Карабаев Таалайбек Көчкөнбай уулу
Карабаев Таалайбек Көчкөнбай уулу - Зергер жана жыгаччы.
1963-ж. Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында төрөлгөн. Бишкектеги көркөм кол өнөрчүлүк кесипчилик-техникалык окуу жайынын зер нускаларды жасоонун ыхмалары боюнча бөлүмүн бүтүргөн. 1991-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Ал көбүнчө түстүү металлдардан жасалга буюмдарын кармоодо чапкылоо (чегүү) ыкмасын пайдаланат. Ага стилдештирип элдик оюм түшүрөт. Өзүнө гана таандык чапкылары бар. Күмүш буюмдары: сөйкө, билерик, шакек, төөнөгүч өңдүүлөрдү бензинди күйгүзүү аркылуу азот кислотасын күкүрт кошунду ак хлордун аралашмасы менен 1603°та кармап, бурага аралашмаларын чайкап алат. Уста жыгач үлгүлөрүнүн ичинен бешикти арбын кармап, сатууга чыгарат. Сентябрь - октябрь айларында жердигин тилип, мешке кургатып, сүрөт.
Үч бөлүктөн (эки башы, тулкусу) турган буюмду ун желими (бат) менен бириктирип, кызгылт боёк менен сүрткөндө жыгач эң эски үлгүлөрдүн элесин жагымдуу тартуулайт. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы».
Зер нускалары үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы; 1987-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык көргөзмөсү». Жыгач үлгүлөрү үчүн «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Ардак грамотасы; 1991-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү».
Бешиги жана зер жасалгалары экспонатталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0