал кишисиз туугандар эч нерсе жазачуу эмес, келип эмне дейт деп күтүп турушчу. Бир жолу айылдан бир адам каза болот. Ал туугандардын ражасында жок экен. Үйүндө уну, майы отуну жок. Айылдагылар унчугушпайт. Байкем келип өзү туугандарды чогултуп ража топтоп сөөктү жайына койдурат.

       Капар байкем сөздү таап көркөмдөп сүйлөгөн, сөзмөр адам эле. Бир жолу  жакшы теңтушу Туткабай аксакалдыкына барып калдык. Экөө тамак бышкыча тамашалашып бири бирине кадимкидей какшык, кычык сөздөр айтышып олтурушту. Мен экөөнү урушуп кетпесе экен деп чочулап отурсам, алар бүткөн соң кычуусу канган кишилердей ырахаттанып тамакка киришти. Кийин ойлосом тубаса сөзмөрлүгү бар адамдар өзүнө теңдеш кишилер менен мал-малы айтышып кычуусун кандырып турбаса көнүлү ток болбойт экен. Байкемдин жанында Туткабай аксакалдан бөлөк сөзмөрлүгү менен белгилүү Азиз, Акал жана башка аксакалдар бар эле. Байкемди көрсөткөн дагы бир кошумча - биздин бир инспектор: “ биз Капар Кыдыралиевич менен Казарманга командировкага жөнөп калдык. Биз менен чогуу акын Байдыла Сарногоев отуруп калды(өзүнүн иштери менен баратыптыр). Экөө бири бирин табышкандай Казарманга дейре тынбай тамашалашып баарлашып барышты. Агайдын сөзмөрлүгүнө мен ошондо таң калдым”- деп айтып берди эле.  

       Үй бүлөсүнө, балдарына өтө карамдуу болчу .Ар бир баласына аталык мээримин төкчү. Өзгөчө Бактыгүл кызын жакшы көрөөр эле. Боюнда бар кезинде дагы тизесине отургузуп алып эркелетчү . Балдары тартиптүү, билимдүү болушту. Төртөө Москва, Ленинградтан билим алышты. Балдарынын эс алуусуна өтө көнүл буруп, каникулга келгенде көлгө, тоого, туугандарга алып барып эс алдыруучу. Жолдо баратканда өзү жакшы көргөн “Ажал ордуна” драмадагы ырлардан үзүндүлөрдү ырдап берчи. Жагымдуу үнү менен обонун келтирип ырдаганда отургандарды өзүнө тартып алчу, көрсө мектепте жана институтта окуганда кароолордо ырдап жүрчү экен.

       Өзү өтө сезимтал, психолог эле. Адамды бир көрүп туруп эле анын кандай адам экенин баамдачу.

       Кийимди дайыма жарашыктык менен келиштирип таза кийип жүрчү. Анын буюмдарынын баары жакшы  жана бышык болчу. ”Арзан буюмдарды сатып алгандай биз анчалык бай эмесбиз” деп айтып калар эле.  

       Дем алыш күндөрү биздин сурообуз боюнча шорпо жазап берээр эле. Ал жазаган шорпону эч ким андай жазай алуучу эмес.

       Байкемдин үйүндө 6-жылча жашадым, ал киши жеңеме же балдарына үнүн катуу чыгарып урушканын уккан да көргөн да жоккмун.

Ps. Зина эжебиз элге билим берүү үчүн татаал 90-жылдарда атабыздын наамындагы Капар Кыдыралиев атындагы мектептин директору болуп пенсияга чыкканга чейин иштеп жүрдү. Мектеп район боюнча алдынкылардын арасында болуп турганы бул эжебиздин жетекчилик талыкпас зор эмгеги. Мугалимдер айткандай кийин мектеп андай денгелге көтөрүлө албады.  

Менин Капар агай менен болгон жолугуушум[оңдоо | булагын оңдоо]

        Агайды көп эскеришет, анын күчтүү педагог, жакшы жетекчи , адамдык сапатты баалай билген адам  дешчү. Мен өзүм менен болгон окуяны айтып берейин.

       Мен мектепке жаңы иштеп келген жылы агай биздин мектепке келип калды. Директорубуз Мукаш Абазганов, завучтар Байтикова, Асангазиевдер аябай чуркап калышты. Мугалимдер кабинеттерди көздөй  чуркашты, өздөрөнчө чыру-чуу. Мен дагы кабинетиме келдим, №2 англис тил кабинети эле. Жаштык дем менен кайдагы бир чоң келгендир деп кыйынсынып  эч нерседен корккон да, сезген да жокмун.

