Карабалта, суу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Карабалта, суу Көлбашы – Жайыл районундагы суу, Ак-Суунун (Чүйдүн алабы) сол куймасы. Узундугу 133 км, алабынын аянты 577 км2. Кыргыз Ала тоосунун түндүк капталынан башталат. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2910 м. Өрөөнүнүн таманы кууш, жогорку бөлүгү туюк төрлөр менен бүтөт. Алабында жалпы аянты 8 км2 болгон майда мөңгүлөр, 2,22 км2 болгон майда көлдөрбар. Кнын жалпыуз. 268 км келген 84 куймасыбар; негизгилери: Чоңмазар (12 км), Абла (11 км), Туюк (16 км). Орточо чыгымы 5,25 м3/сек. Майдансентябрдын ортосуна чейин кирип, сентябрь – апрель айларында тартылат. Июнь-июль айларында суусу мол болуп, ортчо чыгымы 14 м3/сек, айрым жылдары 21–22 м3/секга жетет; февраль–март айларында тартылат: 1,60 м/сек. Байкалган эң көп чыгымы 71 м3/сек, эң азы 0,65 м3/сек. Жылына орто эсеп менен 23 сутка суунун бетин муз каптап жатат. Шыргалаң ноябрдын аягында башталып, марттын ортосунда токтойт Январь – февраль айларында суунун темпетурасы 1°С, июль–августта 11,2°С, айрым күндөрү 17,0°Сге чейин жогорулайт. Суусунда тоо жилиңгири, маринка балыктары бар. Сугатка пайдаланылт. Кыргызстандан 20 м3/сек суу өткөрүүчү Таш, ГЭС, Чоң Жетиген каналдары чыгарылган. Төмөнкү агымында Карабалта суу сактагычы курулган. Өрөөнүндө Карабалташ, Моңолдор, Сарыбулак, Сосновка, Ставрополовка, Степной кыштагы жайгашкан.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]