Карабекова Жамиля Үсөнгазиевна
Карабекова Жамиля Үсөнгазиевна (4. 12. 1951-жылы туулган, Ысык-Көл району, Бостери айылы) – биология илимдеринин доктору (2010). В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кызкелиндер педагогикалык интун бүтүргөн (1973). 1973жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Биология жана топурак таануу институтунда ага лаборант, кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер, ага илимий кызматкер, 2003-жылдан Омурткасыз жаныбарлардын зоологиясы лабораториясын жетектейт. Кыргыз-Түрк Манас университетинин доценти (2010). 1979–80-жылдары СССР Илимдер Академиясынын Ленинграддагы Зоология институтунда, 1983–85-жылдары СССР Илимдер Академиясынын Москвадагы Гельминтология институтунда балыктардын мителери боюнча илимий изилдөө жүргүзгөн. Кыргызстан жана Орто Азиянын жаныбарлар дүйнөсүн изилдөөдө белгилүү салым кошкон. Моногенеялар классы боюнча Орто Азиядагы жалгыз адис. «Кыргызстандын генетикалык фондунун кадастрынын» жана «Биология энцклопедиясынын» түзүүчүсү жана жооптуу катчысы. 50дөн ашык илимий иштери, анын ичинде 2 монографиясы жарык көргөн. Эмгектери: Моногенеи рыб Казакстана и Средней Азии. А.-А., 2001; Моногенеи естественных водоемов Средней Азии. Б., 2009.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9