       Агай кирип келип, - “кызым шкафтарды көрсөтчү” деди. Мен шкафты ачып жиберсем, кудай өзү көрсөтпөсүн чаң баскан эски плакаттар бетиме чейин чачырап баары чаң болуп калды. Мен актанып жакында эле кабинетти бергенин айттым. Агай директорду бир карады, ал байкуш жерге кирип кете жаздады. Мени карап 2 ай мөөнөт берди. “Кызым сени ошондо көрүп баалайм” - деди, “жаш экенсин ишиңди көрсөт” -  деди. Мен ошондо эсиме келдим. Кабинетти бүт жаңыртып жазап чыктым. Агайдын сүрдүү өңү, таасирдүүлүгү элестеп турду. Мен келбейт го дедим. Чоңдор коркута берет деп ойлодум. Бирок агай келип мурунку кемчиликтерибизди карап чыгышты. Агай мага түз эле озү кирди. Биринчи жолу корктум, текшерүү эмне эенин сездим. Кабинетти чындыгында эле укмуш жасагам. Баары таза, жаңы пардоодон өйдө жаңырткам. Кирип баарын карап, ыраазы болгонун өңунөн эле байкадым. “Кызым тың экенсин ошондо эле байкагам ,сенден жакшы мугалим чыгат” – деп чыгып кетти. Ошондогу сүюнгөнүм, толкунданганым өмүр бою эсимден чыкпайт. Бул унутулгус нерсе.

Шайлоо Жаманкулова,

Капар Кыдыралиев атындагы мектептин 1979 -  2012 жылдардагы англис тили боюнча мугалим

Кыдыралиев Капар жакындары менен

Ар кыл наамдары, сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз эл агартуу Министирлигинин ардак грамотасы менен 3 жолу сыйланган
  • Кыргыз ССРнин эл агартуусунун отличниги
  • Кыргыз ССРнин мектептерине эмгек синирген мугалим
  • Эмгек Кызыл Туу ордени
  • Элдердин достугу ордени
  • Ардак белгиси ордени
Кыдыралиев Капар менен А. Койчуманов

Эстелик[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кочкор районундагы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектеби

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Байбичеси Султаналиева Гүлнар. Уулдары: Үсөн, Сыргак, Асан, Улан. Кыздары Бактыгүл,Анара. Балдарынын баары жогорку билимдүү. Сыргак физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Улуттук университетинин окутуучусу, профессор. Улуусу Үсөн. Анан Бактыгүл, Сыргак, Асан,Улан. Кенжеси Анара. http://a2.sphotos.ak.fbcdn.net/hphotos-ak-ash3/(жеткиликсиз шилтеме)

Чоң апа (Апасы)[оңдоо | булагын оңдоо]

(Керим кызы Уулжан, 1890–1972)

    Ар бир адамдын жаш кезинде беделдүү, олуядай көргөн жана үлгү ала турган адамдары бар болушу ыктымал. Убакыт өткөн сайын ал адамдар,  өзүңдүн өзгөрүшүңө карата алмашып турушу,  бул турмуш табигатынын закон ченемдүү, белгилүү көрүнүшү. Бирок алардын арасында бир мезгилде сүйүктүү болуп, түбөлүктүү ан-сезиминде жашай турган адамдар да бар. Менин Чоң апам да мен үчүн бир кезде ушундай адам болуп, түбөлүккө калды. Бул окуя, мен бала кезимде, кышында ооруп, төшөктө жатканда болгон. Чоң апам биздин  туугандар менен кошо биздин үйүбүзгө учурашканыбы же мени көргөнүбү келишиптир. Мага балык ала келиптир.  Ооруп жаткан кишилердей эле тамакты жакшы ичпей жатсам керек, атамдын менин тамакка көөнүмүмдү күчөтүш үчүнбү -  бул балыкты Чоң апаң  муздак суудан атайы сени жеп, батыраак айыксын деп, кармап келиптир дегени алигиче эсимде. Элестетип көрсөңөр, сен үчүн бирөө кышында муздак сууну кечип, балык кармап жүргөнүн. Кичинекей  баланын элесинде жомоктой эле сезилсе керек. Ошондон кийин Чоң апам мен үчүн эң чоң даражалуу, жакшы көргөн адам болуп өмүр бою кала бергени түшүнүктүүдүр. Бирок бул башаты кана болчу. Чоң апамды канчалык улам жакыныраак тааныган  сайын, ошончолук ага ишенимим, жакшы көргөндүгүм өскөндөн-өсө берди, чынында ал кудайымдай көрө турган киши болуп калды.  

