Каракужур тоосу

Википедия дан
Каракужур Тоосу‎»‎ барагынан багытталды)

Каракужур тоосуТескей Ала-Тоонун түштүк-батыш тармагы. Белче жана Үкөк сууларынын (Каракужурдун оң куймалары) ортосунда дого сымал 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Орточо бийиктиги 3800 м, эң бийик жери 4211 м (Корго чокусу). Тоонун кыры тик, аскалуу, түндүк-чыгышы мөңгүлүү. түштүк капталы Каракужур өрөөнүнө карай жантайыңкы жана батыш капталдары кыска, Белче суусуна тик түшөт.

Жарым чөл жана кургак талаа (2500 мге чейин), бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2500–3000 м), субальп жана альп шалбаалуу талаа (3000–3500 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]