Мазмунга өтүү

Каракол офикальцит кени

Википедия — ачык энциклопедия

Каракол офикальцит кени Акташ кени Талас районунда, Коммунизм кыштагынан 17 км чыгышта, Кыргыз Ала-Тоосунун бир тармагында, Каракол жана Кенташ сууларынын кошулган жеринде. Кен аймагында протерозойдун мрамор теги жана ордовик мезгилинин аягында жиреп чыккан гранит порфир интрузиясы жатат. Мрамор интрузия жак четинде метаморфизмдешип, кооз таштарга–офикальцитке жана серпентинитке айланган. Мындагы офикальцит кооздугу боюнча 3 түргө бөлүнөт: 1) бир кылка жашыл жана саргыч түстүү, ар кандай кооз чиймелүү мрамор. Ал кальцит бүртүкчүлөрүнөн түзүлүп, алардын арасында тегерек, сүйрү түспөлдөгү серпентинден турат. Пайдалуу катмардын 40%ин түзөт. Блоктуулугу 0,4х0,4х0,3 м. 2) Күрөң жашыл, жашыл сары, боз жана ак жука жол-жол темгилдерден түзүлгөн офикальцит. Пайдалуу катмардын 10%ин түзөт. Блоктуулугу 0,3х0,3х0,2 м. 3) Нык, кара жашыл түстөгү серпентин. Ал бардык жерде, бирок кичине (5 м2ге чейин) аянтта кездешет. Блоктун орточо өлчөмү 9 м3. Таштын бардык түрү күзгүдөй жакшы сайкалданат. Запасы 400 миң м3ден ашат. Майда кооз буюмдарды жасоого болот.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]