    Чоң апам бүт өмүрүн эмгек үстүндө өткөрүү менен жашап өттү. Карыганда, өзүнүн балдарыныкында жайбаракат жашагандын ордуна,  дайыма бирдемеге алек болуп, мээнеткеч киши болчу. Биздикине келгенде, конок болуп кеткендин ордуна, короону шыпырып жана башка колунан келген жумушту жасап, жаны тынбачу. Ушуларды элестетип, мен азыр дагы ушул жумуштардан, Чоң апамдын шыпырып кой деген сөздөрүн укпастан, качып кеткенге чейин кылган аракеттерим  үчүн өзүмдү күнөлүүдөй сезем. Чоң апам болсо бизге болгон сагынычын кандырып, башка өзү кыла турган иши түгөнгөндөн кийин айылдагы өзүнүн үйүнө кеткенге шашылчу. Мен болсо ушул каяктагы бир айылдагы эски үйдө эмнени жоготту экен ушундай шашкандай деп, анда түшүнбөй таарынчу элем. 

  Чоң апам, Калича эжемдин(атамдын карындашы) айткан сөзүнө караганда, кол өнөрчүлүк боюнча уз болуп, өмүр бою шырдак, кийиз, көлдөлөң жасап өттү. Өзү чебер гана болбостон, уюштуруучу, абдан сарамжал, камбыл, оокатчыл болгон. Аракетчилиги менен оокатту жашашкан. Айылдын аял-келиндерин чогултуп бирге кол өнөрчүлүк менен алек болуп, сапаттуу буюмдарды жасашчу экен. Алардын ишенимине жана кадырына ээ болуп, турмушта да болгон маселелерге өзүнүн кеңешин берип турчу. Аялдар гана эмес, бардык айыл–ападагылар  дагы келип жашоодогу маселелр боюнча Чоң апабыз менен кеңешип турушчу. Ал эмес, элдин кадыр-баркына ээ болгон, эл анын сөзүн бир айтканда аткарган, айылдын сельсоветинин башкармасы болуп жүргөн иниси - Кыдыралы атам дагы маанилүү суроолор боюнча келип, кеңешип кетчү дешет. Чон апам дагы өз кезегинде Кыдыралы атамдын кийлигишүүсүн же ага байланышы бар масалелерди өзү чечип койбостон, Кыдыралыны кутөлүк, аны менен чогуу чечели деп жооп кайтарчы экен.            

   Тубасабы же тарбияданбы, Чоң апамды  жоопкерчиликтүү жана чечкиндүү, өзүнө ишенимдуулүк мүнөзу ошол убакыттагы кыргыз аялдарынан айырмалап турса керек десем, жаңылбастырмын. Элдин сөзүнө караганда, аны башка бирөөгө кудалашканы жатканда, сүйлөшүп жүргөн чоң атам(Молдобай, (1891-1939)) менен Суусамырга Чоң атамдын күйөгө чыккан карындаштарына качып барып, жашап калышыптыр. Туугандардын айтканы боюнча, чоң атам жоош, кудайга дайыма сыйынган, акыл-эстүү киши болуптур. Муну дагы бир нече жылдан кийин Суусамырда болгон окуя тастыктайт. Чоң апамдын апасы өтүп кеткенден кийин, аларга  Кыдыралы атам барыптыр. Ал убакта жол алыс болгондуктан, өз убагында кабар берилбесе керек. Учурашып, үйгө киргенден кийин, Чоң апам инисинен – үйдө бардыгы жайындабы, тигиши ажырап кеткен шымды кийип алыптырсың, апам сени мындай кебетең менен жибербейт эле деп сураганда, апасынын кайтыш болгону жөнүндө кабар угузуптур. Андан тышкары Атам(Керим атасы 80 жашка жакындап калыптыр) башка аял албайм, мени Уулжан эле багат деген сөздөрун айта келиптир. Ушундан соң Чоң атамды, атам менен инилерим апамсыз жүдөп кетишет деп  көндүрүп(Чоң атамдын түшүнүктүүлүгүн көргүлө) , Токуш атамды(атамдын эң улуу агасы) өңөрүп алып (кичинекей бала болсо керек) Мантышка көчүп келишиптир. Өшентип Мантыш биздин атабыз туулган кичи мекенибиз болуп калыптыр. Чоң апабыз болсо көпкө дейре - инилери чоңойгончо, атасы өлгөнчө  чейин эки үй-бүлөнүн түйшүгүн тартып жүрүптүр. Өзү 10 бала төрөптүр, алардын бешөө бала кезинде чарчап калыптыр(медицинанын жоктугу да). Кийин инилери жана балдары Кыргызстандын татыктуу кишилери болгонуна Чоң апабыздын салымы баа жеткис болушу керек. Айылдык аялдардын айтымында Чоң апабыз кичүү уулу  Карыбек байкем Москвадагы мамлекеттик Университетинин аспирантурасында окуп жүргөндө балам алыста үйдүн тамагын сагынат деп жайдын күнү келиндерге камыр жуурутуп, жупка жасатып, кесме кестирип даярдатып койчу экен. Кары байкем каникулга келгенде алып кетип жүрүптүр. Өзү дагы  балдары, инилери алып келип берген кийим-кечелерин эл чогулган жерлерге кийип барып муну Маскөөдөн, муну дагы башка жерлерден алып келип берди деп өзүнүн балдары, инилерине сыймыктанып көрсөтчү экен (муну баардык апа-энелер кылышса керек).

