Капитан Кореллинин мандолинасы

Википедия дан

"Капитан Кореллинин мандолинасы" (брит. англ. Captain Corelli's Mandolin, амер. англ. Corelli's Mandolin) - британиялык жазуучу Луи де Берньердин 1994-жылы жазылган романы. Чыгарманын окуясы Экинчи дүйнөлүк согушунда, Италия жана Германиянын басып алуулары учурунда, Кефалиния грек аралында орун алат.

Романдын башкы каармандары: италиялык армиянын капитаны Антонио Корелли жана Ианнис доктурдун кызы Пелагия. Романдын эң маанилүү окуясы болуп, 1943-жылдын сентябрында орун алган италиялык асердик топторунун кыргыны саналат. Анда тогуз күн бою, ок-дарылары жок калганга чейин, немистерге каршы күрөшкөн Акви дивизиясынын каршылашуусу сүрөттөлөт. Согушта 1500 италиялык аскер өлүмгө дуушар болот, капитуляциядан кийин 5000 аскер кырылат, калгандары Германияга бара жаткан кемеге жарылма снаряд түшүрүлүп, алардын ичинен 3000 аскер сууга чөгүп каза табат.

2003-жылы, роман Би-би-си каналынын сурамжылоосунун The Big Read тизмесинде 19-орунду ээлейт.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]