Карагай көпөлөгү

Википедия дан

Карагай көпөлөгү (лат. Panolis flammea) — көпөлөктөр тукумундагы карагай зыянкечи. Канатын жазганда узундугу 30—40 мм ге жетет. Алдыңкы канаты тууралжын жиктүү, түсү бозомук - күрөң, чети ак, арткысы боз.
Куртунун узундугу 40 мм, жонунда узата беш ак жиги бар, боору саргыч жиктүү.
Ар бир жалбырактын төмөнкү бетине 300—400 сирке таштайт. Курту жалбырак, бүчүр жана жаш бутакчаны жейт.
Күрөш чарасы: аралаш токой өстүрүү, кумурска көбөйтүү, топуракты жумшартуу, авиациянын жардамы менен инсектицидтерди чачуу.

Карагайлуу жердин бардыгына таралган. Көбүнчө Чыгыш Европада жана Батыш Сибирде кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз совет энциклопедиясы, 3 том. Башкы редактору Б.Ө.Орузбаева. Фрунзе —1978.