    Чоң апам, өз убагында, Кыдыралы атам экинчи аялына (Жийдебүбу апа) үйлөнгөндө көпкө дейре балалуу болбой жүргөндө, аларга жалгыз болбогула деп өзүнүн үчүнчү уулун, биздин атабызды (5-6 жашта болсо керек), энчилеп бериптир. Кыргыздардын бала-балага деген түшүнүгү боюнча мындай ырым тукумун улантканга жардам берет деген ишеним болсо керек. Чынында эле, бир нече жыл өткөнсоң Кыдыралы атам менен Жийдебүбү апам эки уулду болушту(Дербиш менен Калыгул). Биз болсо Кыдыралы атамдын ысмын алып Кыдыралиев болуп калдык.

    Чоң ата, апабыздын туруктуу өз үйү болбой, ар кайсы жерлерде бир топ жыл жашап жүрүшүптүр. Чоң атабыз көзүн жумгандан кийин өз үйсүз жашаган болбойт деп Чоң апа балдары менен кеңешип, Кыдыралы атамдын, инилеринин, Токуш атамдын (ал убакта кызматкер болуп иштеп калыптыр) жардамы менен үй салышыптыр. Ошондон бери Чоң апам, балдарынын Фрунзеге же Кочкорго тур деген суранычтарына болбой өзүнүн эски эки бѳлмѳ үйүндө Жумабек атамдын(атамдын улуу агасы) үй-бүлөсү менен жашап өттү, кандай кана болбосун – өз үйуңө жетпейт деген ушу го.  

      Чон апам жөнүндө атамдын иниси - Карыбек Молдобаев байкемдин «Мезгил жана өзүм тууралуу ой жүгуртүүлөр» китебинде – «Балалык кез жөнүндө» жана «Менин тамырым – эненин жана табийгаттын гармониясында» аттуу бөлүктөрүнөн дагы башка кызыктуу маалымат алса болот.

      Чоң апам жөнүндө эскерүүнү жазганга жардам берген Калича эжеме, башкаларга: карындашым Дарияга (Токуш атамдын кызы), Малакеге (Асан инимдин уулу), Алтынайга (Малакенин келинчеги), Зина эжеме (Сатарова), күйө балам Салморбекке (Касымбек уулу), Орозобек байкеме (Түгөлбаев) чоң рахмат айтам.  

Капар уулу Үсөн

ЧОҢ АПА (версия на русском языке)[оңдоо | булагын оңдоо]

(Керим кызы Уулжан, 1890–1972)

У каждого человека в детстве рядом могут оказаться такие люди, которых он может обожать, боготворить и даже подражать им. С годами на место этих людей приходят другие, и это вполне закономерное явление жизни. Но среди них есть и такие, которые становятся настолько близки, что остаются раз и навсегда в твоей жизни. Моя Чоң апа тоже стала для меня таким родным человеком и осталась в моем сердце навечно. А началось это в далеком детстве, зимой, когда я болел и лежал в постели. Тогда Чоң апа с родичами приехала к нам то ли просто увидеться, то ли навестить меня. Она привезла мне рыбу. Видимо из-за того, что я, как и все больные, ничего не хотел есть, отец, желая вызвать мой аппетит, сказал мне, что, мол, Чоң апа специально поймала рыбу в холодной реке, чтобы я съел и быстрее выздоровел, и эти слова отца крепко засели в моей памяти. Представьте себе, как кто-то зимой в студеной реке, по колено в воде, для тебя ловит рыбу. В моем детском сознании это представлялось какой-то сказкой. Понятно, что после этого моя Чоң апа стала в высшей степени любимой и дорогой. Однако это было только начало. Каждый раз, все ближе узнавая ее, моя вера в нее и восхищение ею возрастало таким образом, что я стал просто боготворить ее.       Моя Чоң апа всю свою жизнь прожила в труде. Даже на старости, вместо того,, чтобы спокойно жить в доме своих взрослых детей, окруженная почетом и вниманием, она постоянно была занята делом, заботами. Когда она приезжала к нам, вместо того, чтобы вести себя, как положено гостье, она брала в руки веник и подметала двор, бралась за другую посильную работу в доме, была неутомима. Вспоминая эти картины, чувствую свою вину из-за того, что, несмотря на просьбы Чоң апа подмести двор, бывало я не слушал ее и попросту сбегал из дому, отлынивая от домашней работы. А Чоң апа, утолив жажду по общению с сыном и внуками, закончив дела, спешила назад, к себе домой. Тогда я обижался, не понимал, думая о том, что, интересно, она потеряла там, в каком-то старом аильском доме, что хочет так быстро уехать.

