Карабаш флюорит кени

Википедия дан

Карабаш флюорит кени - Токтогул районунда; Үчтерек кыштагынан 25 км чыгыш тарапта, Карабаш тоосунда, деңиз деңгээлинен 1800 м бийиктикте жайгашкан.

  • Магнетиттүү, гранаттуу жана гранат-пироксендүү курамында скарндарда флюориттин 2 генерациясы бөлүнгөн.
  • Флюориттин 2-генерациясын оптикалык сырьё катары пайдаланууга болот; ал сульфид, тарамдуу кварц жана барит менен кошо кристаллдашат.
  • Бул флюорит эң ири түссүз кристаллдарды жана жашылыраак, көгүлтүр, көгүш ачык түстөрдү пайда кылат (өлчөмү 0,5-2 см).
  • Түссүз оптикалык флюорит кендүү тарамдардын зальбанддарында (тарамдарды курчап, тектерден бөлүп турган чек) топтолгон. Запасы эсептелине элек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5