Карабай сурьма кенчеси
Көрүнүш
Карабай сурьма кенчеси Баткен облусунун Кадамжай районунда, Карабий кырка тоосунун түндүк капталында, Кадамжай руднигинен 8 км чыгышта жана Каражантак кыштагынан 7 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 1200–1500 м бийиктикте. 1961–92-ж. мезгил-мезгили менен издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы силур жана карбон мезгилдеринин карбонат-терриген комплекстеринен түзүлгөн. Рудалануу гидротермдин таасирине дуушарланган жана брекчияланган, кеңдик багытта созулуп жаткан роговик-жаспериод зонасына топтолгон. Негизги руда минералдары: антимонит, валентинит. Сурьманын орточо өлчөмү 2,38%. Руданын болжол ресурсу 29,9 миң т; сурьманыкы 711 т.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7