Капитан-лейтенант
Капитан-лейтенант – көпчүлүк өлкөлөрдүн аскер-деңиз флотундагы кенже офицердик наам. Орус флотунда Капитан-лейтенант наамы 1713–1884 жана 1909–11-жылдары болгон. СССР Аскер деңиз флотунда 1935-жылы киргизилген аскердик башка наамдар менен бирге Капитан-лейтенант наамы болгон.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9