Карадөө Тайбуурул минген Семетейди көрүшү.

Википедия дан

Карадөө Тайбуурул минген Семетейди көрүшү. Карадөө көбүнчө жер чалып, эл кыдырып жүргөн баатыр. Ошентип жүрүп бир күнү Нарбуурулду (Тайбуурулду ) минип бастырып жүргөн Семетейди көрүп калат. Дайынсыз жоголгон Семетей Акшумкарын кондуруп, Актайганын ээрчитип, Аккелтесин айдалыга асынып, кадимкисиндей сын-сыпатта кезигет, бирок ал эч кимди көрбөйт, эч нерсени укпайт, башкача айтканда «кайып түрлүү» абалда. Карадөө канчалык кыйкырса да Семетейден жооп жок. Эптеп элге алып кетүүгө аракеттенсе, Семетей Кайыпчынын кара үңкүрүнө кирип, чыкпайт. Карадөө капаланып, кара үңкүр менен «ташыңды талкан кылбасам» деп урушуп алалбай, элге барып кабарлайт. Кармап алып келүүгө Күлчоро гана жарайт дейт. Күлчоро Кылкүрөңдү токунуп, жай-жарагын алып, Карадөөнү ээрчитип Кайыпчынын кара үңкүргө келип карап турушса, атын алчактата бастырып, Семетей баягы үңкүрдү карай жөнөйт. Күлчоро Семетейдин атын тизгиндеп, катуу-катуу кыйкырганда гана Семетей Күлчорону боолголойт. Семетейди алып кеткен каарман Көкмончок Айчүрөктүн сиңдиси же эжеси катары берилиши бардык вариантта салттык мааниге ээ. Саякбай Каралаевдин вариантында Айчүрөктүн сиңдиси катары жедигер менен согушта Тайбуурулдан ажырап жөө калган Семетейди жазгырып алып кетет. Көкмончок баштап сексен кыз кайыптан мынча зайыбым бар, эгер энемдин эмчегин ээмп уктасам көз-кулагым ачылат, ооруган жерим басылат. Сүт чыкса элге кошулганым, кан чыкса менден үмүтүңөрдү үзүп койгула дейт. Кара үңкүргө Бакай, Каныкей, Айчүрөктөр келип ыйлап-сыктап, Семетей Каныкейдин эмчегин соргондо сүт чыгат да умачтай көзү ачылып мурдагы калыбына келет. Бакай эбеп-себеп деген дарысынан берет. Дайынсыз кеткен Семетей элине кайтып Сейтек эл милдетин аркалаган кан болуп, Талас мурдагыдай гүлдөп бүрдөп, бейкуттук орнойт. Мамбет Чокмор уулунун вариантында да Айчүрөктүн Семетейди издегени, таап келип, Каныкейдин эмчегин эмизип калыбына келтириши тууралуу баяндалат. Бул вариант боюнча Семетейди Уркандын (Нуркен) кызы Көкмончок алып кеткен. Бирок башка айтуучулардан өзгөчөлөнүп Мамбет Чокмор уулу Семетейди Айчүрөк аккуу болуп кубулуп барып көп машакат менен араң алып келгендигине чейин кеңири сүрөттөйт. Семетейдин укпай, сүйлөбөй калышы Саякбай Каралаевдин вариантындагыдай эле болгону менен аны айыктырууда Манастын пирлери Каныкейге келип:

Эмчегиңди эмизгин,

Эмчегиңден сүт чыкса

Анан сүйлөйт — деп айтат. Ушундан кийин Айчүрөк Көкмончок алып кеткен Семетейге барыш үчүн кайып болуп кеткен Тайбуурулду издетет. Көрсө, аны да Көкмончок алып кетиптир. Семетей Тайбуурулду минип, колуна шумкарын кондуруп, Көкмончок менен Кара-Көлгө оюн куруп кетчү экен. Айчүрөк перинин кызы Чоң Сайкалды ала барып калыска түшүп, Семетейдин башын ачат. «Сейтектин» башка варианттарында учурабаган ушул Сайкал «Манас» бөлүгүндөгү балбан кыз Сайкалды эске салат. Анткени эки бөлүктө тең бул каармандын алптыгы, кайып тукумунан экендиги бирдей айтылат. Бул эпизодду айрыкча деталдаштыруу Мамбет Чокмор уулуна гана таандык. Анткени, башка варианттарда Семетейди элге кайтарууда Айчүрөктүн аракети жалпы гана берилчү. Ал эми Семетейди адам калыбына келтирүү машакаты болсо дагы эле касиеттүү эне сүтү менен байланыштырылат. Бирок өлүп тирилүү мотивине негизделген бул эпизоддо Семетей уктап жаткан болуп, Каныкейдин эмчегин үч имерип соргондо кадимкидей көзү ачылат. Семетей менен кошо Тайбуурул да калыбына келет. Мурдагы варианттардагы сыяктанып Семетейди Көкмончок алып кетпестен, аны Манастын кара үңкүрүндө уктап жаткан жеринен табышат. Каныкей, Айчүрөк, Күлчоро, Сейтектер келгенде Семетей козголуп, көзүн ачып, тигилерди көрөрү менен жок болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4