        Судя по словам Каличи-эже (младшая сестра отца), Чоң апа была мастерицей по рукоделию и всю жизнь занималась изготовлением войлочных ковров – шырдаков и ала-кийизов, кёлдёлёнов – подстилок из овечьих шкур. Поэтому благодаря ее хозяйственности  и неутомимому характеру семья жила в достатке. Однако она была не только мастерицей в этом деле, но и отличным организатором – она собирала женщин и молодух, когда требовалась помощь, и они вместе занимались рукоделием. Поскольку она пользовалась их уважением и доверием, то зачастую к ней обращались и за советами. И не только женщины, все в округе приходили советоваться к ней по различным вопросам. Оказывается, и даже самый уважаемый и почитаемый человек в той местности, председатель аилсовета, ее младший брат, мой дед Кыдыралы обращался к ней по важным вопросам, чтобы получить совет. В свою очередь она никогда не принимала решений по вопросам, затрагивающим или связанным с Кыдыралы ата, и просила дождаться его, чтобы решить их вместе с ним.

От природы или от воспитания моя Чоң апа была ответственной и решительной, уверенной в себе, думаю, она этим отличалась от других женщин того времени. По словам родственников, ее сватали за другого, но она сбежала со своим возлюбленным джигитом, нашим дедом Молдобаем (1891-1939) в Суусамыр, где жили замужние сестры деда, и остались там жить. По мнению родичей, дед был спокойным, рассудительным, набожным человеком. Об этом свидетельствует следующий случай, произошедший спустя годы в Суусамыре. После смерти матери Чоң апа, к молодым отправился Кыдыралы, ее брат. Поскольку расстояние было большим, весть о смерти матери до Чоң апа не дошла. После того, как Кыдыралы вошел к ним в дом и поздоровался, Чоң апа спросила у брата, все ли в порядке дома и заметила, что тот надел брюки с разошедшимся швом и пожурила его, мол, мама не отпустила бы тебя в таком виде, на что тот ответил тем, что их мать умерла. Кроме того, брат сказал сестре, что отец (Керим, ему было около 80 лет) больше не собирается жениться и хочет что только она, Уулжан присматривала за ним. После этого бабушка, уговорив деда, что без нее отцу и братьям будет тяжело (обратите внимание, что дед был понятлив!), посадив своего первенца Токуша на коня (наверное, он был еще маленьким) они двинулись в Мантыш. Таким образом, Мантыш стал нашей малой родиной, где родился наш отец. Наша Чоң апа до того времени, как стали большими ее братья и умер их отец, жила на два дома, вела в них хозяйство. Она родила 10 детей, из которых пятеро умерли в раннем возрасте (сказалось отсутствие в то время медицины). Вероятно, что в том, что позже ее братья и сыновья стали достойными, заслуженными гражданами Кыргызстана, ее заслуга неоценима. По рассказам женщин, когда ее младший сын, Карыбек-байке, учился в аспирантуре в Москве, во время его нечастых приездов на каникулы она просила молодух приготовить тонкое тесто и готовила жупка (кушанье из слоеных лепешек), которые Кары-байке забирал с собою в Москву. Она всегда следила за своим внешним видом, любила одеться в обновки и показаться на людях, рассказывая, что это привезли братья и сыновья из Москвы или из других недосягаемых для многих сельчан мест.

После женитьбы Кыдыралы-ата на второй жене – Жийдебюбю-апа у них долгое время не было детей. Поэтому Чоң апа отдала им своего третьего сына на усыновление, это был наш отец, которому было где-то 5-6 лет. По древним представлениям кыргызов, такой обычай способствовал продолжению рода. И действительно, позже у Кыдыралы-ата и Жийдебюбю-апа родились сыновья – Дербиш и Калыгул. А мы, приняв имя Кыдыралы-ата, стали Кыдыралиевыми.

