Каракол чопо кени
Көрүнүш
Каракол чопо кени Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Челпек кыштагынан 3 км түштүктө, Каракол суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1800–2000 м бийиктикте. 1987–91-ж. “Кыргызкурулушматериалдары" концернинин Тоо–геол. партиясы чалгындаган. Кен аянты төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон, калыңдыгы 1,7–20 м кумайлуу чопо катмары менен түзүлгөн. Кумайлуу чопо саргыч-боз түстө, жетишерлик тыгыз, гипстешкен. Кумайлуу чопо "100", "125" маркадагы кирпичти алууга жарамдуу. Запасы В категориясы боюнча 582 миң м3, С1–2107 миң м3, В+С1– 2689 миң м2, С2 – 5636 миң м2.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7