Карадөө

Википедия дан

Карадөө —"Сейтектеги" көрүнүктүү каармандардын бири,Кутубийдинбаласы. Атасы Кутубий Манаска кандай ак кызмат өтөсө, баласы К. да Манастын урпактарына ошондой эле адал кызмат кылат. Айчүрөктү олжолоп алганда Кыяс чоң той берип, ошол тойдо "Атасы шайдоот кыраакы, Артык балбан мураапы" (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 958-инв., 1099-б.) К. "эгер жеңсемАйчүрөк жеңем эркек төрөп, душмандан өч алабыз, жеңилсем кыз төрөгөнү, анда тирүү жүрбөй өлгөнүм оң", — деп төлгө кылып эр сайышка түшөт. Ошондон баштап К. Сейтектин чоңоюшун тилеп, эл керегине жарай турган күнгө күтүнүп жүрөт. Барбаган жери калбай жер кезип жүрүп дарыгер Момунжанды таап келип, Күлчоронун айыгышына да К. себепчи болот. Кайып болуп кеткен Семетейдин элге кайрылып келишинде да К. көп күч жумшайт. Кыяс өлгөндөн кийин жедигерге кан болуп калган К. коркунучтуу жоонун алдынан тосо чыгып, Желмогуз уулу Сарыбай менен кармашта курман болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4