У Чоң апа и Чоң ата долгое время не было своего собственного дома, им приходилось жить то там, то здесь. После смерти мужа, Чоң апа, решив, что без своего дома жизнь в дальнейшем невозможна, посоветовалась с детьми и построила дом с помощью Кыдыралы-ата, других братьев, Токуша ата (к тому времени он работал служащим). После этого Чоң апа зажила с детьми в этом двухкомнатном доме, впоследствии всякий раз отказываясь от предложений сыновей переехать к ним во Фрунзе или в Кочкор, и жила она в своем доме потом с семьей Жумабека ата, старшего брата отца, до самой смерти – вот что значит, оказывается собственный дом.

О Чоң апа можно получить интересные сведения и из другого источника – глав «Детство» и «Мои корни – в гармонии матери и природы» книги младшего брата отца, Карыбека Молдобаева «Размышления о времени и о себе». Выражаю огромную благодарность Дарие (дочери Токуша ата) за помощь в переводе текста на русский язык.     

Капар уулу Үсөн

Согуштагы каатчылык[оңдоо | булагын оңдоо]

Бул эскерууну менин суранычым боюнча Алма эжем жазып берген. Атабыз өлгөндө кошкон кошогун дагы тиркеп коюптур.

Алма эже(1925 - 2006) Кыдыралы атамдын иниси – Жумалы атамдын кызы. Өмүр бою биздин айылда мугалим болуп иштеди. Өзү жазгандай согуш башталганда көп мугалимдерди солдатка алып кетип, 15 жашында мугалим болуп сабак бере баштаптыр. 31 жашында жолдошунан айрылып 4 баласын өзу багып чоңойтту. Айылдын белгилүү кошокчусу болчу. Болгонду болгондой айтып, ушак, кур сөздөн алыс болуп чындыкты даназалап жүргөн киши катарындда айылдыктардын кадырлуу кишиси эле. Жумалы атабыз Кыргызстандын ичинен чыккан биринчи Социалистик эмгектин батырларын(Советтер Союзундагы эң жогорку сыйлык) катарындда болсо дагы, эмнегедир көп жыл бою ага арналган бир да эстелик белги жок экен. Алма эжебиз болгон аракетин кылып, Мантыштын борбор көчөсүнө Жумалы атабыздын атын койгонго жетишти.

     Согуштагы каатчылык

       Капардын 5-класста окуп жүргөн кези. 1941-жылы июнь айынын 20- сында биздин Кызыл-Дөбө орто мектеби Кочкорго ыр, комуз боюнча өткөрүлө турган райондук кароого бармак болуп, кыздар балдар комуз үйрөнүп(комузду Кара-Мойноктук фамилиясы эсимде жок Сүйүналы агай, ырды Бейшеев Адамалы агай үйрөткөн) Кызыл-Дөбөдөн Кочкорго 8 эркек, 8 кыз болуп ат араба менен жөнөп калдык. Жолго бир конуп Кочкорго жеттик. Кароонун жыйынтыгында Көк-Жар орто мектеби биринчиликти алды.Жетекчиси Бейшеев Адамалы агайдын атасы экен. Биз экинчи орунду ээледик. Эки конуп калдык, сүрөтко түштүк.

      Эртең менен кетели деп атсак эле радиодон “Немецтик-фашистилик баскынчылар келишимди бузуп, СССРге кол салды, согуш башталды” - деп атат дешти. Эсибиз чыгып, ыйлап-сыктап айылга жөнөдүк. Ыр, комуз менен шайдоот келген жаныбыз жүрөктүн үшүн алган суук кабардан шаабайыбыз сууп, жолго бир конуп үйгө араң жеттик. Эр-бүлөөнү согушка ала баштады. Күнүгө ый, ызы-чуу, араба менен алып кетет. Капар ошондо 12 жаштагы бала мен 15 жаштагы кыз элем.

