Каракалпак

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Каракалпакэтноним. "Манас" эпосунда эскерилген элдин аты ар кандай эпизоддордо кездешет. Мисалы, Чубактын Бакайга кайрылып сүйлөгөн сөзүндө мындай деп айтылат:

Ногойдон Манас, нойгут мен,

ОйлонгунБакай, муну сен!

Кара калпак, думара,

Карап турсаң буларга,

Атабыз бир экен деп,

Ар качандан бир качан

Катарыңдан калбастан

Бу да жүрөт убара (Курама варианты, 2. 240). Бул саптарга караганда К-тар кыргыздарга тууган эл. Ал эми тарыхый даректерде, кыргыздардын арасында айтылган санжыра боюнча К-тар Адигинеден тарайт. Кээ бир санжырада тескерисинче, К-тардан саяктын ичиндеги каба уруусу чыгат. С. М. Абрамзондун А. Чоробаевден жазып алган маалыматтары боюнча бир кездерде кыргыз жергесинде К-тардын жетекчиси (же уруу башчыларынын бири) Эшмат өлтүрүлгөн. Ушул окуядан кийин К. душмандашып кеткен. Ошондон улам кыргыздардын айрым бир бөлүктөрүндө мындай ылакап сөз калган: "Кара калпак Эшматтын кунундай болду".

Кыргыздар менен К-тардын туугандыгына далил болгон Түш. Кыргызстандан жазып алган санжыралар бар. Мисалы, ал санжыралардын биринде Адигине, Тагайдын түпкү аталарынын бири катары — Ак-Чолпон деген адамдын аты эскерилет. Ал эми К-тардын санжырасында да Есим кандын кызы Ак-Шолпан Муйтен уруусунун негиз салуучусу катары белгилүү.

"Манаста" К-тардын кыргыздарга жакындыгы бозек аттуу уруунун эскертилиши менен бышыкталып турат. Себеби, бозан, бозек формасында К-тардын санжырасында кездешет. Дегинкиси "Манас" эпосунда жана кыргыз санжырасында кезиккен учурлар менен Каракалпактардын санжырасына тиешелүү болгон кыпчак, коңурат, каңгы, катаган, курама, уйгур, түркмөн, мангыт, эштек (өстөк) аттуу уруулардын жалпылыгын белгилеп кетүү зарыл. Мындан тышкары эки элге жалпы болгон асан, байбиче, (каракалпакча — байбише), бакы, бешкемпир (бес кемпир), жаман, казак, калмак, кара курсак, кара моюн, кара тай, кызыл аяк, сарт, сары, сегизбек (сегизек), суу мурун, тогузак, тубай жана башкалар майда уруулардын аттары белгилүү.

Ошентип, "Манас" эпосу К-тар жөнүндөгү маалыматтарды тарыхый чындыктын негизинде чагылдырган. Бир кездерде К-тар менен бирге ак калпак кыргыз болуп жашаган. Бул мезгил "Алтын ордонун" убактысына туш келет. Эпостун Орто Азияда калыптанган мезгили болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]