Капитан Америка: Алгачкы өч алгыч

Википедия дан

"Капитан Америка: Алгачкы өч алгыч" (англ. Captain America: The First Avenger, орус. Первый мститель) — 2011-жылы экрандаштырылган Американын суперкаармандык тасмасы. Marvel комикстериндеги Капитан Америка каарманына негизделип тартылган. Продюсери Marvel Studios, жайылткан Paramount Pictures.[a] Бул Marvel киноааламындагы бешинчи тасма болуп саналат. Режиссеру Жо Жонстон, сценарийин жазгандар Кристофер Маркус менен Стивен Макфили. Тартылгандар Крис Эванс, Томми Ли Жонс, Хуго Уивиң, Хейли Этвелл, Себастиан Стэн, Доминик Купер, Нил Макдонаф, Дерек Лук жана Стэнли Туччи. Экинчи дүйнөлүк согуш учурун чагылдырган тасмада бруклиндик оорукчан киши Стив Рожерстин окуясы баяндалат. Ал Капитан Америка аттуу супер аскерге айланып калып, дүйнөнү башкарып алыш үчүн "Тессеракт" затын энергиянын булагы катары пайдаланууну көздөгөн Кызыл баш сөөктү токтотуп калышы керек болот.

"Капитан Америка: Алгачкы өч алгыч" тасмасынын концепциясын иштеп чыгуу 1997-жылы башталып, Artisan Entertainment компаниясы тарабынан жайылтылат деп пландалган. Бирок 2003-жылдын сентябрь айына чейин чечилбей келген соттук териштирүүлөр долбоорго тоскоолдук жараткан. Marvel Studios компаниясы Merrill Lynch уюмунан карыз алып, тасманы каржылап, Paramount Pictures аркылуу жайылтууну пландаган. Жонстон 2008-жылы келгенге чейин режиссерлор Жон Фавро менен Луи Летере долбоорго режиссерлук кылууга кызыгуусун билдиришкен. Кастинг 2010-жылдын март айынан июнь айына чейин болгон. "Капитан Америка: Алгачкы өч алгычты" тартуу иштери 2010-жылдын июнь айында башталган. Тасма Бириккен Королдуктун Лондон, Манчестер, Кервент жана Ливерпул жергелеринде жана АКШнын Лос Анжелес шаарында тартылган. Тасма 3D форматына өндүрүштөн кийин которулган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]