      Согуш чыкканда “Мантыш” өзүнчө колхоз болчу. Мугалимдерден Бейшеев Адамалы агай баш болуп көп агайлар согушка кетип калды. Мен мугалим болуп иштеп калдым. Элдин турмушу аябай начар эле. Кыштак деле жакшы боло элек, жалпак бос тамдар болчу, электрдин дайны жок, чырак бир 2-3 үйдө бар болчу. Элдин баары шайтан чырак менен отурчу. Нан деген жокко эсе болчу. Кампадан ченеп кичинеден берчи эгинди. Тукум сепкенде же орок оргондо баштыкка ушалап уурдап алып келчи. Отун деген такыр жок болчу. Чий, куурай орчу, тезек терчи, мая шыпырчу. Эгинди сугарганда жылаңайлак сугарчы, кирпич куйганда дагы ылайды жылаңайлак тепсеп ийлеп анан куйчу. Жерди соко менен айдачу. Бир киши кечке соко кармайт, бирөө атты же өгүздү(уйду) кечке “чу эле чу” же “өш эле өш”деп жүрчү. Тукумду жерге сепкенде бир киши атка минип, капка арпаны салып аны ээрге өңөрүп кечке кол менен сепчү. Андан кийин мала менен дагы бир киши атты минип алып кечке тырмоону тартчу. Эгинди үч жолу сугарып, анан бышканда орок менен оруп бүткөндөн кийин боолук жасап боолап чийнеге жүктөп кырманга жеткирчи. Анан кырманга ал бооланган эгинди тегерек кылып чачып аны мала таш менен атка сүйрөтүп бир бала минип алып кечке ошол арпа самандан ажыраганча кырманды тегерене берчи. Арпа кабыгынан ажырап болгондо саманды бир бөлок арпаны бир бөлөк алып аны төрт киши эртең мененки шамалга салып күрөк менен сапырып кызылан төпөнүн бөлүп алчу. Кырманда иштегендер кырманга жатчу. Эгин сапырылып бүткөндөн кийин аны капка салып атка уйга жүктөп “Согушка” деп Кочкорго жеткирип турчу. Мугалимдер түшкө чейин балдарды окутуп, түштөн кийин  талаага  эмес, күүгүмгө чейин иштешчү. Капар дагы ошол кезде уюштургуч, тамашакөй, чыйрак,тыкан бала болчу. Балдарды ылдам иштейли, ылдам терели деп турчу. Орок оргондо да балдар менен мелдешип бат-бат орушчу. Балдардын деле дени өлүп калса керек айтканды эле аткарып турар эле. Сабактыда жакшы окушчу. Машакты тердиргенде күнүго кырманга кап, кап кылып өткорүп берип турчубуз. Балдардын ичкени тарткан айран, нан деген жок. Дүмбүл салып жейли десе активдер кармап алып койчу, тартип шумдук катуу болчу. Күнүгө согуш кайсы жерде болуп атканын элге, балдарга айтып окуп берип турчубуз.

     Энелер да, аталар да кечке эгин орчу. Талаага боз үй тигип тамакты ошол үйгө жасатып берип турчу. Чөптү дагы талаага жаткырып чалгы менен чаптырчу. Энелери кечке эгин оруп, кечинде бир табак арпаны уурдап келип мыяны кошо көтөрө келип арпаны кууруп жаргылчакка тартып кара жарма жасап берип балдарын жаткырар эле. Жармасы жоктор тамагы бар үйдөн аңдып ичишет. Активдерге мээлей, байпак түйдүйргүлө дейт. Биз аялдар кечке иштеп түн ортосуна чейин күнүго жүн тытып, жип ийрип байпак, мээлей түйөбүз. Аны солдатка деп жөнотүп турчу. Согуштагы иштеген аксакалдар, аялдар, балдарды ойлосом азыр дагы ыйлагым келет.   Жаманчылык башка түшкөндө кишинин дени өлүп калат турбайбы.

      Мындай эле эл тартиптүү болуп иштеп калганы жетекчиден болот  турбайбы. Мантышта Капардын атасы Кыдыралы деген аксакал элди баккан экенда, малдууу оокаттуу акылдуу киши экенда. Жаш кезинде Айтууда(ошол аймактын байы) малай болуп жүрүп далайды көрүп элди бүт кыймылдатбай иштеткен ошол киши экен. Бир дагы киши тилин албай койчу эмес. Учка боз үй тиктирип тамак жасаткан. Ошол жерге жаткырып иштеткен. Үч-Эмчекке боз үй тиктирип, ошол жерге кондуруп иштетип чөп чаптырган. Бүткөндө үйүнө жиберген. Кампаны кайтартып койгон, тукумдан артканын улам үйлөрдү кыдырып уну талканы калбай калганда ченеп берип турган.

     Ошентип согушта Капар эгин оруп машак терип жүрдү. Кызыл-Дөбө мектеби согуш жылдарында 9-класска чейин болчу. Анан шаарга барып 10-классты бүтүп институтка өтүп окуп кетти.    

