Каракол өрөөнү (Кыргыз Ала-Тоо)

Википедия дан

Каракол өрөөнүКыргыз Ала-Тоосу жана анын тармактары Орто-Тоо, Бакай-Таш, Кошой-Таш тоолорунун аралыгында, Талас районунун аймагында. Каракол суусунун агымы менен кеңдик багытында 99 кмге созулат. Туурасы 7 км. Өрөөн деңиз деңгээлинен 1600–3000 м бийиктикте жатат. Курчап жаткан тоолордун чокулары өрөөндүн таманынан 1300–1600 м көтөрүңкү жатат. Өрөөндүн башы кууш капчыгай, Орто-Тоо менен Бакай-Таштын аралыгында 10–12 кмге кеңийт, андан ары батышка карай бир аз кууштап, аяк жагында кайра кеңейип, Талас өрөөнүнө чыгат. Өрөөндүн таманы төртүнчүлүк мезгилдин кум, шагыл, чопо шилендилеринен, тоо капталдары ортоңку палеозойдун андезиттүү жана базальттуу порфирит, туф жана башка тектеринен турат. Климаты мелүүн континенттик; июлдун Орточо температурасы 13–14°С январдыкы –1... –8°С, жылдык жаан-чачыны 300–450 мм. Өрөөндүн таманына талаа жана шалбаалуу талаа, жайылмаларда шалбаалуу токой, тоо капталдарына талаа (2700 мге чейин), шалбаалуу талаа жана шалбаалуу токой (2700–3000 м), субальп жа альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3500 мге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт зоналары мүнөздүү. Жайыт, чабынды, батышы айдоо катары пайдаланылат. Өрөөндө Талас районунун Көпүрө-Базар, Арал, Үч-Эмчек кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]