Капарга кошулган кошок[оңдоо | булагын оңдоо]

Сөздүн башы бисмилда

Бизмилда бүтпөйт миң жылда

Ажырабайбыз дечи элек

Бир боорум ажырап калдык биз мында

Асмандан булут сөгүлүп

Айдын көзү көрүнүп

Айдай болгон бир боорум

Ага-ини журттан бөлүнүп

Көктөн бир булут сөгүлүп

Күндүн көзү көрүнүп

Күлмүңдөгөн бир боорум

Күрдөлдүү журттан бөлүнүп

Төртөө бир эле жылдыздын

Бир боорум төрөсү эле кыргыздын

Төртөө бир учту жылдыздын

Төрөсү кетти кыргыздын

Алтоо бир эле жылдыздын

Ардагы эле кыргыздын

Алтоо бир учту жылдыздын

Ардагы кетти кыргыздын

Туура сынган кайыңды

Тулпарлар аттап өтө албайт

Туйгун жаны өткөн соң

Тууганы ыйлап жете албайт

Каршы бир жаткан кайыңды

Кай берен аттап өтө албайт

Кайран жаны өткөнсоң

Балдары ыйлап жете албайт

Ардактуу элде жүргөндө

Аргымак минген кашкадан

Алтындай жаны өткөндө

Айттырат тура жакшы адам 

Күрдөлдүү элде жүргөндө

Күлүктү минген кашкадан

Күлгүндөй жаны өткөндө

Куйгүзөт тура жакшы адам

Сапарга кеттин аттанып      

Шашпай бир туура жолго сал

Кызматы менен көрүнүп

Калкына болгон кадырман

Толукшуп жайнап гүл чыккан

Токтолуп кеткен жерине

Каркылдап топто сайраса

Калк кубанган кебине

Кылымдар бою боорумдум

Кызматы турат көңүлдө

Айласын тапсак боорумду

Бербейт элек өлүмгө

Өлүмдү эске албастан

Өмүрүн өтөт байкалбай

Капыстан ажал келгенде

Кара жер сорот кайтарбай

Асмандап учкан ылачын

Ылачын жайат кулачын

Ардактап баккан балдардын

Бир боорум көрбөй калды ыраатын 

Көкөлөп учкан ылачын

Ылачын жайат кулачын

Көтөруп баккан балдардын

Бир боорум көрбөй калды ыратын                              

Ааламдан алган чен калды

Алты уруу тууган эл калды

Алты кат жердин түбүндө

Бир боорум сендей эр калды

Кылымдан алган чен калды

Кырк уруу тууган эл калды

Кырк кабат жердин алдында

Бир боорум сендей эр калды

Күн тийбес тоонун алдында

Күйөрүм боорум калдыңда

Ай тийбес тоонун алдында

Айдай бир боорум калдыңда

Салтанатың калын эл

Баарысы уксун кеп кылып

Баарысы колдон келген кез

Бир боорума салтанатты көп кылып.

Берекелүү тең талаа

Бетегеси коштошту

Кызматыңды иштөөгө

Калдайган элин топтошту

Эл турмушун ойлонуп

Эрикпестен кам кылган

Кесепеттү шум өлүм

Кен дүйнөнү тар кылган

Асмандан балкып күн тийсе

Шооласы жерге төгүлөт

Алмадай болгон кайран баш

Ага-иниден бөлүнөт

Бир боорума иштесек

Ар сапаттар табылат

Эстелик болуп артына

Ак сарай күмбөз салынат

(1990-ж.,12февраль)

PS.Кошок турмуштук каада-салт ырларына жатат. Кошок оор жоготууга учураганда айтылат экен. Илгери бир жыл кара кийип эртен менен кечиндде эки мал ыйлачу. Бир жылдан кийин ашын берип анан көчөгө чыкчу.

Үсөн зайбы Гүлмира, уулу керим менен

Коомдук ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Ал тууралуу ар кыл баалар[оңдоо | булагын оңдоо]

Капар агайга

 
Мыктысы кыргыз элинин,
Гүлү эле кутман жеринин.
Билимге жалаң арнаган,
Бут бойдон талант өмүрүн.
Сүйлөсө сөзгө сөздү кынай билген,
Жарашып кийимди да кие билген.
Акылдуу жана дагы мээримдүү эле,
Балдарын медер тутуп сыйлай билген.
Улантып калган өмүрүн,
Балдары гүлүн ачкан кез.
Талыкпас эмгек жаратып,
Бактысын иштен тапкан кез.

Капар Кыдыралиев атындагы мектептин мугалими Бүбүалима Сабырова

Кыдыралиев Капардын жакындары

Ал тууралуу китептер жана макалалар[оңдоо | булагын оңдоо]



  • ISBN